Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Түркия: күн тартибинде ПКК турат


Күрт маселеси жана жикчил ПККга каршы күрөш - Түркияда саясий күн тартиптин биринчи маселеси бойдон кала берүүдө. Анкарада бул маселенин тегерегинде олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу өткөн референдумдун натыйжасынан санаасы тынчыган бийлик, чейрек кылымдан бери созулуп келаткан Күрт жумушчулар партиясынын (ПКК) террордук чабуулун биротоло соңуна чыгарууга жана жалпысынан өлкөдөгү күрт улутундагыларга байланыштуу маселени чечүүгө катуу киришкендей.

Мунун алкагында 24-сентябрда ички иштер министри Бешир Аталай Ирактын түндүгүндөгү Арбил шаарына барып, жергиликтүү күрттөрдүн лидери Масуд Барзани менен сүйлөштү. Анда Ирактын түндүгүндө орун алган ПККны курал таштоого көндүрүү аракети көрүлдү. Министр Анкарага кайтып келгенде кабарчыларга буларды айтты:

- Арбилде маанилүү сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдүн чордонун ПКК менен күрөш маселеси ээледи. Биз мурдатан сүйлөшүп келдик. Үчилтик механизмдин чеги ичинде айрым чаралар каралган эле. Ошолор кандай жүрүп жатканын талкуулдык.

Апта башында күрттөрдүн Конституциялык Сот тарабынан ДТП партиясынын саясий ишмердүүлүгү 5 жылга токтотулуп коюлган жетекчилеринен, экс-депутат Айсел Туглук адвокат катары ПККнын абакта отурган колбашчысы Абдулла Өжалан менен жолугушту. Айсел Туглук Абдулла Өжалан менен ПКК бир тараптуу жарыялаган “согуштук аракеттерди токтотуу” чечиминин мөөнөтүн узартуу жана өлкөгө туруктуу тынчтыкты алып келүү маселесин талкууга алганын билдирди:

- Абдулла Өжалан жолугушуу учурунда мага “бир тараптуу жарыяланган мораторийдин” туруктуу бейпилдикке айланышы үчүн тырышып жатканын, бирок бул маселеде мамлекеттин жана өкмөттүн да чечкиндүү туруму зарыл болгонун баса белгиледи.

Иш жүзүндө Өжалан менен алгачкы жолугушууну август айында Улуттук чалгын кызматынын башчысы Хакан Фидан өткөрдү.

Түрк өкмөтү мындай аракеттеринин арты менен Вашингтонду да эстен чыгарган жок. Чалгын кызматынын башчысы Хакан Фидан сентябрдын башында Вашингтонго барып, америкалык кесиптештери менен жолугушту. Анда ПККнын Ирактын түндүгүндөгү туруму, бул багытта Ирак өкмөтү менен АКШнын кошо алчу салымдары сөзгө алынды.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл өткөн аптада Нью-Йоркто АКШнын лидери Барак Обама жана мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен сүйлөшүп, анда да ПКК маселеси күн тартибинде болду.

28-сентябрда Анкарага чукул сапар менен келген АКШнын Ирактагы күчтөрүнүн жаңы кол башчысы, генерал Ллойд Аустин Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай менен көрүшүп, ПККга каршы күрөшүүдө кызматташтык маселеси талкууга алынды. Америкалык генерал жана анын делегациясы кечке жуук Түркиянын армия штабынын төрагасы Ишык Кошанер менен да жолукту.

XS
SM
MD
LG