Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тадич Сербиянын келечегин Евросоюздан көрөт


Борис Тадич 2004-жылы бийликке келгенде көпчүлүк байкоочулар Сербия эми Евросоюзга жакындайт, атүгүл ага ыкчам мүчө болуп калышы ажеп эмес деп эсептешкен. Бирок серб президенти АКШнын, европалык бир катар өлкөлөрдүн Косовонун көз карандысыздыгын тааныганын четке кагып, Гаагадагы трибунал менен жетерлик кызматташпаганы үчүн сын угуп келатат. Ушул жана башка маселелерге, жалпы эле Сербиянын келечегине байланыштуу биздин радионун суроолоруна президент Тадич өзү жооп берди.

Евросоюз менен Сербиянын ортосундагы алакаларга кайсы маселелер каскак болуп жатканы тууралуу Тадич андай деле олуттуу тоскоолдуктар жок экенин, болгону Евросоюздун айрым өлкөлөрү Белградды Гаагадагы трибунал менен жетишсиз өлчөмдө кызматташат деп эсептешерин белгиледи. Ушу кезге чейин трибуналга 44 киши өткөрүлүп берилди. Бул ишти Белград мындан ары да улантат. Болгону муну Евросоюзга жакындоо үчүн эмес, өзүнүн борчун аткаруу максатында жасайт.

Генерал Радко Младичтин кайда экенин Тадич так билбейт. "Младич Сербияда эле го болжолдойм, бирок ушу тушта Сербияда деп да айта албайм. Согуш кылмышкерлеринин айрымдары башка өлкөлөрдөн кармалганын эске алганда, ал бөтөн жерде из жашырып жүрүшү да мүмкүн. Кандай болгон күндө да аны издөө ишин улантабыз", - деп айтты Тадич.

Россиянын региондогу ролуна токтолуп, Тадич баарыдан мурда Балкандын стратегиялык маанисин бөлүп көрсөттү. "Бүткүл Балкан Евросоюзга интеграцияланышы керектигине бекем ишенем, бул азыр абдан маанилүү, -деп белгиледи ал.- Ошол эле учурда ар бир чоң өлкөнүн Балканда кызыкчылыктары бар". Ага АКШ, Евросоюз, Россиядан тышкары Кытай да кызыга баштады.

Соңку ирет Вашингтондо болгондо Тадич АКШ менен жакшы мамилелерди түзгөнгө Сербия кызыкдар экенин ырастаган. Ушул багытта аракеттер да жасалып жатат. Бирок Косового байланыштуу АКШнын көз карашына Белград кошула албай турганын кайрадан бышыктап,Тадич муну Сербиянын кызыкчылыгы менен гана түшүндүрүүгө болбой турганына өзгөчө басым жасады.

"Бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялоо эл аралык укуктун нормаларына ылайыкпы же аларга кайчы келеби? Маселе мына ушул жөнөкөй суроодо турат. Муну биз Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын кароосуна киргиздик, эл аралык Соттон буга бир жаңсыл чечим чыгарып беришин күтүп жатабыз", - деп айтты Тадич.

Он жылдан кийинки келечекке кыял чаптырып, Тадич бу мезгил аралыгында Сербия сөзсүз Евросоюзга кошуларына ишенет. Ал эми НАТОго мүчө болуу ишин ал азырынча өтө эле эрте деп эсептейт. Сербияны бомбалагандан он жылдан кийин ага кошулганга калк даяр болуп калат деп эч ким кепилдик бере албайт.

Сербдердин ичинде Тадичти биртке америкачыл, азыраак россиячыл, ошондой эле өлчөмдө улутчул жана европачыл деп эсептегендер көп.

"Президент Тадич баарыдан мурда сербчил, мен өз элимдин, өз өлкөмдүн таламдарына төп келген иштерди гана жасап жатам. Ошол эле учурда биздин түпкү кызыкчылыктар Евросоюздун кызыкчылыктарына каршы келбей турганынан да күмөн санабайм",- деп айтты серб лидери кеп соңунда өзүнө байланыштуу суроого жооп берип.

XS
SM
MD
LG