Бул маселе булак таануучу адистик таңкыстык көйгөйүн да эске салды. Тарыхчынын блогу.
Фейк кабарлар арбын учуроодо
Жалганды чындай койгулаштырып, “Баракбай менен Урукбай Латын Америкасына барып, Парагвай жана Уругвай деген мамлекет түзгөн өзүбүздүн эле бабалар болгон экен!” деп жазган калемгерлер Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда да чыгып, кийинчерээк заманбап анекдоттордун бирине айланды.
Кыргыз калемгерлеринин арасынан “Атилланын ак калпакчан боёк сүрөтү Ватикандын музейинде сакталып келе жатат” деген жалган маалымат тараткандар да болду. Ал тууралуу мурда сын-пикир жазган элек.
Дагы бир аттуу-баштуу калемгерибиз болсо манчжур ханынын чийме сүрөтүнө кыргыз калпагын кошумчалап тарта салып, “Манастын сүрөтү Кытайда сакталып келе жатат” деп курулай сенсация жараткысы келген. Бул жалган сүрөттүн чоо-жайы тууралуу да өз мезгилинде жазган элек.
Интернетте далай кишилердин бүйүрүн кызыткан бир “тарыхый карта” эске түшөт. Бир немис тектүү Шолборг (Scholborg) деген профессорго таандык делген "Евразиянын орто кылымдардагы картасы" улам башка коомдук тармактарда жарыяланып келет.
Бул “тарыхый” делген картада Кыргыз мамлекетинин батыштагы чек арасы тим эле Карелияга чейин чоюлуп калыптыр! Албетте, күлкү келерлик нерсе.
Шолборгго таандык делген “картаны” андан ары “өнүктүрүп” жарыялаган учурлар да жок эмес.
Көптөгөн жердештерим ал картага өтө кубанып, ара-чолодо “мындай факттарды билбеген жетесиздер!” деп тарыхчыларды каргап-шилеп, интернет желесинде андан ары таркатып жатышты.
“Деги бул картанын чын-төгүнү жөнүндө кандай деп ойлойсуз?” деп бир замандашым суроо салганда, мен ага мындайча жооп бердим:
“Мен деле кээ бир немистерди сүйүнтүп коюу үчүн Евразиянын картасын бурмалап чийип бере алам. Анда немис жеринин чыгышын Сахалин менен Чукоткага чейин жакындатып, Манчжурия түгүл, Бээжинди деле Германияга таандык болчу” деп көрсөтө алам. Айрым немистер бул жалган карта үчүн мени макташы мүмкүн. Бирок акыл-эстүү жана сабаттуу көпчүлүк немистер бул чүргөмө картаны таштандыга ыргытышат эмеспи!” – дедим.
Замандашым ойлонуп калды.
Азыр дагы “кыргыздын гана эч бир түрк элдерине караандабаган өз алдынча цивилизациясы бар болгон” деген жалган сөздөрү аркылуу калптын кесмесин таламандын так түшүндө каратып туруп кулагына илип жаткан калемгерди теңириндей көрүп жалбарып, мактап жаткан замандаштарыбыз жок эмес.
Пост-советтик илимпоздор шарттуу түрдө “фолк-хистори” деп атап койгон бул өнөкөт адат – тарых илимине жалган маалыматты чындыктай чүргөө далаалаты катары бааланат.
Мындай далаалаттар азыркы интернет доорунда ар башка мамлекеттерде арбын учуроодо.
Түркиядагы жалган жаңылык
Ошондой фолк-хисториге таандык жоромолдордун бири 2024-жылдын 3-январында Түркияда да жарыяланды.
Бул өлкөдөгү “Харекет Хабер” (@HareketHaberr) аттуу интернет басылмасы аска таш жазмасынын түстүү сүрөттү менен кошо бир "жаңылык" жарыялаган.
Анда мындайча текст камтылган:
"Yenisey'de 5 bin yıl önce eski Türk yazılarıyla kayalara yazılan "Kurdu çakala boğdurtma!" sözü bulundu".
“Энесайда мындан 5 миң жыл илгери байыркы түрк жазмасы менен аска ташка жазылган “Бөрүнү чөөгө муунтпагын!” деген сөз табылды”.
Биринчиден, түркиялык илимпоз адистер Түштүк Шиберде мындай жазма эч табылбагандыгын ошол эле жарыянын астындагы пикирлеринде жазып, жалган маалыматты четке кагышты.
Ал жалган кабар тууралуу стамбулдук профессор Мехмет Өлмез өзүнүн Твиттердеги (азыр ал X деп аталат) барагында какшык-келекенин кермек даамын кошуп жазып чыкты.
"Bu "haber"i yayımlayan bir de metnin transkripsiyonunu , her harfin değerini, ek olarak da kurt ve çakal sözlerinin bu yazıtta neler olduğunu gösterse bayram ederiz, 5000 yıl, herhalde İsa'ya dayalı tarihe göre "era"mızdan 3000 yıl öncesi. Elbetteki ki böyle bir şey yok."
“Эгерде ушул “жаңылыкты” чыгарган (киши) тексттин транскрипциясын, ар бир тамганын маңызын, ошондой эле бул жазууда “бөрү”, “чөө” деген сөздөр кайсынысы экендигин көрсөтсө, абдан эле сүйүнмөкпүз.
5000 жыл, балким, Ыйсанын (туулган мезгилине) таянган жыл санак боюнча биздин “заманга” чейинки 3000 жыл мурда делген экен. Албетте, андай эч нерсе жок да”, – деп профессор Мехмет Өлмез бул жазмадагы маалыматты жалганга чыгарган ою менен өз учурунда бөлүштү.
Битик жазмасы (Энесай, Орхон, Алтай, Теңир-Тоодо ж.б. табылган руна сымал жазмадагы эстеликтер) боюнча адис, булак таануучу, түрколог Нурдин Усеев мырда дагы биз менен электрондук каражат аркылуу баарлашуусунда бул “жаңылыкты” жалган деп таасын билдирди.
Ким билет, балким, бул жалган маалыматтагы “Бөрүнү чөөгө муунтпагын!” сөздөрү аркылуу аны жарыялоочулар бүгүнкү күндөгү Анатолиядагы саясий турмушка карата өз турумун каймана түрдө билдирип жатышкандыр?
Айтор, ар бир жалган кабардын өзүнүн тымызын мүдөөсү болушу мүмкүн.
Битик жазмасы орто кылымдардын эрте мезгилинде пайда болгон
Заманбап илимде битик жазмасы Улуу Түрк каганаты доорунда (биздин замандын VI кылымынын соңунан тартып) пайда болгон делет. Анын Орхондогу Чыгыш Түрк каганатында, Энесайдагы Кыргыз каганатында жана Теңир-Тоодогу Түргөш жана Карлук каганаттарында жана башка аймактарда ар кыл варианттарда колдонулгандыгы маалым.
Мунун ичинен кыргыздарга таандык битик тексттери Энесайда гана эмес, коңшу Түндүк Монголияда (маселен, Сужийн Даван жергесинде) жана Алтайда да табылган.
Талас битик жазма эстеликтери Энесайдагы жазма эстеликтерине кыйла жакын экендигин И.В.Кормушин сыяктуу адистер белгилешкен (бул кыргыз-түргөш жана кыргыз-карлук этностук-маданий алакалары менен да байланыштуу болушу ыктымал).
X кылымда арап саякатчысы Абу Дулаф кыргыздардын өз жазмасы бар экендигин белгилеген. Кытай жазма эстеликтеринде да кыргыздардын жазма маданияты эскерилген.
Бирок, баса белгилечү нерсе – бул битик жазмасы кыргыздарга гана эмес, жалпы эле түрк калктарына таандык.
Башкасын коюп, Барсбек каган бийлеген учурдагы кыргыздардын өлкөсүн өзүнүн кубаттуу жоосу катары мүнөздөгөн Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын битик жазма эстеликтерин жана Кыргыз каганатына каршы ийгиликтүү жортуул жасагандыгы баяндалган Орхондогу Уйгур каганатынын доорлорунан калган битик жазма эстеликтерин эле мисал кыла кетсек болот.
Түрк элдерине орток болгон битик жазмасынын Евразиянын ар кыл талаа аймактарында табылган эстеликтеринин айрымдары толук чечмелене элек.
Албетте, казак археологу Кемел Акышев (казакча Кемел Ақышев; 1924–2003) илимге дайын кылган сак дооруна таандык даңазалуу жазма эстеликти эскербей коё албайбыз.
[Айтмакчы, бул чыгаан археологдун аты жана тегаты казакча “Кемел Ақышев” деп (тегаты каткалаң к тамгасынан соң ы тамгасы менен) жазылган, демек, кыргызча адабиятта биз анын аты-жөнүн орусча адабияттагыдай “Кемаль Акишев” деген вариантта эмес, казакча төл сөзгө жакындатып, “Кемел Акышев” деген вариантты колдонушубуз керек].
Бул жазма текст Эшик (казакча Есик, орусча Иссык) коргонун казуунун жүрүшүндө табылган күмүш чөйчөктүн сыртында чиймеленген экен. Бул коргон Алматыдан 50 чакырымдай чыгышыраакта Энбекшиказак (Эмгекчи Казак) районунун аймагындагы Эшик өзөнүнүн сол жээгинде жайгашкан жана б.з.ч. V – IV кылымдарга таандык деп саналат.
Эң башкысы – бул Эшик жазма эстелигинин тексти илимде алигиче чечмелене элек. Аны байыркы түркчө жана кхароштхи жазмасында жазылган деген жоромолдор бар. Демек, азыркы тапта анын кайсы тилде жазылганды жөнүндө бир беткей тыянак кыла албайбыз.
Ал эми кайсы бир битик алфавитинде делген жазма эстеликти б.з.ч. III миңинчи жылдыкка карата чегерүү – эч кандай тарыхый чындыкка негизделбеген “фолк-хистори” далалаттарынын бири катары гана четке кагылышы мүмкүн.
Жалган маалыматтын сабагы
Жогорудагы түркиялык интернет каражатында талкууга жем таштаган “бөрү жана чөө тууралуу” жалган маалымат бизге башка бир олуттуу көйгөйдү козгоого түрткү боло алат.
Ал – жалпы эле түрк тилдүү өлкөлөрдө көөнө тилдердеги жазма булактарды изилдеген булак таануучу адистердин сейректиги жана айрым тармактар боюнча жокко эселиги.
Кыргызстанды мындай коёлу, эч бир башка түрк мамлекетинде эң байыркы шумер, аккад (анын ичинде вавилон), хетт, көөнө ханзу (мында б.з.ч. кытай тили эске алынып жатат), тибет, тангут, манчжур жана башка жазмаларды ошол тилдерде чечмелеп окуган адистер жок жана андай адистерди даярдоо үчүн узак мөөнөттүү өкмөттүк же өкмөттөр аралык долбоорлор да жокко эсе.
Мындай булак таануучу адистер жалаң гана тарых же тил маселелери менен чектелбестен, аларды айкалыштырып, бир эле учурда маселенин тарыхнаамалык жагын да изилдеген кеңири деңгээлдеги полиглот илимпоздор болушу керек.
Демек, ушундай адистик бөксөлүк жаралган чакта боштукту кимдер толтурушат жана калайык оюн эрмек кылышат?
Бул суроонун жообун табуу үчүн блогдун жогору жагындагы “сенсациялык жаңылыкка” жана башка фолк-хистори учурлары чагылдырылган маалыматка кайрылыңыз.
Көйгөйдү кантип чечүүгө болот?
Балким, Түрк Мамлекеттер Уюмунун болочокку таалим жаатын караган билим берүү жана илим тармактары чыгыш таануучу адистерди даярдоодогу бул көйгөйдү максаттуу илимий долбоорлор аркылуу орток чечүү жаатын эске алышаар?
Андай болсо, алар Батыштагы, Орусиядагы жана Ыраакы Чыгыштагы илимий борборлор менен кызматташууну да көңүл борборуна коюшу керек. Чынында, башка жактарда деле мындай сейрек булак таануучу адистерди тарбиялоо жагы чар жайыт уюштурулуп жаткандыгы белгилүү.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.