Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Египетте армия бийликке келди


Каирдин Тахрир аянтындагы демонстранттар, 14-февраль.
Каирдин Тахрир аянтындагы демонстранттар, 14-февраль.

Египетте армия парламентти таратып, конституцияны күчүнөн кетиргенин жарыялаган соң Каирдин башкы аянтындагы демонстранттар дээрлик тарап кетти.

Бирок диктатор президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан козголуунун эпкини менен жумушчулардын митинг, иш таштоолору күч алууда.

Жаңы жашоо

Египеттин жаңы аскерий жетекчилери талаштуу шайлоодо шайланган парламентти таратып, 30 жылдан бери бир кишинин бийлигине шарт түзүп келген баш мыйзамды күчүнөн кетирүүгө убада кылгандан кийин, Каирдин Тахрир же Эркиндик аянтындагы демонстранттардын көбү үйлөрүнө таркады.

Куралдуу күчтөрдүн Жогорку кеңеши кечээ, жекшембиде сыналгыдан шайлоолор өткөнчөктү жарым жыл бийликте калаарын жарыялаган.

Өткөн айда президент Хосни Мубарактын батасын алган өкмөт ишин уланта бермекчи, бирок кабинет мындан ары 11-февралда, 18 күнгө созулган массалык чыгуулардан кийин кызматынан кетүүгө аргасыз болгон президентке эмес, армиянын генералдарына баш ийет.

Бул жарыяны демонстранттар кубаттоо менен кабыл алышты, себеби алар азыркы парламент менен конституция Мубарактын колундагы оюнчук болгон деп эсептешет.

Каирдин бир тургуну Ройтерс агеттигине буларды билдирди:

- Жогорку аскер командачылыгы жаңы конституцияны жазып, элдик жыйын, парламент дегенди таркатууга өкүм кылды. Эркиндиктин эң жогорку баскычындагы жаңы жашоо башталууда. Өлкө сабырдуулук жана ишенимдүүлүк менен туура багытта баратат. Элдин каалаганы да ушул.

Бийлик армияда калышын каалабагандар арбын

Армия бирок Тахрир аянтында кала берип жаткан эң өчүккөн демонстранттарды камакка алабыз деп да коркутуп, тарката алган жок. Бул демонстранттар бийликти армиядан жарандык бийликке өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Армия ондогон жылдардар бою Хосни Мубарактын башкы таянычы болуп келгендигин эске алганда, алардын талабын да түшүнсө болот.

Айрымдар революциянын идеалдарын коргоп, армияга кысымды сактап туруу үчүн Ишенимдүүлөрдүн Кеңешине биригишти.

Бирок калктын көбү күнүмдүк жашоосун кадимкисиндей улантууга куштар. Каирде дүкөндөрдүн көбү ачылды. Ишкерлер ишке кедерги болгон толкундоолор токтосо экен дегенде эки көзү төрт.

Өкмөт башчысы Ахмед Шафик кечээ азыркы өкмөттүн башкы максаты «коопсуздукту камсыздап, элдин күнүмдүк жашоосуна шарт түзүү» экендигин билдирди.

Жаңы администрация Мубарактын мурдагы министрлеринин айрымдарына каршы айыптоолорду иликтеп жаткандыгын айтууда. Ошондой эле Мубарактын режими көзөмөлдөгөн акчаны мамлекетке кайтаруу жаатында да аракеттер көрүлүүдө.

Эми эмгек акынын көтөрүү талаптары коюлууда

Анын аралыгында, Мубаракты кулаткан толкундоолорго куштарланган жумушчулар жумуш шартын жакшыртып, коррупциянын тамырын кыркууну талап кылып чыгышууда.
Жумушчулардын нааразылыгы, 14-февраль

Каирдеги Александрия банкынын алдында бүгүн, дүйшөмбүдө 100дөгөн банк кызматкерлери топтолуп, өз жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Коомдук транспорт менен мамлекеттик Жаштар жана спорт уюмунун өкүлдөрү да айлыкты көтөрүү талабы менен өз алдынча демонстрация өткөрүштү.

Каирдин сыртында 150 чакты туризм кызматкерлери Улуу Пирамидалардын алдында чогулушуп, ушундай эле талаптар менен чыгышты.

Мубарактын кетиши Египеттен сырткары жактарда да демократиялык реформаларга чакырыктардын көбөйүшүнө түрткү болууда. Алжирде, Йеменде өкмөткө каршы чыгуулар күч алууда. Палестин жергесинде өкмөт башчысы өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул окуяны да Тунис менен Египеттеги элдик козголоңдун жел аргысы менен түшүндүрүшүүдө

XS
SM
MD
LG