Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

14:23 6.10.2020

Кыргызстанды укуктук талаага кайтаруу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда ири сегиз партиянын мүчөлөрүнүн куралган Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Маалымат жыйынга Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков, Алтынбек Сулайманов, Жеңиш Молдакматов, Азият Жекшеев, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев катышууда. Бул кеңештин төрагасы катары Адахан Мадумаров шайланды.

Мадумаров өлкөгө конституциялык талаага кайтып келиши үчүн тез арада алтынчы чакырылыштагы парламенттин жыйынга чогулуп, төраганы алмаштыруусу зарыл. Андан соң элдик ишенимдеги өкмөттү түзүшү керек.

“Бүгүн каалайбызбы, каалабайбызбы легитимдүү орган өкмөт. Ошондуктан, мыйзамдуу талаада бүгүн парламент жыйынга чогулуп, өкмөттү түзүшү керек”-деди Мадумаров.

Маалымат жыйында жүрүшүндө депутат Жанар Акаев учурда парламенттин чукул жыйынын чакыруу боюнча аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

14:11 6.10.2020

Берик Уали: Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали Кыргызстандагы окуялар тууралуу Нур-Султандын оюн билдирди.

Ал 6-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына "Кыргызстандагы окуялар өлкөнүн өзүнүн ички иши. Казакстан боордош Кыргызстанга стратегиялык өнөктөштүктү жана салттуу достук алака-катышты бекемдөө жагынан гана карайт. Жагдайды жөнгө салуу Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жөнгө салынарына үмүт артат. Кыргыз эли бул жөнөкөй эмес кырдаалдан өз мамлекетинин узак мөөнөттүү кызыкчылыгын эске алуу менен чыгат деп эсептейт", - деп жазды.

Берик Уали.
Берик Уали.




Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы проезидент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон. Тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары бүгүн, 6-октябрда кезексиз отурумга чогулганы жатат.

14:06 6.10.2020

Координациялык кеңештин жетекчилигине Адахан Мадумаров шайланды

Бул тууралуу Мадумаров 6-октябрда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда бул Координациялык кеңешке кирген сегиз саясий партиянын лидерлеринин чечими болду.

Мадумаров бийлик өкүлдөрү, президент менен жолугушуу болбогонун билдирди:

"Биз кечээ президентке жолугалы, бардык 16 партиянын жетекчилери менен чогуу жолугуп, сүйлөшөлү" деп сунуш кылганбыз. Бирок сунушубузду угушкан жок. Бүгүн саат 11де мамлекет башчы менен жолугушуу болору тууралуу айтылып, кийин ал саат 9га жылды дешти. Натыйжада ал да болбой калды".

Мадумаров Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, легитимдүү Элдик өкмөт куроосу зарыл деп билдирди.

13:47 6.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG