Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Беларус бийлиги оппозицияны жоопко тарта баштады


Митингдин катышуучусун полиция кармап кетүүдө. Минск, 22-июнь, 2020-жыл.
Митингдин катышуучусун полиция кармап кетүүдө. Минск, 22-июнь, 2020-жыл.

Минск президентикке оппозициялык талапкерлерди колдогон пикеттердин катышуучуларын жоопко тартты. 

Беларуста өткөн жума жана дем алыш күндөрү каршылык акцияларында кармалаган ондогон беларустар сот жообуна тартылды.

22-июнда Минск менен бир катар шаарларда ондогон сот отурумдары өтүп, адамдар топ-тобу менен административдик жоопкерчиликке тартылып, айрымдары 10 күнгө камакка алынып, бир тобуна 500 долларга чейин айып тагылды. Мисалы, акцияга катышкан Владимир Михалап 10 күнгө, ал эми Роман Бобров 5 суткага камалды.

19-20-июнда бир катар шаарларда жүздөгөн адамдар көчөлөргө жалгыздап пикетке чыгышкан. Алар жол боюна социалдык аралыкты сактап тизилип, бир нече саат бою «тилектештик чынжырын» түзүп, «Бошот», «Жашасын Беларус» деген ураандарды кыйкырып турушкан.

Жарандар президенттикке ыктымал талапкерлерди камактан бошотууну, аларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан. «Тилектештик чынжыры» пикетинин катышуучусу Егор буларды айтты:

«Биз таза, адилеттүү шайлоо өтүшүн каалайбыз. Биз таза өлкөнү, адилеттүү бийликти, чынчыл адамдарды каалайбыз. Биз тандаган адамдар өлкөнү башкаруусун каалайбыз».

Күч кызматтары чогулгандарды күч менен таркатууга аракеттенип, ондогон журналисттер менен бирге 260тай адам камакка алынган.

Президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп жаткан Виктор Бабарико менен уулу Эдуард Бабарикого айып тагылып, сот чечими менен камакта отурушат. Ата-балага козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы айтылган жок. Адвокаты маалымат таратпоо тууралуу кагазага кол коюп бергенин жүйө келтирип, журналисттерге маалымат берүүдөн баш тарткан.

9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого башкы атаандаш болуп чыккан Виктор Бабарико 18-июнда Минскиде кармалып, үйү тинтилген. Бир апта мурун Бабарико мурда жетектеген "Белгазпромбанктын" мурунку жана учурдагы 15 кызматкери кармалган. Мамлекеттик органдар Бабарико «чет жакка акча чыгарган мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптап жатат.

«"Белгазпромбанкты" башкарып турган 20 жылдын ичинде менин ишмердигимди текшертүү боюнча эч кимде эч кандай суроо жаралган эмес. «Белгазпромбанк» эл аралык аудиттен, беларустук аудиттен өтүп турган. Анын ишмердигин акционерлердин ревизорлору да текшерип, көзөмөлдөп турган» деген Бабарико журналисттер менен жолугушууда.

Камакка байланыштуу экс-банкир 19-июнда 100 миң адамдын колун тапшырып, президенттикке талапкер катары расмий каттоодон өтө албай калган. Бабариконун шайлоо штабынын банктагы эсеби менен аны колдогон демилгечи топтун мүчөлөрү да кармалган.

Европа биримдиги Беларус бийлигинен Бабарикону уулу менен тез арада бошотууну талап кылып, алардын адилеттүү тергөө менен сотко укугун камсыздоого чакырды.


Шайлоо алдында президенттикке дагы бир талапкер Светлана Тихановскаянын басма сөз катчысы камакка алынган. Ага чейин күйөөсү жана демилгечи топтун башчысы Сергей Тихановский кармалып, тогуз адам менен кошо коомдук тартипти одоно бузуу беренеси боюнча айып тагылган.

Бийликтеги Александр Лукашенко өлкөнү эч кимге бербестигин, Беларуста «Майданды токтотуп калганын» айтып жатат:

"Баш мыйзамга ылайык президент катары, бул көз карандысыз мамлекеттик түптөгөн адам катары эч качан бул өлкөнү талкалоого жол бербейм. Муну баары түшүнүшү керек. Беларус – суверендүү, көз карандысыз өлкө. Муну сакташ үчүн бардыгына барам".

Лукашенко бул өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып, алтынчы ирет шайлоого аттанат. Анын маалында бир дагы президенттик жана парламенттик шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан эркин жана адилеттүү өткөрүлдү деп таанылган эмес.

Дем алыш күндөрү тынч пикеттерде жүздөгөн адамдар күч кызматкерлери тарабынан аёосуз камакка алынып, сот жообуна тартылышы социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратты. Беларустагы белгилүү артист, музыкант, спортчулар менен журналисттер бийликтин мындай аракеттерин сындап жатышат.

«Чирип бараткан биздин саясий саз ойгоно баштады» деген белгилүү спортчу Надежда Остапчук журналисттерге берген маегинде.


9,5 миллион калкы бар Беларуста коронавирус илдетинин жайылышы басаңдай элек. Лукашенко пандемияны «массалык психоз» деп атап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чараларды көрүүдөн баш тарткан.

Дүйнөлүк банк беларус экономикасы жыл жыйынтыгында төрт пайызга кыскарарын, ал эми айрым онлайн сурамжылоолор беларустардын Лукашенкону колдоосун үч пайыздык деңгээлде боолголойт.

Лукашенко июндун башында өкмөттү алмаштырып, эми пенсияны көтөрүүнү убада кылып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG