Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

АКШ: Трамп Кентуккиде, Байден Вермонтто алдыга чыгууда

Кошмо Штаттардын башкы медиа каражаттары айрым штаттардагы шайлоонун алдына жыйынтыктарын жарыялай башташты. "Америка добушу" радиосунун интерактивдүү картасы көрсөткөндөй, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп Кентуккиде алдыга чыгып, бул штаттагы шайлоочулар коллегиясынын 8 мүчөсүнүн добушуна ээ болоору болжонууда.

Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Вермонт штатында алдыга суурулуп чыкканы маалымдалды. Бул штатта шайлоочулар коллегиясынын 3 мүчөсү бар.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270не ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Бирок АКШнын чыгышындагы добушканалар жабылган штаттарда бюллетендердин баары саналып бүтө элек.

Бишкек убактысы боюнча саат 6:30да Түндүк Каролина, Батыш Виргиния жана Огайо штаттарында добуш берүү жыйынтыкталды. Ага чейин Индиана, Кентукки, Түштүк Каролина, Вермонт жана Виргиния штаттарында да добушканалар жабылган.

Дональд Трамп менен Жо Байден үзөңгүлөш келатышат

АКШнын башкы маалымат каражаттары президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялап жатышат. Ага ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден үзөңгүлөш келатышат.

Ушул сааттарга ылайык, Трамп Кентикку, Оклахома, Теннеси, Алабама, Миссисипи, Батыш Виргиния штаттарында алдыга чыгууда. Эгер божомол туура чыкса, бул штаттардан Трамп шайлоочулар коллегиясынын 46 мүчөсүнүн добушуна ээ болот.

Демократтардын талапкери Жо Байден Вермонт, Массачусетс, Коннектикут, Нью-Жерси, Делавэрде алдыга суурулуп чыгууда. Алдын ала боможолдор ырасталса, Байден бул штаттардан 42 шайлоочулар коллегиясынын добуштарына ээ болот.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Азырынча жогорудагы штаттарда добуштардын баары саналып бүтө элек. Бир топ штаттарда миллиондогон шайлоочулар алдын ала добуш беришкен.

Демократтар Сенатта көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп турушат

Калифорниядагы добуш берүү, 3-ноябрь 2020-жыл.
Калифорниядагы добуш берүү, 3-ноябрь 2020-жыл.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өтүп жатат. Республикачыл партиядан 23 сенатор кайра шайланып келүүнү көздөп турат. Демократиялык партия 12 мандатын коргоо менен бирге Сенатты көзөмөлгө алууну максат кылып жатат.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, азырынча демократтардын сегиз, республикачылардын беш сенатору кайра шайланганы белгилүү болууда. Колорадо штатында гана республикачыл сенатор Кори Гарднер Сенаттагы ордун демократтардын талапкери Жон Хикенлуперге уттуруп жибергени кабарланды.

Соңку эки жылдан бери демократтар Конгресстин Өкүлдөр палатасын, республикачылар Сенатты көзөмөлдөп келишет. 2018-жылдагы орто мөөнөттүк шайлоодон кийин республикачылар Сенаттагы 53 мандатка ээ болушкан.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден үзөңгүлөш келе жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG