Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:20 8.9.2021

Вакцинациядан өтүүнүн пайдасы тууралуу медкызматкерлер Бишкекте флешмоб өткөрдү.

15:18 8.9.2021

8-сентябрга карата коронавируска каршы эмделгендер боюнча маалымат

15:17 8.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 8-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча төрт киши каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2561 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 97 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 779 адамга жетти.

Бир күндө 166 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 721 адам жатат, дагы 1134 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 170 911​ киши.

16:04 7.9.2021

7-сентябрга карата эмделгендер боюнча республикалык штабдын маалыматы

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG