"Инстаграмдагы" @azattyk.kg баракчасы аркылуу кичинекей досторго кайрылып, карантинди кандай өткөрүп жатканын сурап, тарткан сүрөттөрүн бизге жөнөтүүнү өтүнгөнбүз. Бир жума ичинде 30 сүрөт келип түштү. Аларды чогуу көрөлү.
"Эч ким оорубасын, тынчтык болсун"
1
Актан, беш жашта. Бишкек шаары.
2
Тилек, жети жашта. 1) «Мен апамды чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм». 2) «Карантин учурунда апам, эжем болуп сабак даярдап жатабыз».
3
Сауле жана Айпери Жолдошмаметовалар тарткан сүрөттөр. Айпери Беловодский айылындагы мектепте 5-класста, Сауле 3-класста окуйт.
4
Бишкектик Нурислам, сегиз жашта.
5
Сыймык Калдаров, 2-класстын окуучусу. “Мекенибизде тынчтык болсун”
6
Бакай, беш жашта. Эки жашынан баштап сүрөт тартат. Гуашь менен тартылган сүрөт. Балыкчы шаары.
7
Сумая Абдуллаева, алты жашта. №54-мектептин 1-г классынын окуучусу.
8
Бишкектик беш жашар Саида балмуздакты сагынып, карантиндин бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатат.
9
Нурмухаммед Жумабеков. Сабак окуу менен алек. Мектепке даярдоочу класска барат.
10
Нурдин Жээналиев, 1-класстын окуучусу. Кочкор-Ата шаары.
11
Мухаммад Амин, 4-класстын окуучусу.
12
«Менин жакшы көргөн блогерим». Марал Ишенбекова, сегиз жашта.
13
Медина Бактыбекова, алты жашта. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турат.
14
Ханзаада, 2-класстын окуучусу. Искендер беш жашта. Базар-Коргон району.
15
Жакшылык Кубат уулу, сегиз жашта. Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында жашайт.
16
Токмок шаарында жашаган Жансуу Азисованын эмгеги. Төрт жарым жаштагы кыз өзү кесип, чаптап чыккан.
17
Эрнист Маликов, жети жашта.
18
Бекжан Исабеков. 4-класстын окуучусу.
19
Бийболсун Момбеков. №66-мектептин 4-классынын окуучусу.
20
Гүлназ жана Фарангиз тарткан сүрөттөр. Гүлназ он жашта, Фарангиз сегиз жашта.