Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

Обама: Ооганстандан аскерлер шашыла чыгарылбайт


Ооганстан -- Жалалабад шаарындагы анти-америкалык демонстрациядан бир көрүнүш. 13-март, 2012
Ооганстан -- Жалалабад шаарындагы анти-америкалык демонстрациядан бир көрүнүш. 13-март, 2012

Ак Үйдүн маалымдашынча, 11-мартта америкалык аскердин 16 ооганды атып салуусу Кошмо Штаттардын Ооганстандагы стратегиясын өзгөртпөйт.

Президент Обама жергиликтүү телеканалга берген интервьюда АКШ аскерлери оогандар чек арасын коргой аларына жана “ал-каидачыларды” өлкөгө киргизбегенине ишенип туруп гана Ооганстандан чыгып кетүсү керек экенин эскертти.
Биз чет өлкөлүк аскерлер менен эч кандай стратегиялык кызматташууну каалабайбыз. Ооганстандын төбөлсүз калкы күнкорсуз жашоону каалайт.

Америкалык аскердин Кандагар провинциясында 16 ооганды атып салганы Кошмо Штаттар менен Ооганстандын мамилесин ого бетер курчутту. Мурдараак АКШлык аскерлердин Куранды өрттөгөнү оогандардын чет элдик күчтөргө, анын ичинде америкалык аскерлерге карата нааразычылыгын күчөткөн эле. Вашингтон-Кабыл арасындагы жаңы чатак "Вашингтон Пост" гезитинде жарыяланган сурамжылоо менен тушташ болду.

Суралгандардын 60 проценти Ооган операциясы ашыкча кымбат түшүүдө дешсе, 54 проценти аскерлерди Ооганстандан президент Обама айткан мөөнөттө же 2014-жылдан кечикпей чыгарып кетүү зарыл деп эсептешет.

Президент Барак Обама Ооганстандын президенти Хамид Карзайга кызматтык машинесинен телефон чалып, Кандагардагы кандуу окуяга "аябай кайгырганын" айтууда. Мериленд.11-март.
Президент Барак Обама Ооганстандын президенти Хамид Карзайга кызматтык машинесинен телефон чалып, Кандагардагы кандуу окуяга "аябай кайгырганын" айтууда. Мериленд.11-март.
Бул окуялар Ооганстандан АКШлык аскерлерди чыгарууну тездетпесин президент Барак Обама дүйшөмбү күнү Питтсбурда Си-Би-Ес телеканалынын жергиликтүү бөлүмүнө берген интервьюда айтты. Обама жекшемби күнкү кандуу булоонду “жүрөк оорутчу трагедия” деп атап, аскерлер Ооганстандан өз милдетин аткарып туруп кетүүгө тийиш экенин баса белгиледи:

- Биз эшикке качкандай болгонду каалабайбыз. Граждандык тармактарда биздин жүздөгөн кеңешчилерибиз бар, чыгарып кетчү көптөгөн жабдууларыбыз бар. Биз оогандар өз чек арасын коргой алаарына жана “ал-Каиданы” кайра келтирбегенине ишенгендей болушубуз керек. Ошондуктан бул ишке жооптуу мамиле жасашыбыз абзел.

Азыр Ооганстандагы НАТО аскерлеринин курамында 130 миң америкалык бар.

АКШ жана анын союздаштары негизги күчтөрүн 2014-жылы чыгарып кеткенден кийин Ооганстан өз коопсуздугун өзү камсыздагандай болуш керек.

Кандагардагы кандуу булоон - болжолдонгондой эле-оогандар арасындагы анти-америкалык маанайды ырбатты. Шейшемби күнү өлкө чыгышындагы Жалалабад шаарында 400дөй студент “Америкага өлүм!”, “Биздин жарандарды өлтүргөн аскерге өлүм!” деген ураандарды кыйкырып, көчө жүрүшкө чыгышты. Айрым демонстранттар жоокерди ачык соттого чакырды.

Алардын бири Дадулла Хан:

- Биз чет өлкөлүк аскерлер менен эч кандай стратегиялык кызматташууну каалабайбыз. Ооганстандын төбөлсүз калкы күнкорсуз жашоону каалайт. Биз эч бир өлкөнүн оторчулугу астында жашагыбыз келбейт. Кандагардагы апаатты катуу айыптайбыз жана бийликтен кылымшкерди соттоону талап кылабыз.

Апаат окуя болгон эки кыштактын бири - Баландиге шейшемби күнү келген өкмөттүк делегацияга белгисиз бирөөлөр ок ачты. Кол салуудан бир ооган жоокер окко учуп, башка жоокер жана аскерий тергөөчү жарадар болду. Делегация курамында президент Карзайдын бир тууган иниси, Кандагардын губернатору, чек ара министри жана башка ырасмий адамдар бар болчу.

Бул окуяга жамынып, талиптер кол салууларын күчөтөт деген кооптонуудан улам Ооганстандандагы НАТО аскерлери сактыкты күчөттү.

АКШ бийликтери түн жамынып аскерий базадан чыгып кетип, 16 адамды атып салган жоокер 38 жашта жана эки балалуу экенин, Иракта согушуп жүрүп башынан жараат алганын билдирди.

Коргоо министри Леон Панеттанын сөзүнө караганда, кандуу каргашага жооптуу жоокер АКШнын аскердик мыйзамына жараша өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG