Тарыхый эс тутумдагы бул мурасты кастарлап жүрүү абзел. Тарыхчынын блогу.
Тили тектеш, маданий орток мурасы бар бир катар элдер өздөрүнүн ич ара тарыхый боордоштугу жөнүндөгү идеяларды бир нече кылымдап сактап келишкен учурлар арбын.
Ошондой мисалдардын бири – кыргыздардын жана башка элдердин тарыхый боордоштукка карата мамилесинин тарыхы болуп саналат.
Кээде тарыхый орток доорлордун жана тарыхый коңшулаштыктын өрнөктөрүн фолклордук мурас аркылуу да таба алабыз.
Баарынан мурда "Манасты" айт
Кыргыздын даңазалуу “Манас” эпосунда хан жана улуттук жолбашчы Манас чыгыштагы кас душмандарына каршы чечкиндүү чоң казатты (ыйык согушту) баштаганда, ал чогулткан аскерлер жалаң гана кыргыздардан куралбастан, көп этностуу мүнөзү менен айырмаланган. Анда казак, өзбек жана башка түрк калктарынын жана кыргыздашкан чыгыш калктарынын Алмамбет жана анын уулу Күлчоро сыяктуу өкүлдөрү да бар.
Маселен, “Манас” эпосунун Сагынбай айткан вариантында казак Эр Көкчөнүн колу кантип кыргыздардын ханы Манастын жалпы аскер тобуна келип кошулгандыгы мындайча айтылат:
“Олтуруп орун алганча,
Ону-муну кылганча,
Сары-Арканы жайлаган,
Сан казагын айдаган,
Келиштирип кермеге
Кер төбөл ат байлаган,
Саймалуу калпак, сары шым,
Шалдыркан кисе, бото кур,
Алтындан наал, жез өкчө,
Айдаркан уулу эр Көкчө,
Тек-Турбастын учунан,
Тегеренип ушундан
Көкчөнүн колу көрүндү,
Чаң менен аскер көмүлдү.
Караанын көрүп кан Манас,
Кырк чоросу дүркүрөп,
Кыргыл баатыр күркүрөп,
Кыраандар каршы жөнөлдү.
Өзөнгө сыйбай буркурап,
Өзүң көргөн көп казак
Өлөңүн айтып чуркурап,
Баатыр Көкчө келгени,
Аттан түшүп Манаска
А да салам бергени.”
Ара-чолодо Мавераннахрдан да өзбек колу келип кошулгандыгын Сагынбай манасчы минтип айткан:
“Ону-муну кылганча,
Ордо шайык, кек жөкөр
Орчун Кокон, Маргалаң,
Оро-Төбө, Самаркан,
Анжыян элин айдаган
Эр Санжыбек кан чыкты.
Көрүп көк жал караанын,
Байкап көрүп бараанын,
Аккуланы кындыйтып,
Арстандардын баарысы
Найзаларын зыңкыйтып,
Арстан Манас баш болуп,
Астын тозо барганы,
Аттан түшүп Санжыбек
Салам айтып салганы,
Алигин баатыр алганы...”
Аялзатынан кеп кылсак, Манастын жары Каныкей – Букар ханынын кызы, Семетейдин жары Айчүрөк – ооган ханынын кызы.
Саякбай Каралаевдин вариантында ооган өкүмдары Акун хан перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы тууралуу уламыш камтылат.
“Семетей” бөлүмүнүн даңазалуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы вариантында өз Акшумкарын издеген Семетей Үргөнчтүн суусунан өтөт да, аны күтүп жаткан арзыган жары Айчүрөккө кабылат. Мындагы Үргөнч шаары да Борбордук Азиянын батыш аймагын көрсөтүп турат.
(Өзбекстандагы чыгаан иранист, академик Бөрү Ахмедов Букар (Бухара) чөлкөмүн бийлеген Аштарханийлер сулалесинин мамлекетинде айрым кыргыз төбөлдөрү жашаган деген жоромолду илим чөйрөсүнө биринчи болуп шардана кылган. Анын жазышынча, Мир Мухаммед Салим ажынын 1730–1731-жж. жазылган “Султандардын санжырасы” – “Силсилат ас-салатин” деген аталыштагы чыгармасында Аштарханийлер өлкөсүндө Назар бий жана анын уулу Хосров бек деген буруттар (кыргыздар) эскерилген).
Тарыхтан маалым болгондой, Түндүк Ооганстан (аны тарыхый Түштүк Түркстан деп да коюшат) орто кылымдарда бир катар түрк тилдүү мусулман мамлекеттердин кол астында болуп турган. Кыргыздар жана аларга жуурулушкан башка теңир-тоолук түрк этностору Ооганстан менен көп кылымдык алака түзүп турушкан.
Ал эми Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда, Алмамбеттин жары Арууке – Манастын жубайы Каныкейдин сиңдиси, перинин кызы. Мында да Теңир-Тоо кыргыздары менен Мавераннахрдагы тектеш калктардын этностук-маданий алакалары көркөм чагылдырылып жатат.
“Манас” эпосунун башка варианттарында дагы кыргыз ханы шериктеш көп элдерден курап кол топтоп тим болбостон, алар менен куда-сөөктүк жана дипломатиялык мамиле куруп, эл аралык деңгээлде өткөн “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу чоң той-аштарга аларды чакыргандыгы даңазаланып айтылат.
Ал эми соңку доорлордогу (XVIII – XX кылымдардагы) манасчылар Ногой ханды Манастын бабаларынын бири катары көрсөткөндүгү – албетте, тарыхый анахронизм.
Манастын өзүнүн байыркы прототиптери Борбордук Азиядагы Чагатай улусуна жана Чыгыш Европадагы Алтын Ордого чейин алда канча кылымдар эрте жашаган кыргыз кагандарын да туюнтат эмеспи.
Тарыхта Алтын Ордонун Днепр жана Дунай тараптагы аймагын башкарып турган Ногой (1235-жылы же 1240-жылы туулган — 1300-жылы өлгөн) Алтын Ордо мамлекетинин колбашчысы жана акими (“беклербек” – бектердин беги) болуп турган. Ал 1270-жылдардан тартып Алтын Ордого көз каранды болбогон саясат жүргүзүп, б.а. иш жүзүндө хан болуп калган.
Алтын Ордо мамлекетинен XIV кылымдын соңунда өзүнчө бутактанып чыккан, негизинен Эдил менен Жайык дарыяларынын чектеш өрөөндөрүн ээлеген жана XVII кылымдын биринчи жарымында ыдырап кеткен көчмөндөр мамлекети да анын ысымы менен Ногой ордосу деп аталып калган.
Демек, Чыңгыз хандын дооруна чейин эле “Манас” эпосу жаралгандыгын эске алсак, Ногой эч качан Манастын бабасы болуп саналбайт.
Бирок Ногойдун кыргыздын эпосунун соңку кылымдардагы варианттарында кыргыз ханы Манастын ата-бабаларынын бири катары сыпатталышын башка бир этнографиялык жаздай менен чечмелей алабыз: кыргыздардын айрым топтору Чагатай улусунда, кийин Хайду мамлекетинде жана Моголстандын курамында калышкан, кыргыздардын кээ бири 1290-жылдары Кытайда Юан сулалесин негиздеген Кубилайдын (Хубилай хаан) ичкерки аймагына чейин көчүрүлгөн; ал эми кыргыздардын айрым топтору Кыпчак талаа (Дашт-и Кыпчак) аркылуу Орол жана Эдил аймагына – Алтын Ордо аймагына чейин жетишкен.
Бул тарыхый ири мейкиндиктеги окуялар кыргыздын улуттук эстутумуна катмар-катмар болуп жазыла берген.
Көп этносту кыргыз туусуна бириктирген бул өзгөчөлүк “Манастын” бардык эле варианттарында дурус чагылдырылган.
Себеби да жөнөкөй – “Манас” эпосу миңдеген жылдарды камтыган улуттук эстутумдун бир күзгүсү эмеспи.
Жазма булактардын этнологиялык маалыматтары
Бээжиндик заманбап профессор Ю Тайшандын жоромолдук сунушуна караганда, байыркы кыргыздардын падышалыгы б.з.ч. X кылымда эле Кытайдын көөнө мамлекети менен карым-катнаш түзгөн.
Демек, б.з.ч. 201-жылы хундар каратып ала электен алда канча эртерээк доордо эле кыргыздар өз алдынча эл аралык алакалар жүргүзүп турушкан. Кийин алар хундар, усундар, динлиндер, ханзулар, жуан-жуандар ж.б. менен карым-катнаштарын улантышкан.
Орто кылымдардагы жазма маалыматтар дагы кыргыздардын этностор аралык байланыштарын ар тараптуу чагылдырат.
Б.з. X кылымга карата жана андан кийин энесайлык кыргыздар жана алардын Теңир-Тоого жана башка чөлкөмдөргө журт которгон топтору Борбордук жана Ички Азиядагы көп этностуу кырдаалда жашашкандыгын башка элдердин булактары да тастыкташат.
Маселен, кытай (ханзу) тилиндеги булактардын бирине кайрылалы.
“Тайпин хуанйүй чжы” – "Тайпин доорунун [976–983] жалпы (универсалдуу) географиясы" деп аталган баалуу булак X кылымда кытай окумуштуусу Йүе Ши (Юэ Ши; 930–107) тарабынан жазылган.
Чыгыш жана Ички Азия боюнча географиялык жана этнографиялык мол маалымат камтылган бул эмгек (трактат) Кытайдагы Түндүк Сун сулалесинин падышасы Тайзуң (Тайцзун) бийликте кезинде жазылган. Анда Кытайдын тарыхый коңшулары жөнүндө да кытайлыктардын бир нече кылымдык байкоолору камтылган кызыктуу маалыматтар бар.
Арийне, мындагы бир кыйла маалыматтар автор жашаган доордон алда канча мурдараак, анын ичинде мурдагы Тан сулалеси доорунда эле кытай тарыхчылары жана аксарай катчылары тарабынан жыйналган.
Бул эмгектин аталышын кытайлык кыргыз илимпоздору “Тайпиң жылдарындагы эстеликтер” деп которушкан экен.
Бул булактан үзүндү келтирелик:
“Ал эми (кыргыздардын. – Т.Ч.) бай-бардарлары кийимди буулум жибектен кийет. Ал кездемелерди Анши (Куча. – ТЧ,) аймагы, Бейтиң (Бешбалык), жана араптардан соодалашып алып келишет...
Булардын (кыргыздардын. – Т.Ч.) жооокерлеринин саны – 300 миң. Алардан сурасак, жоого аттанганда кара калкы жана ага багынды уруулары кошо аттана тургандыктарын айтышты”.
(Салыштырып караңыз: Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. – Б. 354, 355).
Мында кыргыздар Улуу жибек жолу аркылуу соода алакаларын жүргүзүшкөндүгү, андан тышкары, кыргыз каганы согуш маалында өз аскерине Кыргыз каанатына көз каранды калктардын (кыштымдардын) өкүлдөрүн дагы кошуп алгандыгы тууралуу чагылдырылган.
Бул маалымат археологиялык эстеликтер аркылуу да тастыкталат. Энесай Кыргыз каганатында, маселен, Багыр деген баатырдын ысымы жазылган таш моло табылган коргонду казуу учурунда арапча текст бар (түбү Халифаттан чыккан) кылыч да казылып алынган. Бул коргон Тывадагы Эйлиг-Хем кыштагынын жанында жайгашкан.
(Караңыз: Худяков Ю. С. Сабля Багыра: Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов. — СПб.: Петербургское Востоковедение; М.: Филоматис, 2003. — 192 с.).
Түрколог Дмитрий Дмитриевич Васильев (1946–2021) бул кылыч хазарларга таандык болгон, деп да түкшүмөлдөгөн. Анын жоромолунун деле тарыхый чындыкка карама-каршылыгы жок. Энесай Кыргыз каганаты Аббасийлер халифаты менен гана эмес, Эдил бою, Чыгыш Европа, түргөштөр, карлуктар, Тибет жана Кытай менен деле карым-катнаш жүргүзгөн эмеспи.
Эми кытайлык булакка дээрлик мезгилдеш башка бир мусулман булагына келели.
“Xyдуд ал-аалам” – “Дүйнө чектери” аттуу 982-жылы жазылган автору белгисиз парсыча эмгекте Энесайдагы жана Теңир-Тоодогу кыргыздар жана алардын коңшулары тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген:
Анын ичинде Энесай кыргыздары тууралуу маалыматтардан үзүндү келтирелик:
“Анын (Энесайдагы кыргыздардын аймагынын. – Т.Ч.) чыгышында Чын (Түндүк Кытай. – Т.Ч.) аймагы менен деңиз – Чыгыш мухити орун алган; түштүгүндө – тогузогуздар менен карлуктардын айрым чөлкөмдөрү, батышында – кимектердин жерлери, (түндүгүндө болсо) киши жашагыс түндүк чөлкөмдөрү (жайгашкан).
...Алардын бийлик ээсин “кыргыз каганы” деп аташат.
Фури — бул – элдин аты (Бул этноним арапча үстүндө бир чекиттүү “фа” тамгасын үстүндө кош чекиттүү “каф” тамгасына алмаштыруу аркылуу “кури” деп оңдолуп окулууда; б.а. курыкан, азыркы саха элинин бабалары. – Т.Ч.). Алар да кыргыздарга кирет. Алар кыргыздардан чыгышта жайгашкан жана башка кыргыздарга эч аралашпайт... Алардын тилин бөтөн кыргыздар түшүнүшпөйт. Алар жырткыч жаныбарларга окшош.
...Алардан анча алыс эмес бир шаар бар. Аны “Кемичкет” деп аташат. Мында кыргыз каганы жашайт.
...Кесим (кыштым? – Т.Ч.) кыргыздардын дагы башка бир элинен.
Алар тоо койнунда алачыктарда жашашат, аң терисин, жыпарды (“миск”), хуту мүйүзүн жана башкаларды жыйнашат. Алар – кыргыз элдеринин бири, алардын тили карлуктукуна жакын, ал эми кийим-кечеги кимектердикине окшош.
Кыргыздардын бул түрлөрүнүн бардыгынын тең, албетте, кыштагы да, шаары да жок, алардын баары тең, каган жашаган жайды эсептебегенде, алачыктарда (б.а. боз үйдө. – Т.Ч.) күн өткөрүшөт".
Ушул эле “Xyдуд ал-аалам” эмгеги Улуу Кыргыз каганаты доорунда Энесайдан Теңир-Тоого келген кыргыздардын тобу тууралуу оригиналдуу маалымат берет:
“...Пенчул карлуктар мекендеген аймакта орун алган. Өткөн бир заманда анын бийлөөчүсү тогузогуздардан (уйгурлардан. – Т.Ч.) эле, эми аны кыргыздар башкарышат.
Каркыра-хан – кимектерге таандык дагы бир аймак. Анын калкы каада-салты жана үрп-адаты боюнча кыргыздарга окшоп кетет...”
Айтмакчы, бир катар чыгыш таануучулардын белгилешине, мындагы “Пенчул” топонимин кытайлар “Вынсу” деп аташка. Ал шаар Чыгыш Теңир-Тоодогу Үч-Турпан шаарына туура келет.
(Караңыз: Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциелопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – Б. 143–144, 191, 276).
Арап тарыхчысы Ибн ал-Асир (1160 – 1233/34) өзүнүн “Тарых ал-каамил” – “Кемелине келтирилген тарых” деген эмгегинде Түндүк Ооганстанда жана ага чектеш аймактарда бийлеп турган Газневийлерин өлкөсүндө кызмат өтөгөн Эмир Хирхиз (колбашчы Кыргыз) тууралуу учкай эскерген.
Ал эми 1120-жылдын тегерегинде (Чыңгыз хандын жортуулдарына чейин бир кылымдай эртерээк) арапча эмгек жазган марылык (мервдик) окумуштуу Шараф Заман Тахир Марвазинин “Табаи҅ ал-хайаван” – “Жаныбарлардын табигый өзгөчөлүктөрү” деп аталган эмгегинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман динине өтө баштагандыгы элестүү чагылдырылган:
“Аларга (б.а. түрк элдерине. – Т.Ч.) кыргыздар да кирет. Алар – көп сандаган эл. Алардын журту жайкы чыгыш (түндүк-чыгыш) менен түндүктүн аралыгында жайгашкан. Кимектер алардан түндүгүрөөктө, йагмалар менен карлуктар – батышыраакта жашашат. Куча менен Арк (шаарлары) – түштүк-батышы менен түштүгүндө. Кыргыздар маркумдарды өрттөө жөрөлгөсүн тутушат. От аларды тазалайт деп белгилешет. Алардын мындай жөрөлгөсү тээ мурда болгон. Ал эми мусулмандар менен коңшулаш болуп калышкан кезде, алар маркумду мүрзөгө көмө башташты”.
Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Мары шаарынан чыккан себептүү “Марвази” деген энчилүү тегатты (ныспаны) да алып калган окумуштуу жана дарыгер Шараф Заман Тахир бул маалыматы менен “мурдагы” (б.а. энесайлык) кыргыздардын сөөк өрттөө жөрөлгөсүн “кийинки” (б.а. теңир-тоолук) кыргыздар эч улантпай калышкандыгын таасын белгилеген.
Тарыхчы Өмүркул Караев агайыбыз таасын белгилегендей, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү бир эле муундун тагдырында эмес, андан да узагыраак мезгилде бара-бара жүзөгө ашат.
Демек, Улуу Кыргыз каганаты доорунда (840–925-жж.) Теңир-Тоого кайта көчүп келген кыргыздардын топтору акырындап, 1120-жылга чейинки (XII кылымдын башына чейинки) мезгилде, исламдаша беришкен. Карахандар каганаты 960-жылы ислам динин расмий кабыл алган, бирок андан кийин да узак убакыт бою бул каганаттын чет жакасында башка диндерди да туткан түрк этностору байырлай беришкен.
Бул исламдашуу жүрүмү – жөн гана механикалык кубулуш эмес. Бул жүрүм хандын жарлыгына ылайык анча-мынча жылда ишке ашчу нерсе эмес. Ал – Карахандар каганаты доорунда кыргыздардын жана башка көчмөн түрк этносторунун мусулман түрк этностору менен узак мөөнөттүк этностук-маданий жана диний карым-катнашынын натыйжасы болгон.
Бекеринен Сайпидин Аксыкендинин “Мажму ат-таварих” эмгегинде XII кылымда султан Санжардын тушунда Кожент тоолорунда (б.а. азыркы Түндүк Тажикстанда жана ага чектеш Фергана аймагынын тоо кыркаларында) байырлаган кыргыздар тууралуу санжыралык маалымат берилбейт эмеспи!
Теңир-Тоо жана Фергана кыргыздары ошол Карахандар доорунда башка мусулман түрктөр менен камыр-жумур болуп, анын натыйжасында кыргыздын улуттук санжырасы да бара-бара жалпы мусулмандык орток адамзаттык санжыраны өзүнө ширелтип калган.
Илимде шарттуу түрдө чагатай жазма адабияты деп аталган орток мусулман түрк адабиятындагы санжыралар да кыргыздар тарабынан кабыл алынгандыгы, байыркы бабалардын бири катары Түрк ата аталгандыгы да – Карахандар доорунан тартып учугун улаган орток түрк маданий жүрүмүнүн мөмөсү.
Бул сыяктуу башка да тарыхый жана санжыралык булактар Евразиядагы кыргыздардын тарыхы көп этностуу кырдаалда өткөнүн айгинелейт.
Чакан тыянак
Манасчыларыбыз, санжырачыларыбыз, тарыхчыларыбыз, терең билимдүү бабаларыбыз урпактан урпакка өткөрүп келген жалпы түрк ынтымагы сыяктуу идеялар айрым сталинчилер же алардын нугун уланткандар ойлогондой Осмон султандыгы же Түркия эле ойлоп таба калган ой чабыт эмес.
Бул түшүнүк тарыхый сахнага Осмон султандыгы келе электен алда канча мурда эле калыптанган жана аны калыптандырган алгачкы аймак – мурда Византияга таандык болгон Кичи Азия эмес, дал ушул Борбордук жана Ички Азия, Алтай жана Энесай, Орол жана Эдил аймактары болгон.
Кыргыздар (жана алардын ар кыл топтору) – бул ири чөлкөмдөрдө байырлаган түрк тилдүү элдердин бири гана болуп саналат.
Ата-бабалар кастарлаган дал ушул тарыхый эстутумду оболу аңдап, баалап, андан ары урпактарга өткөрүү абзел. Бул – тарыхчы адис жана публицист катары айткан жеке пикирим.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.