20 жыл мурун "Талибан" кыймылы Ооганстандагы эң чоң маданий, тарыхый жана баалуу деп эсептелген эки Будданын эстеликтерин талкалашкан. Эстеликтер ислам дооруна чейин, 6-7-кылымдарда бийик асканын бооруна таштан чегилип жасалган. Уникалдуу эстеликтердин орду азыр бош турат.
Талибдер талкалаган маданий мурас
20 жыл мурун "Талибан" кыймылы Ооганстандагы эң чоң маданий, тарыхый жана баалуу деп эсептелген эки Будданын эстеликтерин талкалашкан. Эстеликтер ислам дооруна чейин, 6-7-кылымдарда бийик асканын бооруна таштан чегилип жасалган. Уникалдуу эстеликтердин орду азыр бош турат.

1
Эл арасында "Солсол" же Батыш Буддасы деп аталган айкелдин бийиктиги 50 метр болгон. Сүрөт 1997-жылы 28-ноябрда тартылган.

2
"Чыгыш Буддасы" деп аталган айкелдин бийиктиги болсо 38 метрди түзгөн.

3
2001-жылы март айында талибдер айкелдердин бирин жардырып салышкан. Согушкерлер айкелдерди ислам канондорунун чечмеленишине ылайык "жасалма, жалган кудай" деп жарыялашкан.

4
Будданын бош калган орду. Сүрөт 2021-жылы февраль айында тартылган.

5
1968-жылы ошол кездеги Франциянын премьер-министри Жорж Помпидунун Ооганстанга иш сапары учурунда тартыган Бамиандагы археологиялык айкелдердин сүрөтү.

6
1970-жылы тартылган сүрөт.

7
Бамиан айкелдери. 7-декабрь,1997-жыл.

8
Талибдер айкелдердин бирин жардырып жаткан учур. 2001-жылдын март айы.

9
"Талибан" кыймылынын жоочулдары талкаланган айкелдердин үстүндө басып жүрүшөт. 26-март, 2001-жыл.

10
Бамиан өрөөнү. 2005-жыл.

11
Ноябрь, 2009-жыл.

12
Бамиан провинциясындагы ЮНЕСКОнун сактоочу жайында турган Будда айкелдеринин калдыктары. Ноябрь, 2016-жыл. Айкелдерди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр көп жылдан бери жүргүзүлүп келет.

13
Изилдөөчүлөр Будданын айкелдери турган дубалдагы сүрөттөр май кошулган боёктор менен тартылганын жана алар 7-кылымга таандык экенин аныктышкан.

14
Крикет ойноп жаткан балдар. Февраль, 2021-жыл.