Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Байден: Путин чоң ката кетирди


Президент Жо Байдендин Капитолийде Конгресске кайрылуусу. 1-март, 2022-жыл.
Президент Жо Байдендин Капитолийде Конгресске кайрылуусу. 1-март, 2022-жыл.

Кошмо штаттардын президенти Жо Байден 1-мартта Конгрессте кайрылуу жасады. АКШ президенти Жо Байден шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда Путин өтө чоң ката кетиргенин айтып, украин элине тилектештигин билдирди.

Байден Конгресстеги жылдык кайрылуусунун негизги бөлүгүн Орусиянын Украинага басып киришине арнады. Ал өз сөзүндө Путин Украинага кол салуу менен жер жүзүндөгү эркин дүйнөнү чөгөлөтүүгө аракет жасап, бирок катуу жаңылышканын белгиледи.

Байден украиналыктардын кайратына таазим этти

Жо Байден Путин бул кол салуу аркылуу дүйнөнү силкинтүүгө аракет жасап, бирок өтө чоң ката кетирип алганын айтты. Ошол эле кезде украин элинин кайратына, эркине жана эрдигине таазим кылып, агрессияга каршы туруудагы Евробиримдиктин ынтымагын жогору баалады.

Байден Орусиянын олуттуу кол салуусуна туруштук берип жаткан украин эли менен армиясынын биримдигин да белгилеп өттү.

Ошол эле кезде Путиндин эгемен элдин эркин басмырлап, өз көз карашын күч менен таңуулаган аракети агрессияга алып келгенин төмөндөгүдөй мүнөздөдү:

"Алты күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин эркин дүйнөнүн эшигин титиретүүнү көздөп, коркутуп, өзүнө багындырууга аракет жасады. Бирок ал аябай чоң жаңылышты. Ал Украинага басып кирип, дүйнөнү алдын-үстүн кылам деп ойлоду. Бирок ал күтпөгөн жана анын оюна келбеген катуу каршылыкка дуушар болду. Ал украин эли менен бетмаңдай келди. Азыр дүйнө президент Зеленскийдин жана катардагы ар бир украиналыктын чечкиндүүлүгүнө, эркине жана эрдигине таң калып карап, шыктанып турат", - деди Жо Байден.

Путиндин өзөктүк опузасы

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таңга жуук Украинанын чыгышындагы "Донбасстагы калкты коргоо" деген шылтоо менен аскердик операция башталганын жарыялаган соң орус аскерлери Украинанын бүткүл аймагына басып киришти. Жети күндөн бери Украинанын шаарларына абадан сокку уруп, бомбалоолор жана ракеталык аткылоолор уланууда. Эң катуу соккулар Киев жана Харьков шаарларына жасалды.

Ошол эле кезде баскынчылык менен кирип барган орус аскерлери катуу каршылыкка дуушар болуп, айрым жерлерде токтотулуп, кайра чабуулга өтүп жатканы кабарланууда. Орус президенти Владимир Путин 27-февралда өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка өткөрүүгө буйрук берген:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

"Силер көргөндөй, Батыш өлкөлөрү биздин мамлекетке каршы экономикалык жактан достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТОго мүчө мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясынын ооздуктоочу күчтөрүн аскердик нөөмөт өтөөнүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берем", -дедеп билдирген болчу президент Путин.

"Биз Путиндин планын билгенбиз"

Ошол эле кезде АКШ президенти Жо Байден 1-марттын кечинде жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Украинага басып кирип, канчалаган адамдын канын төккөнү үчүн жоопккерчиликке тартыларын эскертти.

«Биз алдын ала эле Путин эмнени пландап жатканын билип, дүйнө жүзүнө айтып турдук. Биз айткандай эле болду. Путин өзүнүн агрессиясын актоо үчүн бардыгын бурмалоого аракет жасады. Биз анын калпына чындык менен жооп кайтардык. Ал баары бир жооп берет».

Жо Байден Орусиянын Украинага кол салуусун жеке «Путиндин согушу» деп атады.

Ал тарыхта диктаторлор жасаган агрессиясы үчүн жазасыз калбаганын айтып, ар бир иштин жообу бар экенин белгиледи.

Евробиримдик жана анын өнөктөштөрү сыяктуу эле АКШ дагы Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин толук жапканын жарыялады. Ошол эле кезде ал Украинага токтоосуз түрдө гуманитардык жана аскердик жардам берилерин маалымдады.

Бирок Жо Байден АКШнын аскерлери Украинаны коргоп, анын аймагындагы согушка катышпай турганын айтты. Бирок НАТОнун мүчөлөрүнө коркунуч туулса, Вашингтон өнөктөштөрдүн ар бир карыш жерин коргоого даяр экенине токтолду.

Жо Байдендин Конгресстеги кайрылуусу эки саатка созулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG