Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Түркия: тышкы саясат өзгөрө берет


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сербияга сапары маалында.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сербияга сапары маалында.

Соңку жылдардын ичинде экономикасы ылдам өсүп келаткан Түркиянын өз аймагында жана эл аралык маселелердеги таасири сезилерлик даражада арта баштады. Кийинки мезгилде расмий Анкаранын тышкы саясатта аймактагы мусулман өлкөлөргө артыкчылык бере баштоосу Батышта түркүн жоромол ойлордун жаралуусуна себеп болууда.

Мурдагы өнөктөшү Израил менен чатакташып, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу кризисте расмий Тегерандын турумун колдоп чыгуусу Батыш өлкөлөрдү жана АКШны терең ойго салган Түркиянын тышкы саясатындагы жаңыча багыт кайрадан эл аралык серепчилердин күн тартибинде.

Батыштын басма сөз каражаттарында жарыяланган көптөгөн макалаларда глобалдык каржы кризисине туруштук берип, экономикасы улам өсүп бараткан Түркия Батышка далын салып, расмий Анкара Чыгышка көңүл бура баштаганы бышыкталып, айрым серепчилер муну Евробиримдикке мүчө болуу маселеси жарым кылымдан бери күттүрүлүп келаткан өлкөнүн айласы кеткендеги аракети катары баалашат.

Айрымдары муну Түркиянын башкаруудагы исламчыл маанайдагы “Адилет жана
өнүгүү” партиясынын алдын ала жакшы ойлонуп, узак мөөнөттүү куу саясаты экенин бышыктоодо. Расмий Анкара мындай түкшүмөл ойлорду төгүнгө чыгарып, өлкөнүн тышкы саясатынын баштапкы көрсөтмөсү Евробиримдикке толук мүчө болуу бойдон сакталып кала бергенин, айланадагы өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртуу бир гана аймакта эмес, жалпы дүйнөдө туруктуулукту сактоонун ишине көмөк гана боло аларын билдирип келет.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жакында бул сөздөрүн баса белгилеп, ошол эле кезде Европа өлкөлөрүнүн дарегине өзүнүн сын пикирлерин бетке тике айтуудан тартынбады.

Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын көңүлү Чыгышка бурулуп баштаганы тууралуу айтылып жаткан сөздөр Түркияны жаманатты кылууга багытталган кара мүртөз үгүт иштеринин бир бөлөгү экенин белгилеп, Коопсуздук кеңешинде Иран резолюциясына каршы добуш берүүсүнүн себептерин түшүндүрдү:

- Биз эч бир өлкөгө же аймакка эч качан далыбызды салбайбыз. Коопсуздук кеңешинде каршы добуш берүү менен Түркия кайсы бир өлкөнүн тарабын колдоп, башка бир өлкө менен каршы пикирде болду.

Коопсуздук кеңешинде добуш берүүдө Иранды колдоп чыккандыктан Вашингтон менен Анкаранын мамилесинде кризис пайда болсо да, АКШнын президенти Барак Обама аны мындан ары чыңалтпоого аракет кылды.

Италияда жарык көрүүчү “Corriere Della Sera” гезитине бкурган маегинде Барак Обама Түркиянын НАТОго мүчө өлкө экенин эске салып, ал Жакынкы Чыгыштагы бардык өлкөлөр үчүн Ислам ааламындагы демократиялык өлкө катары өрнөк болгонун билдирди. Обама “Түркия өзүн Европа үй-бүлөсүнөн четтетилип жаткандай сезүүдө. Ошондуктан өзүнө башка өнөктөштөрдү издегени – мыйзам ченемдүү көрүнүш” деп белгилеп, Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн колдой турганын дагы бир жолу билдирди.

Ал еми “Los Angeles Times” гезитинин 21-июлдагы санында жарыяланган макаласында эл аралык байланыштар боюнча профессор Хенри Баркей Барак Обаманын мындай туруму менен макул эместигин айткан. Франциянын президенти Николя Саркози менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө такай бут тосуп келгенин мойнуна алуу менен автор “премьер-министр Эрдогандын өкмөтү Евробиримдикке мүчө болууга жакындаганда тышкы саясатын өзгөртпөйт болчу” деген пикирин билдирет.

XS
SM
MD
LG