Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

04:30 6.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Коомдук телеканалдын имаратынын алдындаь эл топтолуп жатканын билдирди. Анын айтымында, митингчилер телеканал аркылуу өлкө калкына кайрылууга аракет кылышууда. Бирок азырынча КТРКнын жетекчилиги каналда электр жарыгы жок деген негизде имаратка киригизишкен жок.

04:34 6.10.2020

Митингчилер УКМКнын имаратанын оозунда турушат:

04:36 6.10.2020

04:38 6.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте экенин 24.kg агенттигине пресс-секретары Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, саат 02.00гө чейин Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Президент каршылык акцияларынын уюштуруучуларынын акыл-эстүүлүгүнө үмүт артары да кошумчаланат.

Буга чейин митингчилер Ак үйгө кирип барып, жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнө киришкен.

Ал тапта интернетте Ак үйдөн милиция коштоосунда бир топ автоунаа чыгып, батышты көздөй кеткени тууралуу видео жарыяланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG