Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Байден АКШ аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга карата чыгарат


Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай (солдон экинчи отурат) тынчтык сүйлөшүүгө келген талиптерге байкоо салууда. Москва, Орусия. 2021-жылдын 18-марты.
Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай (солдон экинчи отурат) тынчтык сүйлөшүүгө келген талиптерге байкоо салууда. Москва, Орусия. 2021-жылдын 18-марты.

АКШнын президенти Жо Байден 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук кол салуунун 20 жылдыгына карата Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетет. Бул тууралуу “Washington Post” гезити жана “Reuters” кабар агенттиги өз булактарына таянып маалымдашты. Ошентип, бул чечим аркылуу Америка жүргүзгөн эң узак согушка быйыл күзүндө чекит коюлмакчы.

Вашингтондогу Ак үйдүн билдиришинче, президент Байден 14-апрелде АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгарылып кетишинин жагдайлары боюнча атайын чыгып сүйлөйт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки 13-апрелде журналисттерге жарыя кылды.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин да бул чечимди Брүсселдеги НАТО боюнча ынтымакташтарга 14-апрелде расмий билдириши күтүлүүдө.


2001-жылы террорчулукка каршы АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга басып киришкен жана “ал-Кайида” террорчу уюмун калкалаган талиптердин Кабулдагы режимин ойрон кылышкан.

Ал эми “ал-Кайида” уюму болсо 3000ге жакын кишинин өмүрүн алган 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдарды уюштурган болчу.

Ооган өкмөтүнүн жоокери талиптер ирегесинде жардырган жамы мечиттин жанында күзөттө турат. Кабул шаары. 2016-жылдын 21-ноябры.
Ооган өкмөтүнүн жоокери талиптер ирегесинде жардырган жамы мечиттин жанында күзөттө турат. Кабул шаары. 2016-жылдын 21-ноябры.


АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын өкмөтү учурда Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтүнө каршы согуш жүргүзүп жаткан талиптер кыймылы менен былтыр сүйлөшүү жүргүзүп, америкалык аскерлерди 2021-жылдын 1-майына карата бул өлкөдөн чыгарып кетүүгө убада кылган.

Талиптер өлкөнүн ички көйгөйлөрүн Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө макулдук берген.


Эми президент Байдендин жаңы чечими АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылыш мөөнөтүн дагы 5 ай 10 күнгө создуктурмакчы.

Учурда Ооганстанда кеминде 2500дөй АКШ жоокери бар. Аларды НАТОго мүчө өлкөлөрдүн 7000дей жоокери колдоого алып келет.


Байдендин мындай чечими Түркия бийлиги Ооганстандагы тынчтык жүрүмү боюнча 24-апрелден 4-майга чейин 10 күндүк эл аралык тынчтык жыйынын өткөрөөрүн жарыялаган учурга тушташ маалым болду. (TT)

XS
SM
MD
LG