Филолог эжеке
Институтта мыкты окуп, дурус билим алган бийкеч мектепте иштей баштаганда көп нерсеге көңүл деле бурбаптыр. Убакыт болсо билинбей өтө берди. Сабактан кийин үйүнө келип, китеп окуйт, анан кыйла убактысы кыял кемесинде калкыйт. Китептен башка эрмеги, кызыкчылыгы деле жок болчу.
Беш кыздын кенжеси атасынын үйүндө көпкө отуруп калганы өзгөчө такылдак жеңесине жакпай калган окшойт. Үйдөгүлөргө бир сырдуу кыздын өзүнчө дүйнөсүнөн чыкпай, жалаң китеп менен жашап жатканы, адабий чыгармалардан таап алган тагдырларга суктануусу кызык деле эмес экен.
Айылда кимдин кантип жашап жатканы белгилүү, туугандарга кыздын тезирээк күйөөгө тийип, чуурултуп бала төрөп, очор-бачар жашаганы кызык. Бул жагынан эжеси жолдуу чыкты, күйөөсү табарман неме экен, машина минип, айылга келгенде атасы менен апасы берешен күйөө баласына берерге ашын таппай, калдастап калышат. Окубаганы менен ушу кызы бактысын күйөөдөн тапканын апасы канчадан бери кулагына куюп келатат.
Окууну жакшы окуп, жогорку билим алып, айылга ата-энесинин мандайына келген кенжесинин отуруп калышы ата-энесин көптөн бери ойлонткон, кызынын сабак окутуп коюп кадалып китеп тиктеп, үйдөн чыкпай отурганы кимге жаксын. Өң десе өңдүү, акыл-эстүү, айылдагы билимдүү кызынын бир айыбы тартынчаактыгы, сүйлөшкүсү келбеген адамын карабай китебин көтөрөт да башка бөлмөгө чыгып кетет. Анысын көрүп апасы "чырай берген менен жылдызың болбосо, сулуулугуң бир пул" деп бир сырдуу кызынын жүрүм-турумуна нааразы.
Анысы болсо адабият сабагын кантип өтсөм экен деп айылдын балдар-кыздарынын баарын билимдүү кылгысы келет, антип маанилүү ишти ойлоп отурса “камырды ийлеп коюп кетиңиз” деп жеңеси тапшырма берип атпайбы. Мектептен келгенден кийин жасайын десе караңгыда “кайсы жинди нан жабат, үйдөгүлөр эмне жейт” деп булкунуп чыгып кетти. Камырды кайын сиңдиси жууруп коймок, бирок иши чыгып атпайбы, ишим бар эле деп мектептен калабы?
Жеңе менен кайын сиңдинин кер-мур айтышы камырдан чыгып, заар тил жеңеси “жакшы болсоң, талашка түшүп эрге тиймексиң!” деп атыры. О, кокуй, жакшы кыздарды төр кары кылбай алып кетет экен да. Жеңесинин акылы жеткен нерсе ушул экен. Ага капа деле болгон жок, айылдагы кемпир-кесектердин көбүнөн күн алыс угуп жүргөн сөзү. Бул бечараны күйөөгө тийгизгенден башка жаңылык айылда жок калган окшойт. Жеңеси экөөнүн кыл келбей калышканын апасы эжесине айтыптыр, тигиниси синдисине күйөө издей баштады.
“Ошондон кийин арадан көп өтпөй эле, эжем такси жалдап келди, дасторконго күйбөй, мени жанына чакырды. Көңүлү ачык, шайдоот мүнөзүнөнбү үнү шаңкылдап таза, бийик чыкты:
– Жакшы кабар алып келдим. Сага көзү түшкөн бирөө сөз айттырып жатат.
– Сизгеби?.. – дедим өлүмүш болуп.
– Анан кимге? Сага айтмакпы?
– Ким экен ал?
– Билесиң сен, силердин мектебиңерге жардам алып келет. – … Ойлоно калдым. Ким болушу мүмкүн? Эжемдин үй-бүлөсү чоң кызматта иштегендерди такыр атынан айтчу эмес. Баланча Түкүнчөевич же «евич», «евна» дешип, өздөрүнчө да, башкалардын көзүнчө да урматтаппы же жасакерлениппи атын атасынын атына жалгаштырып сүйлөйт.
– Төрөгелди Мамырович сага ашык болуп калыптыр…
– Соцфонддо иштегенби? Ал чоң киши го… Атамдай кишиниби?
– Сен эмне, жапжаш секелек белең? Жашыңды айтчы? – Эжем зекип, өктөм сүйлөдү. Бир аздан кийин кайра жумшаргансып, көңүлүмдү жайгара уга берип бышыкулак болгон сөздөрүн кайталады.
– Качанга чейин атам-апамдын бешенесинде отурмак элең? Өз тирилигиңди кылып, бала-чакалуу болушуң керек. Бара турган жериңдин өлсө, өлүгү артык. Ал кишиге көз арткан, шилекейи аккан кыз-келиндер канча? Сен билбейсиң да… – Акыркы сөзүн улутунгансып, арманы барсынып, муңайым айтты”.
Буларга кенже кыздын эптеп эле күйөөгө тийиши керек тура. Жашы, көңүлүнө төп келер адам болбосо деле мейли экен, сезим деген нерселер буларга жат тура. Кызга “мүнөзү токтоо, билимдүү, жан-дүйнөсү өзгөчө бирөө” керек. Анын сырт түспөлү, байлыгы-кедейлиги анчалык деле мааниге ээ эмес. Кыялдагы адамы акыры бир күн жолугарына ишенет. “Ал мени таппай жүрөт” деп өзүн сооротот.
Ала качуу
Аны менен үйдөгүлөрдүн кандай иши бар, сунуш кылган кишиси эки баласы менен аялын кетирген бирөө экен. Андан да кызыгы бу узун этек жандуу шумпай жаш кезинде чоң эжесине ашык болуп, күүгүм талаш экөөнүн жашыруун жолугарын секелек кезинде көрүп калган жайы бар. Анан кийин шыпылдаган тигиниси башка бирөөгө үйлөнүп, райондук финансы бөлүмүндө иштеп, айылдагы байлардын бири болуп чыга келди. Эми уялбай сиңдисине көзүн кызарта баштаптыр, уятсыз.
Байлыгына, кызматына чиренип, анча-мынча адамдарга салам бербеген, чедирейген курсагын сылап, дайыма атыр себинип жүргөн сылаңкороз немеге тийип жинди болуппу. Эл нанга жетпей кыйналып турганда бийликтин май талканын жеп тайраңдаган катынпозду түнт кыз жактырчу эмес. Ошол чоң курсак мектептин жардамга муктаж балдарына гумжардам алып келип, аны тараткандан кийин мугалимдер жайган дасторконго чогулушкан, ошол жерде анын кандайлыгын көрдү.
“Оозу жыйылбай күлүп, жашыраак эжекелерге көз кысып, тийишип сүйлөп, жасакерлене ысылык сунуп, ойноктогон көзү менен келбеттүүрөөк, сулууча кыз-келиндерди оюнда чечиндирип көрүп да, үлгүрдү окшойт…
Жетимдердин тонун майлоо отурушу баштан-аяк бир кишинин каш-кирпигин койбой мактап-жактаган кооз сөздөр менен башталып, ичкиликтен бошогон бөтөлкөлөр бутка чалынышканга чейин түгөнбөдү”.
Анча-мынча кишиге ачыла бербеген бир сырдуу кыздын тагдыры жаман көргөн кишисине байланып каларын анда ким ойлоптур. Мугалимдер менен чоң курсактын отурушунан көп өтпөй ооруп калган эжекесинин ордуна башка класска сабак өткөнү кирген.
Мугалим жокто классты башына кийип алган жалаң тентектер чогулган класста сабакты мыкты окуган Альва деген кыз бар экен. Кийими таптаза, тыкандыгын айт, бир жаман жери апасы акыл-эс оорусунан жабыркап ооруканада жатканын жанындагы такылдаган окуучудан уккан.
“Бир күнү Альва мектепке капалуу, ызалуу келди. Сабактан деле жооп бергиси келбей, партага башын жөлөп, ооруп жаткандай түр көрсөтүп отурду. Кабатырландым, бирок билдирбедим. Көзүмдүн кыйыгы менен уурдана ар бир кыймылын көзөмөлдөп, сабакты бүтүрдүм.
Экөөбүз ээрчише мектептен чыктык. Кабагы дале ачылбады. Маңдайын сылап, эркелете боорума кыстым. Ушуну эле күтүп тургандай кичинекей кыз өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоду. Эч нерсе дебедим. Ыйлап бугу чыккандан кийин энтиге-энтиге барып токтоду. Бир оокумда алдыман тороп алды да, эки колумду бекем тартып, жалынып жиберди.
– Сиз мени апама алып барасызбы?! – … Эмне дээримди билбедим. Бир канча тынымдан кийин билсем деле, оозум барбай жатып сурадым.
– Апаң каякта?
– Ооруканада…
– Оштобу, же каякта?
– Майлы-Суу деген жерде деген таенем. Баргансызбы?”
Ошол Альвага убада кылып апасына алып бармакчы болуп жүргөн күндөрдүн биринде анын өзүн ала качып кетишти, болгондо да сергек кыздын экинчи апасы болуп, деле жактырбаган адамынын ала качып алган экинчи аялы болуп отуруп калды. Жулкунган аялдардын, дөгүрсүгөн эркектердин зомбулугуна каршы тура албады.
Кымбат баа буюмдар шыкалган жети бөлмө үйдө айласыз күн өткөрүп жүргөндө басса-турса Альваны гана ойлоп жүрдү. Жек көрүндү атасына тийип алган эжекесине Альва кыз жолукпаганга аракет кылып, анын карааны көрүнгөндө алыстап өтчү болгон.
“Күндөрдүн биринде күйөөм жумуштан кеч, кызуураак келди. Төшөктө жатканда эңкейип жерден чөп албаган ак кол, болпойгон жумшак колу менен сылап-сыйпап, төгүлө өпкүлөп, кулакка жагымы ушундай бир дүүлүктүргөн сөздөрдү айтып, эркелетип, жанын сабап козгогусу, кумарланткысы келди дейсиң…
Деңдароо сыяктуу ындымым өчүп, кубаттап, коштоп жооп берүүгө алым жетпей, үлүл сыяктуу кабыгымда бүрүшүп-тырышып, мазесин кетирдим. Ошондогу анын бир сөзү акыркы чечимимди тездетип жибергенсиди…
– Чын эле мерез турбайсыңбы… Муздагыңдан жаныңа жаналгыч да жолой албайт… – деди, оор үшкүрүп, кыйгачына оодарылып, артын салып жатып алды.
Сырттагы чымчылаган ызгаарга үйдүн суугу кошулуп, туш тарабымдан ызырынгансып, жанагы уу сөз мээме сайылып, калчылдап үшүгөнүмдү көр… Жерге чубалган узун, апапакай үлбүрөгөн түнкү көйнөктүн какшагын, оордугун көтөрө албай, жаным карайды.
Азаптуу күндөрүм көпкө созулбады. Эч кимге жаман айта албадым. Мени тындыргысы келген апамды, бирөөнүн оокатына кызыгып, тагдырымды оңой эле экчеп койгон атамды, менин паанам менен пайда көргүсү келген эжемди, кала берсе мени жактырып калган адамды да күнөөлөп-күнөөлөй албай шаарга, облустун борборуна келе бердим…”.
Кийинки жашоо-турмушу шаарда уланды. Тааныштарын салып билим берүү башкармалыгына ишке кирди. Жаңы жумушу мурдагыдай балдар-кыздар менен мамыр-жумур жүрүп билим берүү эмес, мектептердин ишин тескеген, көбүнчө толгон-токой кагаздарды толтурган, ар кыл-эсеп-кысаптарды жүргүзгөн иш болчу.
Ушул жерден ал чоң кызматтагы өзүнөн кыйла улуу адамды кезиктирди. Анын карылыкка ыктап бараткан жашоосуна шаң, көрк берген эрмегине кантип айланганын өзү да билбей калды. Окулбаган каттарды ошол “биринчиге” арнап жазды. Анысын өзү гана окуп, башкалар билбей калды. Ой-боюна койбой тагдыр кездештирген улуу адамга сезимин билдирип узун-узун каттарды жазды. Анын баары “Саламатсызбы” деп башталчу.
Буга чейинки өтмүшүн сурабай, бекем катылган сырына баш бакпай, жашырын жолугуп жашырын убакыт өткөргөн экөөнүн мамилесин кыз сүйүү деп ойлочу, салык курсак күйөөсүнөн ашкан шылуундун тузагына түшүп калганын, кексе аткаминердин кол жоолугу болгонун билбей жашоого ыраазы болуп жүрдү.
Кеп соңунда автор тууралуу кыскача маалымат, Ризван Исмаилова Ош облусунун Карасуу районунун Савай айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Биртоп прозалык чыгармалардын, илимий эмгектердин автору. Жолон Мамытовдун поэзиясы боюнча илимий ишин жактаган. Кара сөз чыгармалары мезгилдүү басылмаларда жарыяланып келатат.