Чочконун сасык тумоосунун вирусу эң алгач табылгандан бери Мексикада аны жуктуруп алды деп шектелген адамдардын саны 2500дөйгө жетти. Ушул илдеттен каза тапты деп шектелген 159 адамдын жетөөсүнүн өлүмү чочконун сасык тумоосунан экени ырасталды. Мексикадан тыш жактагы алгачкы өлүм АКШда болду. Саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген расмий өкүлдөр Техас штатында эки жашка жакындап калган кичинекей кыз чочконун сасык тумоосунан көз жумганын ырасташты. Мексикага коңшу АКШ менен Канададан тышкары чочконун сасык тумоосуна чалдыккандар Жаңы Зеландия, Израиль, Испания, Британия, Германияда катталды.
Оорунун очогун издөө
Мексиканын бийликтеринин айтымында, алар азырынча илдеттин чыккан жерин табыша элек. Бирок ооруу чыккан жер өлкөнүн чыгыш тарабында, бийик тоолуу аймакта жайгашкан La Gloria шаарчасы болуусу мүмкүн. Анткени ушул шаарчанын 460дан ашуун тургуну эпидемия чыккандан бир нече апта мурда эле аларда сасык тумоонун белгилери бар экенин, кадимкидей дем алалбай калышканын айтып, даттанышкан экен. Жергиликтүү тургундардын ырастоосунда, алардын баарында азыркы жаңы илдеттикине окшош симптомдор болгон. Алар бул үчүн шаарчадан алыс эмес аралыкта жайгашкан, чочко төлдөтүүчү ферманы айыпташууда. Саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген жергиликтүү расмий өкүлдөр болсо илдет топтолгон кык менен заңдан инфекция алган чымындардан келгенин айтып жатышат.
Айтор ушуга окшогон ырастоолорду иликтөө үчүн бүгүн La Gloria шаарчасына БУУнун Айыл-чарба жана азык-түлүк уюмунан, Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча дүйнөлүк уюмдан, америкалык эпидемологдордон турган топ келүүдө.
Жаңылыш түшүнүк
Бул аралыкта Саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык адистер илдет тууралуу эл арасында жаңылыш түшүнүк калыптанып жатканына тынчыздануу билдиришүүдө. Алардын айтымында, илдет чочконун этин жегенде жугат дегендик туура эмес.
Сасык тумоонун бул вирусу тирүү чочколор менен байланышта болуудан же чочко фермалардагы антисанитардык абалдан жугарын али адистер аныктоосу керек. Бирок эң маанилүүсү - Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму чочконун сасык тумоосунун пандемия жаратуу кубаты бар экенин эскертүү менен илдет адамдан-адамга өтөөрүн ырастады. Бул чочко этин импорттоого тыюу салуу өңдүү чаралар адамды вирустан коргобойт дегенди билдирет.
АКШнын Оорууларды көзөмөлдөө жана алдын-алуу борборунун аткаруучу директору Ричард Бессердин айтымында, тармактын өкүлдөрү азыр адамдардын жаңылыш иш-аракеттерди жасоого түртпөөсү үчүн илдетке туура мүнөздөмө берүүнүн жолдорун талкуулоодо. Чочконун сасык тумоосу деген ат бул жаныбардын этин өндүргөндөрдүн да тынчын алууда. Маселен АКШнын чочко чарбачылыгынын кызыкчылыгын коргогон лоббистердин көз карашында, илдет Түндүк Американын сасык тумоосу деп аталуусу керек.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалымат катчысы Грегори Хартл илдет чыккан аймактардагы өкмөттөрдүн негизги аракети вирус адамдан-адамга өтүүсүно жол бербөөгө багытталганын белгилейт:
- Жасалган иштердин биз буга чейин күбө болгондору, мисалы, Нью-Йорк менен Мехикодо мектептердин жабылуусу - акылга сыярлык. Бул - биз азыр айтып жаткан нерселердин бири. Сиз мектептерди убактысынча жабуу, сыркоо адамдарды үйүнөн чыкпоого чакыруу, адамдардын бир жерге топтолуусун азайтуу, спорттук жана маданий ири иш -чараларды өткөрбөө менен вирустун тарап кетүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатасыз. Коомдук саламаттыкты эске алганда, мунун баары акылга сыярлык чаралар.
Кыйыр кесепеттер
Чочконун сасык тумоосунун глобалдык экономика терс таасири тийүүсү ыктымал экендиги айтылууда. Анын үстүнө бул дүйнө экономикасы Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери быйыл биринчи ирээт төмөндөөрү күтүлүп жаткан мезгилге туш келүүдө; Эксперттер ал экономикадагы рецессияны күчөтүп, кайра жанданууга тоскоол болушу мүмкүн экендигин эскертип жатышат.
Дүйнөлүк Банктын өкүлү Кейз Хансен мындай дейт:
-Экономикага таасири эпидемиянын масштабы менен табиятына жана узактыгына көз каранды болот, эгер бул өссө, таасир да күчөйт.
Байкоочулардын баамында, чочконун сасык тумоосунун кесепети биринчи кезекте авиокомпаниялар менен туризм жана саякат индустриясына тийди. Ошондой эле эл аралык базарларда малды азыктандыруу үчүн керектелген буурчактын, таруунун баасы төмөндөп кетти.
Дүйнөлүк банк былтыр кокус сасык тумоо пандемияга айланып кетсе, глобалдык экономиканы 3 триллион долардык чыгымга учурата алат, өндүрүштү 5%га төмөндөдөт деп эсептеген.

Мексикадан чочко этин импорттоону токтоткон өлкөлөр:Орусия
Украина
Кытай
Казакстан
Индонезия