Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Аялдарды абакка түрткөн зомбулук



Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Кундуз Кудайбергенова жана Айкан Ачилова.
Аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Кундуз Кудайбергенова жана Айкан Ачилова.

Кыргызстанда соңку алты жылда 100дөн ашык аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. Ошол эле учурда ушунча аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүргөнү үчүн соттолгон.

"Өзүмдү коргоюн дегем..."

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Бул жердеги аялдардын 25 пайызы "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.

33 жаштагы Кундуз Кудайбергенова күйөөсүн үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам өлтүрүп алган. Анын айтымында, ичкиликтин айынан чыккан жаңжал акыры өлүмгө себеп болду.

Кундуз Кудайбергенова.
Кундуз Кудайбергенова.

"Кечке эле сабачу деп айта албайм. Бирок анын бир урганы эле жетчү. Кетип калайын деп жүрдүм. Бирок, эми улам эле ажырашып, кайра бирөөгө турмушка чыккым келген жок. Ошондуктан чыдап, тогуз ай бирге жашадык. Аны деле жаман деп айта албайм, кемчилик бардык эле адамда болсо керек. Ичкиликтин азабынан болду мунун баары. Жаңы жыл күнү ичип келип көкүрөккө катуу муштаган, төш сөөгүм сынып кетиптир. Мен өзүмдү коргоюн деп үбөлүк менен аны башка чапкам. Тогуз күндөн кийин кайтыш болду. Ал күнү ооруканга алып барганда үч күндөй дарыгерлер карабай коюп, комадан чыкпай үзүлүп кетти. Милицияны, "Тез жардамды" өзүм чакыргам. Кайнагаларым да келген".

Кундуз менен бирге жазасын өтөп жаткан 51 жаштагы Айкан Ачилова дагы күйөөсүн өлтүрдү деген айып менен соттолгон. Ал дагы ичкиликтин, зомбулуктун курмандыгы.

Айкан Ачилова.
Айкан Ачилова.

"Балдарым чоңойду. Эки кызымды турмушка бердим, экөөнү Бишкекке жибердим. "Эми сага болушканга эч ким жок, кыздарың жок" деп, атасы бир күн мурун көгөртүп, аябай сабады. Бир колум иштебей калды. Эртеси дагы ичип алыптыр, мен уктам калган элем. Ойгонуп, сыртка чыксам айбалтаны жанына коюп, аракты куюп, өлүп калыптыр. Аны эмнеге алып келген, мени өлтүрөм дегенби, белгисиз. Тергөөчүлөр, милиция баары келишти. Мен аларга "сыртта өлсө да мейли эле, менин короомдо өлдү, мен өлтүрдүм" деп моюнга алып алдым".

Кундуз Кудайбергенованы Бишкек шаардык соту кылмыш жана жаза кодексинин 138-("Ден соолукка оор залака келтирүү") беренеси менен 13 жылга абакка кескен. Анын үч жылы кыскарып, келин 10 жылдын төрт жылын абакта өткөрдү.

"Башында 13 жыл берген. Мен апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылдым. Чындыгында, менин таламымды талашып, чуркаган киши болбой калды, мага мамлекеттик жактоочу бөлүп беришкен. Ал чала иштеди. Менин саламаттыгым боюнча экспертизанын жыйынтыгы шаардык соттун отурумунда гана көрсөтүлдү. Ал жерде маркум күйөөмдүн урганы, анын денеме олуттуу залакасы тийгени жазылган. Ошентип, эки жылым кесилди. Кайнагам 15 жыл сурап, Жогорку сотко кайрылыптыр. Анын жообун колонияга түшкөндө уктум. Жогорку сот шаардык соттун чечимин гана күчүндө калтырыптыр. Кийин кодекс өзгөрүп, пробация болгондо дагы бир жылымды кыскартып беришти".

№2 түзөтүү мекемеси. (Аялдар абагы.)
№2 түзөтүү мекемеси. (Аялдар абагы.)

Айкан Ачилованы Баткен облусунун Лейлек райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ал Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда кармалып, соттон кийин бул колонияга жеткирилген.

