Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

18:54 10.11.2020

Айнура Жекше кызы

Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөттү.

Андай болсо, бул - дүйнө жүзүндө бир миллиондон көп кишинин өмүрүн кыйган, глобалдык экономиканы сызга отургузган вирус менен күрөшүүдө абдан чоң ийгилик болуп калмакчы.

«Pfizer» жана германиялык өнөктөшү «BioNTech» азырынча вакцина коопсуздук жактан эч кандай камтама пайда кылбаганын жана ушул айдын этегинде АКШнын тиешелүү мекемеси аны колдонууга уруксат берет деп ишенерин билдиришти.

Вакцинаны кеңири колдонууга жол ачылса да, башында дозалардын саны чектелүү болмокчу. Ошентсе да анын эффективдүүлүгү тууралуу жаңылык калган вакциналар да ийгиликтүү болот деген үмүт жаратты. «Pfizer» фирмасынын аткаруучу директору, профессор Алберт Боурла буларга токтолду:

“Бүгүн илим жана адамзат үчүн улуу күн. Вакцинаны иштеп чыгуу программасында маанилүү бурулуш учурга жакындадык. Ооруну жуктургандар көбөйүп, ооруканалар бейтаптарга толуп, экономика ишмердигин жандантууга катуу аракет көрүп жаткан чакта дүйнө вакцинага өзгөчө муктаж”.

Сөз болгон эки компания дарыны 16 жаштан 85 жаштагыларга сайууга уруксат берген сертификат алганы жатышат. Бул үчүн сыноого катышкан 44 миң кишинин жарымы экинчи баскычтан ийгиликтүү өтүүгө тийиш. Сыноо канчалык ийгиликтүү болгону ноябрдын аягында аныкталат.

Ондогон башка вакциналар клиникалык сыноонун акыркы баскычына жетишти. Бирок «Pfizer» жана «BioNTech» иштеп чыккан дары эффективдүүлүгүн далилдеген биринчи вакцина болуп калды.

Окумуштуулар вирустун генетикалык кодунун бир бөлүгүн адамга сайып, иммундук системасын вирус менен күрөшкө даярдоо каралганын айтып келишет. Буга чейинки сыноолор көргөзгөндөй, вакцина организмде антиденечелердин (антитела) жана т-лимфоциттердин иштелип чыгышына түрткү берет. Алар өз кезегинде коронавирус менен күрөшөт.

Вакцинанын экинчи инъекциясы биринчисин алгандан үч жума өткөндөн кийин сайылат.

АКШ, Германия, Бразилия, Аргентина, Түштүк Африка жана Түркиядагы клиникалык сыноолор көргөзгөндөй, экинчи эмдөөдөн жети күн өткөндө организм коронавируска 90 пайызга туруштук берүүгө жөндөмдүү болуп калат.

Компаниялар жылдын аягына чейин 50 миллион, эмки жылдын этегинде 1,3 миллиард доза чыгарууну көздөп жатышат. Адистер кыйынчылыктар тууралуу да эскертишет. Мисалы, жаңы вакцина -80 градуста сакталууга тийиш.

Вакцина сайылгандан кийин коронавирустан канча убакыт коргой турганы да азырынча бүдөмүк.

Компаниялар каражат ар кайсы жаштагы адамдар үчүн канчалык натыйжалуу болоору тууралуу да так маалымат бере элек.

Бирок АКШ баш болгон бир нече мамлекеттер аны сатып алууга алдын ала буюртма бергени белгилүү болду.

14:35 10.11.2020

Дарыканаларда коронавируска каршы дары-дармектин 2-3 айлык топтому бар. Бул тууралуу фармкомпаниялардын маалыматына таянып социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Бишкектеги дарыканалардын айрымдарын текшергенде айтты.

Анын сөзүнө караганда, кечээ, 9-ноябрда мамлекеттик материалдык резервдин кампалары текшерилди, бүгүн жеке фармакологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, дары-дармектин запасы жана баа саясаты талкууланат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы быйыл март айында башталган. Оорунун биринчи толкуну июль айына туш келип, миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Октябрь айынын ортосунда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Дарыгерлер күн сууктап, сезондук сасык тумоо башталганда абал оорлошу ыктымал экенин айтып жатышат.

11:42 9.11.2020

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Талас облусунун, бирөө Баткен облусунун жана дагы бирөө Бишкек шаарынын тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 182 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 571 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 63 390 кишиге жетти.

Бир күндө 406 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 457 адам жатат, дагы 3 737 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 649га жетти, алардын 3 436сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.

22:42 8.11.2020

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 50 миллиондон ашты. Алардын төрттөн бир бөлүгү илдетке соңку 30 күндүн ичинде чалдыккан.

Кошмо Штаттарында октябрь айында коронавирус күнүнө жүз миңден көп кишиден аныкталып жатса, 7-ноябрда бир күндүк көрсөткүч 126 миңге жетти.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден январь айында кызматка киришери менен пандемияга каршы күрөштү баштарын билдирди.

Америкадан кийинки эле сапта Индия турат. Бул өлкөдө 8,5 миллион адамдан COVID-19 вирус табылган. Күнүмдүк көрсөткүч 46 миңдин тегерегинде.

Европа мамлекеттеринде да коронавирус менен ооругандардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Европада коронавирус 12 миллиондой адамдан чыккан.

Коронавирус алгач Кытайда 2019-жылдын декабрь айында пайда болгон. Андан бери бул илдет 1,25 миллион адамдын өмүрүн алды.

Данияда суркүзөндөрдөн коронавирустун адамга жуга турган мутациясы пайда болгону аныкталган соң, 7-ноябрда 17 миллиондой жандыкты жок кылуу буйругу берилди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG