Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:12 10.8.2021

АКШда ооругандар көбөйдү

Коронавирустун "дельта" штаммы тез тарап жатканына байланыштуу Кошмо Штаттарда илдетке чалдыккандардын саны өстү. Ооруканага түшкөндөр да көбөйдү.

Июль айында жогорку көрсөткүчтөр вакцинация жай жүргөн гана аймактарда катталса, азыр дээрлик баардык штаттарда коронавирус жайылып жатат. Өзгөчө Арканзас, Флорида, Луизиана жана Миссисипи штаттарында кырдаал курч.

Бир суткада вирусту жуктургандардын орточо эсеби 110 миңден ашып жаткан болсо, соңку эки аптада бул сан эки эсе жогорулады. 65 миң адам ооруканада, күнүнө 500дөй киши коронавирустун айынан көз жумуп жатат. Бул эки аптага караганда 100% көп.

Каза болгондордун жана ооруп калгандардын көбү вакцина албагандар. АКШда 12 жаштан жогорку курактагылардын 60% эмделди.

16:04 10.8.2021

Күзүндө мектептер менен бала бакчалар ачылат

Окуучулардын жана тарбиялануучулардын көпчүлүгү үчүн дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн ушундай чечим кабыл алынууда.

“Эмдөөдөн дагы эле өтүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды”.

Абдылдаева окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбай турганын, себеби пандемия шартында көпчүлүк ата-энелер каржылык жактан кыйналып турушканын кошумчалады.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек.

15:57 10.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы алты адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2413 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 471 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (212) жана Чүй облусунда (110).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 169 971 адамга жетти.

Бир күндө 995 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2609 адам жатат, дагы 4481 бейтап үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген.

15:55 5.8.2021

Кыргызстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптанышы үчүн 2 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 5-августта вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 651 миңге жетти. Алардын 140 миңи экинчи дозасын да алышты.

Ошентип, эмделүүгө тийиш болгондордун 27% толук эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүч 70% жеткенде жамааттык иммунитет калыптанарын адистер айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG