Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

17:25 25.11.2022

17:18 25.11.2022

16:04 25.11.2022

Медеткан Шеримкулов: Бүгүнкү айтылган сөздөр ушул жерде калбасын. Отуз жыл ичинде ал болду, бул болду деп кайталай берүүнүн кажети жок. Анын баары чындык. Ошол отуз жыл ичинде болгон окуялардын жакшыларын сактап калалы, жамандарынан, кемчилдиктеринен сабак алып, кайра кайталабаганга аракет кылалы. Мени туура түшүнгүлө, мамлекет кургандан берки кыйналып-кысталганыбыз элдин күнөөсү эмес, ал биздин, жетекчилердин күнөөсү. Өкмөттөрдүн, президенттердин күнөөсү. Кыргыз элинен айлансак болот. Ушул мамлекетти түзгөн, кармап турган силерсиңер.

Бүгүнкү күндө ар бир райондо, ар бир көчөдө өзүнүн көйгөйү бар. Ошонун баарынын ушул жерде айтылып жатканы туура. Бирок бүгүнкү күндө эң маанилүү көйгөйүбүз - бул Баткен. Баткенге атылган ок - бул Кыргызстанга атылган ок. Баткенде жарадар болгон киши кыргыз жарандарынын жарадар болгону. Баткендин чегин бузганы - Кыргызстандын чегин бузганы. Бүт кыргызстандыктар баткендиктер менен сыймыктанабыз.

Жылдын аягына чейин Баткен калыптансын деген туура. Жыл аягына чейин үй курулушу керек. Келишимге кол коюлгандан кийин кол коебуз дебей, кургула. Үй курулса, ар бир адам өз үйүн сактайт.

15:54 25.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG