Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:26 13.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан жети адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2433 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 468 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (262) жана Чүй облусунда (72).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 171 238 адамга жетти.

Бир күндө 646 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2283 адам жатат, дагы 3668 бейтап үйдөн дарыланууда.

14:41 12.8.2021

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Өкмөттүн маалыматына караганда, жыйында Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачуу тууралуу тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 12-августка карата 32 процентке жетти, эмделгендердин жалпы саны 781 миңден ашты.

Эмдөөдөн өткөн 781 миң адамдын 217 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

14:12 12.8.2021

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого бюджеттен 2 миң сомдон 38 миң сомго чейинки акча сарпталууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева “Азаттыкка” 12-августта билдиргендей, бул дары-дармек жана анализге кеткен гана каражат.

“Бир бейтаптын дарылануу курсуна кеткен акча. Дары-дармегине, анализдерине гана. Бир курс орточо 10 күн түзүүдө”.

Оорусу жеңил бейтаптарга бир курс үчүн кеткен акча 1951 сом, абалы ортолорго 4670 сом, абалы оорлорго 18 329 сом жана абалы өтө оор бейтаптарга 37 843 сом коротулууда. Мындай сумма алты оорукананын мисалында эсептелип чыкканы айтылды. Жалпысынан коронавируска чалдыккан бейтаптар 80ге чукул ооруканада дарыланууда.

Бюджет эл төккөн салыктан куралат. Өкмөт коронавирусту алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылууда. Вакцинанын бир нече түрүн бекер алуу шарты бардык аймактарда түзүлгөн.

14:09 12.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы алты адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2426 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 417 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (201) жана Чүй облусунда (83).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 770 адамга жетти.

Бир күндө 743 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2382 адам жатат, дагы 3771 бейтап үйдөн дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG