Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Дипломатиянын символуна айланган боз үй, аталышын өзгөрткөн өлкөлөр


Украинадагы казак диаспорасы тиккен боз үй. Львов, 1-февраль, 2023-жыл
Украинадагы казак диаспорасы тиккен боз үй. Львов, 1-февраль, 2023-жыл

"Батыш Борбор Азияга эгемендигин коргоого жардам берүүдө"

Politico басылмасы 28-ноябрда Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенконун маегинин негизинде макала сунуш кылды. Дипломат Батыш менен өнүгүп жаткан байланыштар салттуу түрдө Москва менен Бээжин үстөмдүк кылган Борбор Азияга көз карандысыздыгын сактоого жардам бергенин белгиледи.

Макаланын автору Габриэл Гавен Василенконун: “Евробиримдик, АКШ жана жалпы Батыш Казакстандын жана Борбор Азиядагы калган өлкөлөрдүн маанилүү экенин таанып, мурдагыдан бекем мамиле түзүүгө киришти. Бул – Казакстан өңдүү борбор азиялык мамлекеттерге дүйнөдөгү башка өнөктөштөр менен алака-катнаш курууда чоң жардам берүүдө”, - деген сөздөрүн жазган.

Борбор Азия лидерлери Германиянын канцлери менен. Берлин, 29-сентябрь, 2023-жыл
Борбор Азия лидерлери Германиянын канцлери менен. Берлин, 29-сентябрь, 2023-жыл

Ошол эле маалда Астананын өкүлү Казакстандын географиясы өзгөрбөсүн, эгемен мамлекет катары Москва жана Бээжин менен мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерин кошумчалады.

Автор андан ары Казакстан Москва жетектеген Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү экенин, бирок Орусия Украинага басып киргенден бери көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүүгө ыктаганын, Еврошаркетке мунай сатууну сунуш кылганын белгилейт. Василенко буга чейин Кремлди согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө барууга чакырганын эске салат.

Макалада ноябрдын башында казак президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен кездешүүдө мурдагы империядагы дипломатияда салттуу болуп калган орус тилинде эмес, казакча сөз сүйлөгөндө, орусиялык делегациянын котормону угуу үчүн шашып-ушуп кулакчындарын издеп калганы сүрөттөлөт. Муну менен бирге орус президентинин Токаевдин атына тили келбей, бир нече жолу чаташканы айтылат.

Өткөн шейшембиде Европарламенттин Тышкы иштер комитети Орусиянын Борбор Азиядагы таасиринин алсырашын эске алып, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен мамилелерди күчтөндүрүүгө чакырган докладды колдогон. Комитеттин билдирүүсүндө айтылгандай, “Евробиримдиктин регион менен байланыштарын кеңейтүүгө, чоңураак роль ойноого эми мүмкүнчүлүгү бар”.

Муну менен бирге план “Орусия жана Беларустун ошол өлкөлөрдү пайдаланып, санкцияларды кыйгап өтүүсүн минималдаштырууга салым кошууга" жардам бере алары белгиленген.

Politico өтүп бараткан аптада Казакстанга Брюсселдин санкциялар боюнча чабарманы Дэвид О`Салливан барып кеткенин да жазды.

Боз үй дипломатиясы

Eurasianet дагы 30-ноябрда Казакстанга арналган макала жарыялады. Конок автор Жания Бекшора казактардын салттуу боз үйү гуманитардык жардам иретинде согуш жүрүп жаткан Украинанын Буча, Киев жана Харьков шаарларына, жазында жер титирөөдөн жапа чеккен Туркиянын Кахраманмараш аймагына жөнөтүлүп, “жарандык дипломатиянын” символуна айланганын баяндайт. Катардагы казакстандыктар, жарандык активисттер, бизнес жана диаспора өкүлдөрү боз үйлөрдү сатып алууга, керектүү жерге жеткирүүгө жана орнотууга акча чогулткан. Мындай тилектештиктин тамыры байыркы ашар ыкмасына барып такалары, эми бул салттын масштабы кеңейип, чет жактардагы адамдарга жардамы тийгени белгиленет.

Львов шаары. 1-февраль, 2023-жыл
Львов шаары. 1-февраль, 2023-жыл

Андан ары Украинада “урагыс боз үйлөр” деп эл арасында таанылган боз үйлөр тынчтыкты, коопсуздукту жана тилектештикти чагылдырары, аны Буча шаарында орнотуу согуштан жабыркаган украиндерди колдоонун маанилүү символуна айланганы айтылат. Ошол боз үйлөрдо жергиликтүү тургундар казак маданияты менен да тааныша алды.

“Урагыс боз үйлөр” көбүнчө симпатияны, эмоционалдык колдоону билдирүү жолу болсо, Түркияда алар жаратылыш кырсыгынан үй-жайсыз калган жүздөгөн адам башкалкалаган жайларга айланган.

Макалада айтылгандай, Кыргызстандан да Түркияга жиберилген жардам көчмөндөр үчүн боз үйлөр канчалык маанилүү экенин, маданият аралык диалогдо өбөлгө болуп бере аларын далилдеди.

Автор Украинага гуманитардык жардам берилгенде Кремль түшүндүрмө талап кылганын эске салат. Казак тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондо бул – жеке адамдардын демилгеси болгонун айткан. Материалда Астананын Украинадагы согуштагы позициясы учкай сөз болот.

Бекшоранын пикиринде, мындай сезимтал абалда Казакстандагы жарандык активдүүлүк чечүүчү роль ойнойт. “Урагыс боз үйлөр” коомдук маанайды чагылдырат, жетекчиликтин кыймыл-аракеттери чектелген маалда өлкөнүн беделин чет жактарда жакшыртууга салым кошот.

“Тынчтык боз үйлөрү, балким Казакстандын Украинанын тарапкери деген аброюн кандайдыр бир деңгээлде бекемдеди, бул өз кезегинде согуштан кийин өлкөгө артыкчылык берет. Уруш аяктаганда Украина дүйнөлүк саясатта таасирдүү оюнчуга айланышы мүмкүн”, - деп жазган автор боз үйлөргө ошентип гуманизмдин, тилектештиктин гана эмес, тышкы саясаттын маанилүү куралы катары кароого болорун белгилейт.

Өлкөлөр аталышын эмне үчүн өзгөртөт?

Кыргызстанда мамлекеттик тууну өзгөртүү аракети жүрүп жаткан кезде Индиянын премьер-министри өлкөнүн аталышын Бхарат кылып алмаштыруу демилгесин алга сүрөп келатат.

Бул темага 1-декабрда франциялык Le Figaro гезити кайрылып, саясий, тарыхый же геосаясий себептерден улам кайсы мамлекеттер өз аталыштарын өзгөрткөнүн тизмектеп чыкты.

Индия эгемендик алган 1947-жылдан бери бир катар штаттардын жана шаарлардын аталыштары өзгөртүлгөн. Конституциянын биринчи беренесине эки термин тең киргизилген. Индия деген аталыш Инд дарыясынан алынса, экинчиси индуист мифологиясындагы Бхарат императоруна барып такалат. Гезит аталышты алмаштырууну өкмөт башчы Нарендра Модинин тарыхты кайра карап чыгуу, хинди тилин жалгыз улуттук тил кылып калтырууну көздөгөн этно-диний саясатынын бир бөлүгү деп сыпаттайт. Анын үстүнө анын атаандашы болгон оппозициялык коалиция “Индиянын улуттук өнүгүүсүнүн альянсы” деп аталат.

Андан ары мамлекеттин аталышын алмаштырууга этностук, лингвистикалык себептер, колониалдык доор же мурдагы режимден кол үзүү аракети түртөрү айтылып, бир катар мисалдар кеп болот.

Нидерландды мурда Голландия деп атоого жол берилчү, Чех жумурияты эми Чехия болуп калды, Мурдагы югославиялык Македония жумурияты 2019-жылы Түндүк Македония деп өзгөрдү, 1989-жылы Бирма Мьянма, ага чейин Цейлон Шри-Ланка, Кампучия Камбожа, Жогорку Волта Буркина Фасо, Заир Конго демократиялык жумурияты деп аталып калган.

Түштүк Африка мисалы апертеидден арылуу үчүн бир кездери аталышын Азания деп өзгөртүүнү көздөгөн. Казакстан Борбор Азиядагы калган өлкөлөрдөн айырмалануу максатында фарсча “стан” деген суффиксти алып салууну караган.

Францияда чет өлкөлөрдүн расмий аталышын тактоо Тышкы иштер министрлигинин милдетине кирет. Алсак, француздар Беларусту Белоруссия деп азыркыга чейин атайт. Ошол эле маалда Канада менен Швейцария өңдүү франкофон өлкөлөр жаңы аталышты пайдаланат.

XS
SM
MD
LG