Кыргызстанда 3-августта COVID-19 илдетинен жети киши кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдиргендей, бир сутка ичинде каза болгон бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүй облусунда, бирөө Жалал-Абад, дагы бири Талас облусунда катталды.
Муну менен коронавирустун курмандыктарынын жалпы 1427ге жетти.
Бир күн ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.
Коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгон эки медициналык кызматкердин үй-бүлөсү кенемте алганын 3-августтагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.
«3-августка карата коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерден 40ка жакын арыз түштү. Анын төртөө боюнча кенемте бүгүн берилет, калган арыздар документтер туура эмес толтурулгандыктан иштелип жатат. Вирустан каза болгон эки кызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Комиссия арыздарды кароону улантып жатат», - деди Муктарбек Баймурзаев.
Өкмөт буга чейин иш учурунда COVID-19 жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон бир жолку акчалай кенемте берилерин билдирген.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 2829 медиктен аныкталып, анын 1 853ү айыкты. Расмий маалымат боюнча вирус 73 медиктин өмүрүн алды.
Кошмо Штаттарда коронавирус жаңы баскычка өтүп, учурда шаарларда гана эмес, аймактарда да кеңири тарала баштады. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча координатору Дебора Биркс 2-августта билдирди.
«Абдан кеңири тарап кетти. Айыл-аймактарда жашагандарга кайрылам, силер коронавирустан корголгон эмессиңер. Эгер туугандарыңар, улгайган адамдар менен чогуу жашасаңар, силердин аймакта эпидемия тарап жаткан болсо, анда жада калса үйдө да беткапчан жүрүүгө туура келет», деп эскертет эксперт CNN телеканалындагы маегинде.
3-августка карата Кошмо Штаттарда коронавирустун кесепетинен көз жумгандар 158 миңден ашты. Жугузуп алгандар 4,8 миллионго жетсе, алардын жарымына жакыны айыгып чыккан.
Кыргызстанда 3-августка карата COVID-19 илдетинен 11 бейтап кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдиргендей, каза болгондордун саны боюнча Бишкек шаары алдыда.
Башкалаада вирус жугузуп алган төрт, Ош шаарында бир, Чүй облусунда бир, Нарын жергесинде бир, Жалал-Абад облусунда үч, Баткенде бир бейтап каза тапты.
Ушуну менен март айынан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1420га жетти.