"28 жыл бирге жашадым, аябай ичет эле. Урса да баарына чыдап жашап жүрдүм. Бул экинчи турмушум. Биринчи күйөөм ала качып кетип, андан кетип калгам. Бир уул төрөгөм, балам чарчап калды. Кийин бул жолдошум да ала качып кетти. Качан болсо көзүм көгөрүп жүрчүмүн. "Күйөөсү бар таяк жейт, күйөөсү жок куйрук жейт" дечү беле? Ким сураса ушинтип жооп берер элем. Айрымдар мени күнөөлөп жүрүштү, бирок кошуналарым гана мени аяп айтып коргоп калышчу. Акыркы күндөрү алар да үйүнө киргизбей калышты. Жолдошум алардын үйлөрүнө кирип, баарын чачып, мени алып чыгып кетчү. Балдарым менен суукта, жаанда көчөдө калган күндөрүм болду. Ошондо да аларды сиңдимдин үйүнө жиберип коюп, өзүм кайра күйөөмдү издеп жөнөчүмүн. Ичип бир жерде кулап калбасын, өлүп калбасын деп карачу элем. Эмнеге антип жүрдүм?".

№2 түзөтүү мекемесинде 300дөй аял бар. Эң жашы 17, улуусу 75ке чамалап калган. Учурда соттолуп, абакта күн өткөрүп жаткандардын басымдуу бөлүгү шылуундук, маңзатка байланыштуу беренелер менен отурат. Арасында алты балалуу аял бар.

Абактагы аялдар.
Абактагы аялдар.

Абактын кызматкери Гулира Калекеева үй-бүлөлүк зомбулук менен түшкөн келиндерге психологиялык жардам берилет дейт:

Гулира Калекеева.
Гулира Калекеева.

"Бул жакта отряддар менен бөлүнөт. 1-2-отрядда көбүнчө иштеген аялдар. 3-4-отряддын айрымдары да иштейт. Бул жактагы аялдардын тагдыры ар кандай. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, өзүн коргойм деп кылмышка баргандар да бар. Негизи андай аялдар көп эле. Биз бул жакта аларга психологиялык жардам көрсөтүп, маселесин түшүнгөнгө аракет кылабыз".

"Балдарым энесиз өстү..."

Биздин каармандарыбыз Кундуз Кудайбергенованын биринчи турмушунан бойго жеткен кызы, Айкан Ачилованын төрт кызы, неберелери энесиз өсүп жатат. Аялдар абактан эртерээк бошонуп чыгып, балдарынын жанында болом дегенде эки көзү төрт.

Кундуз Кудайбергенова.
Кундуз Кудайбергенова.

Кундуз Кудайбергенова: Ата-энем улгайган адамдар, апам ооруп жатат, майып. Баламдын жанында болбой, анын мүнөзүн жакшы түшүнбөй калат экенсиң. Буга чейин келип турчу, бир айдан бери сүйлөшө элекпиз. Акыркы учурда кызым түнт болуп, сүйлөсөң эле ыйлап жиберет экен. Тогузду бүткөндө эле бул жактан паспорт алып берип, аны окууга тапшырттым. Бул жакта нервден, ден соолуктан деле ажырайт экенсиң. Адамдын психикасы да бузулат экен. Кызыма деле жаман болду. Энеси отуруп чыккан деген сөз ага кандай катуу тиет! Ага дайыма "Ойлонбо, баары жакшы болот. Мен эле жалгыз эмесмин, балам. Бул дагы кырсык" дейм.

Айкан Ачилова: Чоң кызымдын экинчи баласы төрөлгөндө камалдым. Экинчи кызым неберемди Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайда отурганымда төрөдү. Аны Бишкекке келгенде төрт ай дегенде көрдүм. Дагы бир кыз төрөптүр, аны кечээ жакында алып келип көрсөтүп кетти. Кудайга шүгүр, куда-кудагыйларым, күйөө балдарыма ыракмат. Кыздарымды колдоп, "Сенин атаң көп иччү, энең аны өлтүрдү" деп жеришкен жок. "Кудай кааласа апаңар келет" деп сооротуп турушат. Эки кызым турмушта, төрт неберем бар. Бул күндөр да өтөөр. Үч кызым чоңойду, кичүү кызыма эле кыйын болду.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылы 21 аял, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Ал эми соңку алты жылда 100дөн ашык аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. Ошол эле учурда соңку алты жылда 100дөн ашык аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн тарапты өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Биз массалык маалымат каражаттарына акыркы эки жылда чыккан кабарларды карап көрдүк. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Зомбулук көрсөткөн күйөөсүн өлтүрүп алган аялдар" тууралуу 20дан ашык кабар жазылган. Алардын үчөөндө аял аффект абалында болгону белгиленип, "өзүн коргоп" кылмышка барган деген жүйө менен сотто же мунапыс менен бошотулган. Үч аял үч жылга, бешөө сегиз жыл, дагы бир аял 15 жылга соттолгон.

Укук коргоочулар мындай көрүнүштөр боюнча так стастистика жок экенин, соңку көрсөткүчтөр алар чогулта алган гана маалыматтар экенин белгилешет.

Аялдар абагы.
Аялдар абагы.

Абактын өзүнүн эрежелери бар. Күнүмдүк иштерден тышкары маданий иш-чаралар, окутуулар да уюштурулган. Темир тор артындагы андай сынактарга, концертке кесиби кыргыз тилчи Кундуз Кудайбергенова активдүү катышат.

Ал эми Айкан Ачилова тигүү цехинде эмгектенет. Иш үстүндөгү аялдарды абактан чыккандан кийинки жашоо, кайра коомго аралашуу, жумуш менен камсыз болуу деген суроолор түйшөлтөт.

Аялдар тигүү цехинде иштешет.
Аялдар тигүү цехинде иштешет.

Цехте аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир аял күйөөсүн өлтүрүп, сегиз жылга абакка кесилген экен.

Аялдар абагы.
Аялдар абагы.

- Мен бул жерге зомбулуктан улам келдим. Күндө уруш-талаш, уруп-сабоодон башым арылбады. Милицияга кайрылгам, бирок алар "үй-бүлөлүк маселени өзүңөр чечкиле" дешти. Камакка алып, кайра чыгарып жүрүштү. Акыркы окуя баарына чекит койду. Ал күнү эшик жабык, эч жакка чыга албай калдым. Ал мени сабаганда эсимди жоготуп койчумун. Акыркы жолкуда эми туруп жатсам, мен тарапка колун көтөргөндөй болду. Андан аркысы эсимде жок. Өзүм да түшүнбөй калдым. Мен анын жүрөгү кармап калдыбы деп ойлогом. Ал каза болгондон кийин милицияны да өзүм чакырдым. Сот болгондо мага жакшы судья туш келди. Ушунча жыл ичинде анын аты-жөнү да эстен чыгып кетти. Бул чынында эле өзүн-өзү коргоо болчу. Күбөлөрдөн сураганда да алар да өзүн коргоо болгонун белгилешкен. Майга чейин отурам. Дагы жети ай калды.

- Эмнелерди кыялданасыз?

- Чынын айтсам, кыялдар деле жок. Жок дегенде эң кичүү баламды окутушум керек. Мурда мүмкүнчүлүк болгондо алар келип турушчу. Азыр эми шарт жок. Бул жактан тапкан акчамды баарын балдарыма жиберем. Эң кичүү кызым 14 жашта. Азыр ал интернатта. Байкуш балдарым энесиз чоңоюшту.

Жазык кодексиндеги коргонуу беренеси.
Жазык кодексиндеги коргонуу беренеси.

"Коргонуу зарылдыгы" Жазык кодексинде белгиленген. Мисалы, 49-берененин 1-бөлүгүндө: "Кол салган адамга, эгерде коргонуучу же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен кол салуу коштолсо, коргонуучу же башка адамдардын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомго коркунуч келтирген кол салуудан коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо, башкача айтканда, зарыл коргонуу абалда келтирилген зыян кылмыш деп саналбайт".

Адистер, бул берене иш жүзүндө өтө сейрек гана эске алынарын белгилешет. Алардын бири жактоочу Назира Абдумуминова:

Назира Абдумуминова.
Назира Абдумуминова.

"Аял киши зомбулук көрүп, кыйынчылыктарды башынан өткөргөнү үчүнбү жазасына баш ийип, өкүнүп калат. Анткени, аялдардын басымдуу бөлүгү бирөөнүн өмүрүн атайын кыйыш үчүн эмес, кордук, зомбулуктан өзүн коргош үчүн айласыз кылмышка барат. Аргасыздыктан же өзүнө кол салып, өзүнүн ден соолугуна коркунуч туудурган кезде өзүн коргоп, кылмышка барышы мүмкүн".

Адатта мындай берене менен соттолгон аялдарга сот жана тергөөдө: "Эмне үчүн буга чыдадың же кетип калган жоксуң?" деген суроо берилет.

"Чыдап деле жашагандар болот. Бирок, ушинтип аягы өлүм менен аяктайт турбайбы. Менин жанымда кордук көрүп, бети-башында тырыгы бар аялдар көп. Болбогон нерседен уруш-талаш чыгат, ичкилик же кызганыч себеп болот. Анын аягы ушинтип аянычтуу аяктайт. Чындыгында, эч ким атайлап өлтүрбөйт. Сот процесси эки эсе сокку болот. Анткени, ар ким туш тараптан ар кандай суроолорду берет. Адам өзүн токтото албай калат, ошондуктан, сотто көп суроолорго жооп бере албай калгандар болот. Чараны окуп туруп чыгып кеткенде жаның чыгып кеткендей эле болосуң. Чыркырап ыйлап каласың. Бул жерде канчасынын баласын жулуп, балдар үйүнө алып кетишет", - деди Кундуз Кудайбергенова.

"28 жыл эмнеге чыдап жүрдүң деп сурашты. Балдарды атасы жок калбасын деп айттым. Экинчи күйөөм эле, биринен кетип, экинчсине тийип, андан да кетпейин деп ушунча чыдадым. 28 жыл... Жаманын жашырып, жакшысын ашырып, чыдадым. Өлгөн адамды жамандай албайм, миң жаман болсо да менин жолдошум. Кыздарым ага далай жолу "апама тийишпеңиз же башканы алыңыз" деп айтышкан. Ал дайыма "билбей калдым, мас болуп калдым" деп актанчу. Ошентип чыдап келдим", - деди Айкан Ачилова .

Психолог Сейил Калдыбаева зомбулукка чыдап жүрө берүүгө болбойт деп кеңеш берет.

Сейил Калдыбаева.
Сейил Калдыбаева.

"Аялзаты чыдаш керек, кичинекей урушка эле кетип калбаш керек" деп эл өзү чектей берет. Сүйгөн үчүн уруп атат деп акташат. Кызыгы, биздин коом күнөөлүү адамды эмес, жабыркаган адамга күнөө артат. Мен адис катары зордук-зомбулук болгон учурда кетиңиз, ага чыдабаңыз деп айтам".

Ушул тапта абактан тышкары убактылуу кармоочу жайларда ар кандай кылмыштарга шек саналып 95 аял кармалып, сот чечимин күтүп жаткан кези. Алардын арасында дагы төрт аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн адамды өлтүрүп кармалгандар.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай пикирде:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Мен бир ай ичинде Кыргызстандагы жети тергөө абагына кирип чыктым. Ал жактагы эки миңге жакын адамдын 100гө жакыны аялдар. Арасында эмчектеги балдары бар, боюнда бар аялдар бар. Бул жакта калган балдарынын абалы кандай болот? Балдары апасын аргасыз кылмышка барды деп аяйбы же кылмышка барганы үчүн айыптайбы?Демек, мамлекет аялды соттоп жатканда анын үй-бүлөсүн, балдарын да жазага тартып жатат".

Абактагы аялдар кандай шарт болбосун жакшылыктан, жарыкчылыктан үмүт үзбөй келишет. Анткени, аларды сыртта бала-чакасы чыдамсыздык менен күтүп турганы аларга дем-күч берет. Ар биринен эркиндикке чыккандан кийинки жашоо тууралуу кыялы менен чымырканып жашап жүргөнүн угууга болот.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG