Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

АКШ армян геноциди боюнча добуш берүүсү Түркияны ачуулантты


Конгресс комитети резолюцияны жактырышына каршы Стамбулдагы нааразылык. 2010-жылдын 5-марты.
Конгресс комитети резолюцияны жактырышына каршы Стамбулдагы нааразылык. 2010-жылдын 5-марты.

АКШ конгрессинин комитети бейшембиде дээрлик бир кылым мурда армяндардын осмон түрктөрү тарабынан кырылышын "геноцид" деп баалаган резолюцияны жактырды. Кандайдыр бир чара көрүүнү карабаган бул документ Конгресстин элегинен өтөөр-өтпөсү белгисиз, бирок ал Түркияны катуу кападар кылды.

АКШ конгрессинин комитети кабыл алган резолюциядан кийин Түркия бул өлкөдөгү элчисин чакырттырып алды. Жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган «бул резолюция Түркияны чындыгында орун албаган кылмыш үчүн айыптайт» деди.

Былтыр октябрда Түркия менен Армения эки тараптуу алакаларды нормалдаштыруу максатында айрым иш-чараларды башташкан. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу бул аракеттер улана берет дегени менен, алардын парламентте жактырылышы коркунучта экендигин эскертти.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын комитетин резолюцияны четке кагууга көндүрүү үчүн атайын АКШга барган түрк делегациясынын мүчөсү Мурат Мержан мындай дейт:

Түркия чоң, абдан маанилүү өлкө, биз мактанбайбыз. Буга чейин биздин сөзүбүз эки болгон эмес. Өкмөт да, өкмөт башчысы, тышкы иштер министри баары (резолюцияга карата) реакциянын жана ага кандай жооп берүүнүн үстүнөн иштешмекчи.

АКШнын администрациясы америкалык мыйзамгерлерди резолюцияны четке кагууга чакырган эле. Канткен менен Түркия НАТОнун мүчөсү жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чынында да айрыкча мааниге ээ болгон союздашы.

Бирок Армения добуш берүүнү адам укуктарын бекемдеген кадам деп жогору баалады.

Ереванда Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандиян добуш берүүнүн жыйынтыгын «Америка элинин универсалдык адам укуктарынын асыл-нарктарына берилгендигинин дагы бир далили, адамзатына каршы кылмыштарды алдын-алуу багытындагы маанилүү кадам» деп мүнөздөдү.

Армян-америкалык уюмдар ондогон жылдардан бери Конгресстен ал өлтүрүлүүлөрдү тукум курут кылуу аракети деп баа бериши үчүн күрөшүп келишкен, ошондуктан, алар бейшембидеги добуш берүүгө жогору баа беришти.

Ошол эле убакта алар Түркиянын кийлигишүүсүн белгилешүүдө. Америкадагы Армян улуттук комитетинин төрагасы Кенет Хачикян «түрктөр АКШнын конгрессинде добуш берүү же вето кою укугуна ээ эмес экендиги» далилденгендигине айрыкча курсант болду. Ал эми Резолюция эми Өкүлдөр палатасында колго салынат, бирок анын өтөөр-өтпөсү күмөн. Түркиянын союздашы Азербайжан «тарыхты бурмалоо» аракетине нааразы болууда.

2007-жылы да АКШнын комитети ушул эле мазмундагы резолюцияны жактырганда, Анкара өз элчисин чакыртып алган. Президент Буш буга каршы болгондон кийин, документ Өкүлдөр палатасында добушка коюлган эмес. Ал эми түрк элчиси Вашингтонго бир жумадан кийин кайтып келген.

XS
SM
MD
LG