4-мартта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда "1000 ак элечек айымдар- 2017" аталышында кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими - элечекке арналган фестиваль болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн аймактарынан келген миңден ашуун элечекчен аялдар катышты.
Элечек элдин байлыгы

1
Кеченин жүрүшүндө элечек тууралуу тасма, элечекти ороо боюнча мастер класс көрсөтүлүп, театралдаштырылган оюн-зоок коюлуп, өнөпоздор ыр-күүлөрдү аткарышты.

2

3

4
Фестивалды уюштуруучулардын бири журналист Элнура Кулуеванын айтымында, элечек фестивалын өткөрүү идеясы эки жыл мурда пайда болгон.

5

6

7

8

9
Долбоор ак элечекти даңазалоо, энелердин коомдогу статусун бекемдөө, улуттук баалуу мурасты сактап калуу масатында уюшулган.

10
Эки жыл мурда кыргыз элечегин ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктардын дүйнөлүк тизмесине киргизүү үчүн даярдыктар башталган.

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20