Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Кайсы өлкөдө көз жарган жакшы?


Британ ханзаадасынын кызы Шарлоттаны багууга мамлекет жылына 150 миллион фунт стерлинг коротобу?
Британ ханзаадасынын кызы Шарлоттаны багууга мамлекет жылына 150 миллион фунт стерлинг коротобу?

Жыл сайын он миңдей кош бойлуу аял айы-күнүнө жеткен маалда АКШ баштаган өнүккөн өлкөлөргө аттанышат. Мындан улам төрөт туризми жанданып, Батышта бул багыттагы атайын компаниялар иш алып барууда.

Британ ханзаадасы Уильям кыздуу болору менен англис аналитиктери бул ымыркайды багуу үчүн мамлекет казынасынан 1 миллиард фунт-стерлинг сарпталарын эсептеп чыгышты.

65 жылдан бери падыша үй-бүлөсүндө кыз төрөлө элек болчу. 21-кылымдын кичинекей ханбийкесинин кийими менен тамагы үчүн мамлекет жылына 150 миллион фунт-стерлинг берип турушу керек.

Анткен менен Британияга барып төрөгүсү келген айымдар аз. Себеби бул өлкөдө чет элдик аял төрөсө, анын ымыркайына айрым мамлекеттердей жеңилдиктер каралган эмес.

Латын Америкасынын мамлекеттериндеги кош бойлуу аялдар чек араны ашып өтүп көз жарып, балдарына АКШнын атуулдугун алып бергени салтка айланган. Forbes журналы төрөлө турган балага кайсы өлкөдө мыкты камкордук көрүлөрүн иликтеп, тизме башына Канада менен АКШны койгон. Бул өлкөдө жарык дүйнөгө келгендерге дароо атуулдук берилип, бала ата-энеси чет элдик экенине карабай, бир топ социалдык жеңилдиктерди алат.

Төрөт туризми өнүгүүдө

Кытайдагы кош бойлуу аялдардын көбү Гонконгдо төрөгүсү келет. Бул шаар өзүнүн туруктуу жашоочуларына социалдык жөлөк пул, бир топ жеңилдиктерди берет. 2015-жылдын март айында АКШнын Федералдык агенттиги бул аймакка атайын төрөгөнү барган кытай аялдары көбөйгөнүн билдирген.

Калифорнияда үч кытай тарабынан ачылган Ымыркайлардын атайын борбору бар. Ал жакта атайын адистер 14 миң 750 доллар акы алып, АКШда төрөгүсү келген кытай айымдарга жардам берет.

Акыркы беш жыл ичинде бул жайдан 600дөй кытай аялы көз жарган. Алар АКШдагы коомдук билим берүүнүн бекерине, балдардын коопсуздугу менен социалдык абалына мамлекет жакшы кам көргөндөн улам барышса, айрымдары Кытайдын бирден гана балалуу болуу мыйзамын бузуп, дагы бала төрөө үчүн сапарга чыгышат.

Түркиялык аялдар да азыр АКШга барып, көз жарууну көбүрөөк тандашууда. 2003-жылдан бери АКШда төрөлгөн түрк балдардын саны 12 миңден ашкан. Бул багытта атайын фирмалар иш алып барып, ар бир энеден 45 миң доллардай акы алат.

Орусиядан жеңилдик тапкан кыргыздар

Кыргызстан үчүн АКШ алыс болсо да, береги Орусиядан көз жарып, атуулдук менен бир топ мыйзамдык жеңилдик алган мекендештерибиз бар. Самара шаарында жашап, иштеген Миртемир Маматовдун төрт баласы тең орус жеринде төрөлүп, Орусиянын атуулдугун алышкан:

- Төртүнчү бала төрөлгөндө сөзсүз жер тилкеси берилет. Азыр биз ошол шаардын четинен бөлүнчү жер тилкебизди күтүп, каттоодо кезекте турабыз. Кезек күткөндөр аябай көп. Мындан тышкары эненин капиталы туруктуу төлөнөт. Ал акчаны батирибизди оңдоп калсак, же балабыздын билим алуусуна жумшасак, мамлекет төлөп берет. Бул жактагы шарттарды жаман деп айтпайм, жакшы.

Эл аралык Economist Intelligence Unit аналитикалык тобу кайсы өлкөдө төрөө пайдалуу деген изилдөө жүргүзүп, натыйжада Швейцарияны биринчи орунга чыгарган. Анткени бул өлкөдө жашаган адамдардын 87 пайызы иш менен камсыз болуп, балдарын татыктуу камсыздай алышат. Экинчи орунда Австралия жана жаңы Зеландия турат. Бирок акыркы мезгилде мыкты экономикалык пайдубал жана күчтүү өлкөнүн атуулдугун каалап, төрөт туризмине аттанган кош бойлуу аялдардын жолун бөгөй турган мыйзамдар да өнүккөн өлкөлөр тарабынан иштелип чыгууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG