Дарыгерлер ооруканадагы бейтаптарды дарылап эле тим болбой, чет жерден келген жарандарды аэропорттон тосуп алып, айрымдары айылдарда коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, үй карантинге алынгандарды үймө-үй кыдырып текшерип жатышат. Өз ден соолугун тобокелге салып, милдетин аткарып жүргөн ак халатчандардын иш күнү сүрөттөрдө.
Коронавирус менен кармашкан ак халатчандар
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.

21
Кыргызстандык дарыгерлерге кеңеш берип жаткан польшалык адистер. Оштогу облустар аралык клиникалык ооруканасы. 25-апрель, 2020-жыл.

22
Лабораторияда иштеп жаткан медицина кызматкерлери. Бишкек шаары.

23
Польшалык адистер менен кеңешип жаткан кыргыз дарыгери.

24
Саламаттык сактоо министрлиги аймактардагы дарыгерлерге жардам берүү максатында атайын консультант-дарыгерлер тобун түзгөн. Алар райондордогу догдурларга онлайн байланышта кеңештерди берүүдө.

25
Дарыгерлер аймактардагы кесиптештери менен аралыктан байланышып жаткан кези. Чүй облусу. 27-апрель, 2020-жыл.

26
Обсервациядан чыккан 24 медицина кызматкери. Ысык-Көл облусу. 28-апрель, 2020-жыл. Дарыгерлер коронавирус аныкталган бейтаптар менен 6-апрелден тарта иштеп, күнү-түнү жанында болушкан.