Жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, саламаттыгына оор залака тийди. Бул окуя коомчулукта аскер бөлүктөрүндө токтобой келаткан өкүмзордуктун кезектегиси катары сындалып жатат. Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө жоокерди сабаганга, өкүмзорлукка, тоноочулукка эмне себеп болду? Аскер бөлүктөрдөгү адамды басмырлаган өкүмзордук, коркутуп акча өндүрүү өңдүү уставга сыйбаган аракеттердин токтобой келе жатканынын себеби эмнеде? Аны токтотуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек? Кыргыз армиясында туруктуу иштегендерди жана кыска мөөнөт милдетүү кызмат өтөгөндөрдү социалдык жактан камсыздоо деңгээли кандай? Адеп-ахлактык көндүмдөр жолго коюлганбы? Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издейбиз
Аскердеги өкүмзордук качан токтойт?
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2024
Кыргызстанда насыя эмнеге кымбат?
-
Июнь 26, 2024
"Апрелчилерди" араздаштырган сунуш: мыйзам жана түшүнүк
-
Май 28, 2024
Сүттүн баасы: Эл өкүлдөрү менен өкмөттүн талашы