Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

12:18 7.10.2020

11:53 7.10.2020

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар: "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ыйман Нуру", "Ордо" жана "Реформа" партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү бүгүн, 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге билдиришти. "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деди:

"Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга "саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула" деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз".

11:38 7.10.2020

22:23 6.10.2020

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөттү

6-октябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка жактырды.

Анын алдында "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынды.

Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланды. Жаңы төрага Абдылдаев депутаттарды өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы менен тааныштырды. Депутаттар ачык добуш берүү менен Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү.

Жаңы төрага Абдылдаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, эми жаңы өкмөт башчы өзүнүн программасын, өкмөттүн курамын жана структурасын парламентке сунуштайт.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG