Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Стамбул: "Айя-София" ажайыпканадан кайра мечитке айланды

Стамбул шаарындагы айтылуу "Айя София" музейи сот чечими менен кайрадан жамы мечитке айландырылды. Бул окуя Түркиядагы айдыңдыктын азыркы абалын чагылдырат. 

Түркиянын Стамбул ("İstanbul" мурдагы ортодокс христиандык Византия мамлекетинин борбору - Константинополдун азыркы түркчө аталышы) шаарындагы айтылуу "Айя София" музейи сот чечими менен кайрадан жамы мечитке айландырылды.

Бул имарат Византия мамлекетинин доорунда ири ортодокс христиандык ыбаадат үйү болгон. Анын ажайып кооздолушу византиялык көркөм өнөрдүн жана архитектуранын мыкты өрнөгүн чагылдырып турган.
Осмон султандыгы доорунда ал жамы мечитке айландырылган болчу.

Ал эми Түркия жумуриятындагы Мустапа Кемал Ататүрк бийлеген айдыңдык (секулярдык) түзүлүш маалында "Айя София" имараты дүйнөдөгү туристтерди өзүнө тарткан даңазалуу музейге айланган эле. ("Айя София" -- байыркы грекче "Ыйык Акылмандык" деген сөздү туюнткан).

Эми, 2020-жылдын 10-июлундагы түркиялык соттун чечими менен Түркия жумуриятынын өкмөтүнүн 1934-жылдагы жарлыгынын күчү жокко чыгарылды.

Бул көөнө тарыхый мурас болгон имаратттын кайрадан жамы мечит катары пайдаланууга берилип жатышы -- президент Режеп Тайып Эрдогандын өкүмү жүргөн заманбап Түркиядагы айдыңдык доордун мурасы кириптер болгон оор кырдаалдын энбелгиси болуп калды.


XS
SM
MD
LG