Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

13:14 8.4.2021

Назгүл Турдубекова: Айзаданын апасы милицияга кызын уурдаган адам коркунучтуу экенин эскерткен. Кыз камералар жайнаган көчөдөн уурдалып жатат. Аны бат эле тапса болмок. Милиция буга дароо реакция кылышы керек болчу. Бирок милиция балким бул ала качуу деп ойлогон. Өз милдеттерин унуткан. Ички иштер министрлиги отставкага кетсин.

13:01 8.4.2021

Митингге катышуу үчүн келген Сыймык Рыскулов аттуу адам ушундай окуялардын болуп жатышына эл дагы күнөөлүү экенин айтты. "Анткени ушинтип укугун талап кылып митингге чыкса эле "батышчыл" деп жамандап, социалдык тармакка ар кандай пикирлерди жазып атышат. Ала качуу бул салт эмес, бул - үрп-адат. Ал эми үрп-адаттын да жаман-жакшысы бар, иргегенди билели", - деди ал.

12:57 8.4.2021

12:55 8.4.2021

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразы тарап Канатбекованын убагында табылбашы - милициянын шалаакылыгынан кабар бере турганын билдиришти.

Алар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.

"Отставка!", "Уят!", "Министр кетсин!", "Жетишет!", "Ала качуу салт эмес!", "Аялдарга сөз!", "Коопсуз мамлекетте жашагым келет!" деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

"Дагы канча өлүм керек?"," Шалаакылык үчүн ким жооп берет?", "Мен жашагым келет!" деген жазууларды, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Акциянын катышуучуларынын алдында Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа бериле турганын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG