Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Адатта Капитолийдин жанына жүз миңдеген киши чогулуп, ант берүү салтанатына күбө болот. Көптөр аземди жер-жерлерде орнотулган чоң экрандардан көрүшөт. Бирок 6-январдагы окуялардан кийин Улуттук гавардиянын 25 миңдей жоокери жайгаштырылып, инаугурация өтчү жерди темир тор менен курчашкан. 6-январда Трамптын тарапташтары митинг өткөргөндөн кийин, жаалданган топ Конгресстин жыйыны учурунда Капитолийге кирип барышкан.

Бирок ал окуяга чейин эле инаугурация пандемияга байланыштуу чектелген форматта өтөөрү жарыяланган.

Көрүүчүлөрдүн ордуна Байден ант бергенде Капитолийден Вашингтон монументине чейин орнотулган 200 миң желекти карап турмакчы.

Вице-президенттикке киришип жаткан Камала Харристи ант берүү аземи өтүп жаткан аянтчага полиция кызматкери Юджин Гудман коштоп келди. Ал 6-январда Капитолийге сүрмө топ кирип келгенде алардын бир нечесин жыйындар залынан алыс ээрчитип алып кеткен. Дал ошол учурда Конгресс мүчөлөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитип жатышкан эле.

Шайланган вице-президент Камала Харрис күйөөсү Дуглас Эмхофф менен келди. Харристин атасы АКШга 1961-жылы Ямайкадан көчүп келген, Стэнфорд университетинин профессору. Апасы 1959-жылы Индиядан келип, АКШдагы Онкология жана ген изилдөө тармагында биолог болуп эмгектенген. Харрис өзү узак убакыт бою Калифорниянын башкы прокурору болуп туруп, 2017-жылы Конгресске шайланган.

Ант берүү аземинен түз эфир

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG