Перизат Тойчубекова алты жыл мурда атайын төшөк көктөй турган чакан цех ачкан. Азыр анын цехинде ондон ашык кыз-келин иштейт.
Күз келип той-топур күч алып, кызга сеп камдагандар арбын. Андыктан азыр тигүү цехинде иш кызып турган чак.
Бул цехте негизинен жууркан, жер төшөк, эт төшөк жана жаздык жасалат. Курактан жасалган буюмдардын баасы да ар кандай.
Ишканада жумуш таң эрте башталат.
Перизат Тойчубекованын (солдон экинчи) кардарлары көбүнесе жергиликтүү жарандар. Бирок акыркы жылдары анын ишканасынан чыккан буюмдар Европага чейин сатылып жатат. Чет жерде жашаган кыргызстандыктар пано, жууркан же жер төшөктөрдү атайын буюртма менен алдырат экен.
"Чет жерде жашаган кыргызстандыктар биз жасаган буюмдарды аябай барктап, баалашат. Кыргызстанды сагынышат го чамасы. Атайын буюртма менен жасатып, алып кетишет. Андан сырткары кыргыздын курактары өтө кооз, көргөн кишини өзүнө тартып турат", - дейт Перизат Тойчубекова.
Бул цехте мүйүз курак, чий курак, каттама курак, айланама курак, тырна өңдүү курактын 20дан ашык түрү жасалат. Ар бир курактын өзүн аты, мааниси бар. Курактан жасалган ар бир буюмда терең философия жатат.
Курак - кыргыздын байыркы өнөрлөрүнүн бири. Кыргызда кызга курактап төшөк көктөп, түркүн түстүү жиптерден сайма сайып сеп даярдашкан.
Учурда уздар төшөктөрдү кардарлардын табитине ылайыктап, өзгөчө стилде, курак менен кооздоп жасашат. Заман талабына жараша курактын, төшөктөрдүн өңдөрү да өзгөрүүдө. Мисалы мурун ачык кызыл, мала түстөгү өңдөрдөн жасалган жер төшөк, туш кийиздер тигилсе, азыр жашыл, көк түстөгү төшөктөр модага айланды.
Кардарлар көбүнчө үйүнүн дизайн жана пардаларынын өңүнө жараша буюртма беришет. Мындан улам жашыл, күлгүн, көк түстөгү төшөктөр көп жасалат.
Бир куракты жасаш үчүн тикмечилер ар түстөгү материалдарды атайын кесип алышат. Анан кайра курап алышат. Мурун курак матанын өөнүнөн колдо жасалып, тигилсе, азыр атайын тигүүчү машиналарда (бешинчи сүрөттө) тигилет.
Андан соң атайын бөлүкчө болуп жасалган майда курактар кайра бири-бирине кураштырылат.
Курак канчалык майда болсо, ошончолук кооз көрүнөт.
Даяр болгон материалдын ичине кебез салынат. Кебез экологиялык жактан таза келип, уктап жатканда тердетпейт. Жылуулукту көпкө чейин кармап турат.
Кебез тегиз болушу үчүн тикмечилер атайын таяк менен уруп, түздөп чыгышат. Андан кийин гана төшөк капталат.
Калыс мындагы төшөк каптаган тикмечилердин бири. Ал бул өнөрүн апасынан үйрөнгөн.
Төшөк каптагандын да өзүнчө эрежеси бар. Ичине салынган жүн же кебез жылып кетпеши үчүн аябай майда сайылат.
Курак төшөктөр көп эмгекти талап кылгандыктан баасы да ошого жараша кымбат. Мисалы бир жер төшөктүн баасы 1800 сомдон 3800 сомго чейин бааланат. Жууркандардын баасы 3300 сом, ал эми эт төшөктөрдүн баасы 2500 сом. Жаздыктардын баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.
Жууркан-төшөктөрдөн сырткары Перизат Тойчубекова туш кийиз, пано, курактан дастаркон, бешиктин жасалгаларын тигет. Андан сырткары улуттук кийимдерди да тигет.
Жыйырма жыл мурун кыздын себин үйдөн даярдоо кадимки эле көрүнүш болчу. Акыркы мезгилде кыргыз аялдарынын көпчүлүгү мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Бирок Перизат Тойчубекова өңдүү чебер уздар, кыргыздын унутта калып бара жаткан өнөрүнө жаңыча өң берип, баар таап жаткан чагы.