Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Жамийла Муратова: Майкл жөнүндө балдарга айтыш мугалимдик парзым


Лос-Анжелесте кыздар Майклдын урматына шам жагып эскерип жатышат
Лос-Анжелесте кыздар Майклдын урматына шам жагып эскерип жатышат

АКШда поп музыканын падышасы Майкл Жексон 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул кейиштүү кабарды угуп, атактуу ырчынын Кыргызстандагы күйөрмандары да кабыргасы кайышып турат. Алардын бири - белгилүү эстрадалык ырчы жана композитор Жамийла Муратова Жексонду дүйнөдөгү көп элдин жүрөгүнөн орун алган инсан деп билет.

-Маалыматтарда америкалык белгилүү ырчы жана музыкант Майкл Жексон 50 жаш курагында дүйнөдөн өткөнү кабарланууда. Ушул Майкл Жексондун чыгармачылыгы кыргыз эстрадасына кандай таасирин тийгизди?

- Майкл Жексондун чыгармачылыгы бир гана кыргыз эстрадасына эмес, жалпы дүйнөлүк поп музыкага көп салымын кошту деп ойлойм. Анткени, ушунчалык бийик деңгээлдеги, бийик даражадагы ырчы катары сыйлап өтөөр элем. Джексон өзүнүн ушунчалык өзүнүн оригиналдуулугу менен дүйнөдөгү көп элдин жүрөгүнөн орун алган инсан катары бааласак болот.

- Сиз композитор катарында Майкл Жексондун чыгармаларынан кандайдыр бир таасир алдыңызбы?


- Көп ырларын билем, көп альбомдору бар, анда көптөгөн из калтыра турган ырлары бар. Адамдын жүрөгүн козгогон бир гана сүйдүм-күйдүм эмес, глобалдуу маселелерди камтычу эле өзүнүн чыгармаларында. Мен курактуу дүйнө жүзүндөгү ырчылар, музыканттар Майкл Жексондун ар бир чыгармасынын аранжировкасына, мастерлик бийик сапаттарына көп маани берип, балким өздөрүнүн чыгармасында Жексондун чыгармасынан илип өтүп, өз чыгармасына да кошкондур деп ойлойм.

- Сиз учурда Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында да сабак бересиз. Студенттер азыркы муун менен катнашыңыз абдан жакшы. Азыркы муун Майкл Жексондун музыкасын кандай кабыл алышат?

- Азыркы шаарга жакын жерден келген жаштарда Майкл Жексон тууралуу кеңирээк маалыматы болуш керек чет райондордон көрө. Бирок ошентсе дагы алыскы-алыскы райондондон балдар окууга келишет. Дүйнөлүк бийик чыгармачыл мастерлер тууралуу аларга көп маалымат берсем - мен үчүн чоң жетишкендик. Музыкалык окуу жайында 4 жыл окушат. Төрт жылдын ичинде балдарга дүйнөлүк популярдуу музыканын баарын тең бердик деп айтсак жаңылышабыз го. Бирок күндөн-күнгө эмгектенип атабыз. Майкл Жексон тууралуу маалыматты айтыш - бул менин мугалимдик парзым.

- Майкл Жексондун “Битлз” сыяктуу тарыхта орду калабы?

- Сөзсүз калат, калбай койбойт. Анткени Майкл Жексондун чыгармачылыгы глобалдык масштабда жерди, планетаны сүйүү. Ар бир угармандын жүрөгүнөн орун алган. Унутулбайт бул, дүйнөлүк поп музыканын ханы деп айтсак эч жаңылышпайбыз.

- Ал эми Майкл Жексондун чыгармачылыгы, ырчылык өнөрүнөн башка дагы кайрымдуулук акцияларды өткөрүп жүрбөйбү?

- Менин билишимче көптөгөн Глобалдык фонд, СПИДке каршы фонд, көптөгөн кайрымдуулук фонддордун кыймылына катышкан. Гринписке дагы катышкан. Глобалдык темада ырлары жаралган. Мисалы Кыргызстан боюнча Глобалдык фонд кыймылынын мен дагы мүчөсүмүн. Майкл Жексон ошол кыймылга көп салымын кошкон. Жер, эл, катастрофалар жөнүндө көп проблемаларды камтып, өзү дагы активдүү катышуучу болчу.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Белгилүү ырчы Майкл Жексон дүйнө салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00


Видео тасма. Белгилүү ырчы Майкл Жексон дүйнө салды

“Поп-музыканын падышасы” Майкл Жексон 25-июнда 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Майкл Жексон XX кылымдын акыркы чейрегинде поп-музыканын дүйнөсүндө сенсация жараткан ырчы катары тарыхта калмакчы.

XS
SM
MD
LG