Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Түркия тышкы саясатына өзгөчө көңүл бура баштады


Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари Түркияда.
Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари Түркияда.

Өткөн аптада Стамбул шаарында Түркия менен Ирактын Стратегиялык кызматташтык кеңешинин министрлер деңгээлиндеги алгачкы жыйыны өттү.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу менен анын ирактык кесиптеши Хошяр Зебаринин жетекчилигинде өткөн жыйынга эки өлкөдөн 17 министр катышты. Анда Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын кийинки айда Багдадга сапарынын жүрүшүндө талкуулана турган темалар көздөн өткөрүлүп, кол коюла турган келишимдер такталды.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу бул жыйынды “эки өлкөнүн байланыштарындагы бурулуш учур” катары баалап, анда 40ка жакын келишим жана макулдашууларга кол коюлганын билдирди.

Давутоглунун айтымында, кол коюлган келишимдердин арасында экология, саламаттык сактоо, айыл-чарба, мунай, газ тармактарында кызматташтык жана эркин соода зонасын түзүү өңдүү макулдашуу бар.

Кабарларга караганда, Ирактан келген министрлер Түркия менен суу маселесин талкуулашып, бул маселеде бир топ жылыштар болгон. Маалым болгондой Ирак Түркиянын жеринен чыккан Ефрат жана Тигр дарыяларынан Иракка берилип келген суу көлөмүнүн көбөйүүсүн талап кылып келүүдө.

Түркиянын Энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз буларды айтты:

- Биз 20 жылдан бери Иракка 500 кубметр сууну берип келдик. Эми, ирактык туугандарыбыздын айыл-чарба жана саламаттык сактоо тармагында баштан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарын жеңилдетүү максатында 20-октябрга чейин бул суунун көлөмүн 550 кубометрге көбөйтүүнү чечтик.

Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари “суу маселеси жана кургактык биз үчүн чыныгы кризис. Түркиянын бизге жетиштүү суу бергени абдан кубандырат” деди.

Түркия менен Ирактын Стратегиялык кызматташтык кеңешинин алгачкы жыйынында кабыл алынган урунттуу чечимдердин бири - бирдиктүү соода зонасын түзүү жана экитараптуу инвестицияларды жеңилдетүү максатында орток комиссия түзүү келишимдери. Бул Түркиянын эки өлкөнүн экономикаларын интеграциялоо максатын күткөн Стратегиялык кызматташтык кеңешине канчалык чоң маани артып жатканын көрсөтүүдө.

Стамбулдагы жыйын учурунда Күрттөрдүн жумушчу партиясына (ПКК) каршы күрөш маселеси да талкууга алынды. Жыйында Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари Түркияга анын ПККга каршы күрөшүндө колдоо көрсөттү. Бирок ПККнын кийинки убакыттардагы чабуулдарынын күч алышы түрк армиясынын операцияларынын натыйжалуулугу тууралуу ача пикирлерди туудурууда.

Армиянын штабы өкмөткө кайрылып, чек аранын сыртында операция жүргүзүлүүсү үчүн берилген мандатты дагы бир жылга узартууну талап кылды. Басма сөздөрдө “өкмөт 17-октябрда мөөнөтү бүтө турган мандатты узарткысы келбейт” деген кабарлар чыккандан кийин премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган АКШга сапарга аттанаар алдында буларды айтты:

- Мен тийиштүү жерлерге буйрук бердим. АКШдан кайтып келгенде министрлер кабинети жыйын өткөрүп, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна сунуштайбыз.

Ошентип Түркиянын акыркы бир нече жыл ичинде, өзгөчө тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жүргүзүп жаткан тышкы саясат өз үзүрүн бере баштагандай.

XS
SM
MD
LG