Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

17:42 26.11.2022

17:40 26.11.2022

17:34 26.11.2022

Президент Садыр Жапаров элдик курултайда делегаттар айткан маселелерге жооп берип жатып, Нарынга логистикалык борбор куруу маселесине токтолду. Ал бир жылдан ашык убактан бери аны салууга инвестор чыкпай жатканын маалымдады.

"Былтыр Ат-Башыга барып, эл менен жолуктум. Мен камакта жатканда бул жерге логистикалык борбор салалы десе эл ызылдап, салдырбай койгон эле. Мен кийин изилдесем, ал 100% пайдасы бизге тийген борбор экен. Ошол жерден жадагалса электромобилдерди чыгармак экенбиз. Элге түшүндүргөндөн кийин "болду, салдыр, инвестор алып кел" дешти. Бүгүнкү күнгө чейин инвестор келбей койду, "Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот" болдук . "Алар "элиңер иштетпейт экен, кийин банкрот болуп калам" деп келишпейт экен. Муну ошол убактагы бийлик элге туура түшүндүрүп жеткире алган эмес",-деди президент.

15:31 26.11.2022

Курултайда Нарын облусунан дайындалган баяндамачы Марат Тагаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке сын айткан айрым жаштар камалып жатканына көңүл бурду.

"Жаштар арасында бийликке сын айтып, камалып жаткандар дагы бар. Урматтуу президент, алардын жүрөгүндөгү отуy өчүрбөй, акыныбыз Аалы Туткучов айткандай айкөлдүк кылат деп ойлойбуз. Биринчи элдик курултай деп айтканга негиз бардыр, бирок аны чыныгы элдикке айлантуу ар бирибизден көз каранды".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG