Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

“Мен добуш берем”


“Азаттык” үналгысы «Жаш добуш» долбоору менен биргеликте “Мен добуш берем” аттуу сынак жарыялайт. Сынактын максаты - 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого жаштардын жигердүү катышуусу канчалык маанилүү экенин калкка түшүндүрүү.

Сынак кыргыз жана орус тилдеринде эки платформада өтөт:

1) Веб-сайт үчүн видео (30 секунддан ашпасын)

2) Фейсбукта пост жазуу (1000 белгиден ашпасын)

Видеодо жана постто эмне үчүн сиз шайлоодо добуш бере турганыңызды таасын айтып, курбалдаштарыңызга кайрылсаңыз да болот.

Башкы эки сыйлык – iPhone 6 үлгүсүндөгү телефон. Кызыктуу видео тартып, пост жазгандарга мындан башка баалуу сыйлыктар бар. Өзгөчөлүү видео менен посттун авторлорун сайттагы, Инстаграмдагы жана Фейсбуктагы лайктардын, комментарийлердин санын эске алуу менен атайын комиссия аныктайт.

Сынак 3-октябрда аяктайт.

Видеону WhatsApp аркылуу (996) 550 988755 номерине

же jashtar2014@gmail.com дарегине жибериңиз.

Фейсбукка пост койгондо #добушберем хэштегин жазууну унутпаңыз.

Телефон: +996 312 31 60 82; +996 312 31 61 55; +996 312 31 61 63

Эскертүү: Кайсы бир партияга же талапкерге добуш берүүгө үгүттөгөн видео, пост кабыл алынбайт.

XS
SM
MD
LG