Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Сочидеги шайлоо Б. Немцовдон олимпиадалык эрдикти талап кылат


Балким бул тагдырдыр. Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри Борис Немцовдун Сочиде туулганы. Анткени 26-апрелде бул жерде шаар башчылыгы үчүн түз шайлоо өтөт. Балким Немцов мүчөсү болгон орус оппозициясы бул курорт шаарда жаңы жеңишке жетеби?

Владимир Путин президент кезинде Орусияда бийликтин вертикалын жакшыртуу максатында деп губернаторлорду гана эмес, шаар башчыларын дагы дайындоого өткөн.

Ушундай шартта жалпы Орусиянын дагы, эл аралык коомчулуктун дагы көңүлү азыркы тапта Сочиге бурулуп турган чак. Себеби 2014-жылы бул шаарда кышкы олимпиадалык оюндар өтөт, экинчиден, Борис Немцов баштаган оппозицияга шаар башчылыгына боло турган түз шайлоо жаңы мүмкүнчүлүк тартуулап турат.

Саясат талдоочу Владимир Прибайловский «Азаттыктын» орус кызматына берген интервьюсунда Сочидеги шайлоо премьер-министр Владимир Путин башында турган «Бирдиктүү Орусия» партиясы үчүн оңой эмес сыноо болот деди:

- Сочи Орусиянын башка орточо өнүккөн шаарларынан айырмасы бар шаар. Ал жакта капиталисттик экономика өнүккөн, жашоочулары дагы алдыңкы идеяларга сугарылышкан. Эгер шайлоо таза өтө турган болсо “Бирдиктүү Орусиянын” жеңишке эч кандай мүмкүнчүлүгү жок.

Өзүн либерал жетекчи катары көрсөтүүгө ыктаган президент Дмитрий Медведев үчүн да Сочидеги шайлоо чоң сыноо катары каралууда, анткени ал адилетсиз жана жасалма саясий өнөктүк болду деп таанылса анын зоболосуна бул терс таасирин тийгизет.

Ал жакынкы күндөрдө эле анык болот – анткени талапкерлердин катарында Борис Немцов болобу же жокпу деген суроо 26-мартта чечилет.

Немцовго болсо шайлоо өнөктүгү баштала электе эле тоскоолдуктар башталды. Ал 17-мартта Сочиде өткөн ишкерлердин жыйынына киргизилген жок.

“Азаттыктын” орус кызматына берген интервьюсунда Борис Немцов массалык маалымат каражаттары толук көзөмөлгө алынгандыктан ал эл менен көзмө-көз жолугуудан башкага аргасы калбаганын билдирди.

- Алар теле-радио каналдарга, гезиттерге мени жолотпой жатышат. Бул айдан ачык. Сочиде болсо интернет дээрлик жокко эсе, элдин 11 пайызы гана интернетти колдонушат, анын кызмат көрсөтүү сапаты дагы начар. Ошондуктан жалгыз мүмкүнчүлүгүм – эл менен көзмө-көз жолугушуу. Көчөдө, дүкөндөрдө, аялдамада, ресторан, кафелерде, баардык жактарда, таксисттер менен дагы. Негизинен эл менен жолугушуулар. Мен таңдан кечке чейин шаардыктар менен жолугуп, эмне болуп жатканын аларга түшүндүрүп берүүнү көздөп атам.

Ал 2014-жылдагы олимпиада оюндарына байланыштуу маалыматтарды жарыялоого белсенип турат. Ал маалыматтарды Немцов мурдагы кубат министринин орун басары Владимир Милов менен бирге даярдаган. Анда Путиндин коррупциялык иштери тууралуу сөз болот.

Сочинин мэрлигине Кремль Красноярск крайынын губернатору Александр Ткачевду ылайыктоодо.

XS
SM
MD
LG