Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Армения: Пашиняндын саясий блогу алдыда


Никол Пашинян добуш берүү маалында.
Никол Пашинян добуш берүү маалында.

Арменияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку жыйынтыктар боюнча, Никол Пашиняндын “Менин кадамым” саясий блогу көпчүлүк добушту алды. Экс-премьер Пашинян мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоодо элдин толук колдоосун күтөөрүн айтты.

Май айындагы кансыз төңкөрүштүн арты менен бийликке келген Никол Пашинян Арменияны көптөн бери башкарган саясий элитанын колунан сууруп чыгуу дымагы бар. Советтик доордон калган, коррупцияга жана тууганчылыкка малынган бийликтен өлкөнү арылтыш үчүн октябрда парламент таркатылып, Пашиняндын демилгеси менен Арменияда жаңы шайлоо өттү.

Никол Пашиняндын айтымында, бул жолку шайлоо элдин маанайын жана колдоосун билиш үчүн керек.

- Биз чыныгы эркин, ачык жана демократиялуу шайлоо өткөрөбүз деген негизги максатыбызга эми жеттик деп айта алам, - деди Пашинян. - Демократия – биздин башкы максатыбыз жана биз ага эми гана жетишип отурабыз. Келечекке болгон негизги максатыбыз – Арменияда демократияны институционалдык деңгээлде күчөтүү.

Мурунку бийликтин камчысын чаап, ошондо күч топтогон Республикалык партия 2017-жылы шайланган парламентте көпчүлүктү түзгөн. Алар май айында кыйла күчөтүлгөн премьер-министрлик кызматтан кол жууп, эми парламенттеги көпчүлүк мандатынан ажырап жатат.

Республикалык партиянын лидери, мурунку премьер-министр жана экс-президент Серж Саргсян добуш берүүгө келди. Бирок санарип аппарат Серж Саргсяндын баш бармагын тааныбай, экс-президент бардык манжаларын сканерден өткөрүп чыкты.

Кийинки убакта бир топ аткаминерлер кызматтан бошотулду, айрымдары камалды. 7-декабрда сот мурунку президент Роберт Кочарянды конституциялык түзүмдү кулатуу аракети үчүн кайра абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Алгач ал июлда кармалып, анын иши соттун кийинки инстанциясына жөнөтүлгөн болчу. Кочарян - өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарган Армениянын экинчи президенти.

Эл аралык байкоочулар бул шайлоодо азырынча олуттуу мыйзам бузуу байкай элек, анткен менен кандайдыр бир бүтүм чыгарууга да эрте экенин жатышат.

- Бул шайлоонун айланасында жакшы маанай түзүлүп жатат. Анткен менен биз бейтарап жана эч жакка тартпай иштешибиз керек. Андыктан жеке симпатияга жол бербейбиз. Биз шайлоо эл аралык стандарттар жана Армения мыйзамына шайкеш келишин камсыз кылыш үчүн байкоо жүргүзүп турабыз. Саясий бааны башкалар берсин, - деди ЖККУнун байкоочуларынын башчысы Урсула Гачек.

Парламентке быйыл 9 партия жана 2 блок ат салышты. Баштапкы сурамжылоолордо Пашиняндын “Менин кадамым” саясий блогу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болот деп болжолдонуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG