Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Орусиянын ири шаарларында нааразылык жыйындары өттү


Орусиянын Калининград шаарындагы Советтер Үйү аянтында жаштар нааразылык жыйынын флэш-моб усулунда өткөрүштү. 2010-жылдын 20-марты.
Орусиянын Калининград шаарындагы Советтер Үйү аянтында жаштар нааразылык жыйынын флэш-моб усулунда өткөрүштү. 2010-жылдын 20-марты.

Ишембиде (20-мартта) Орусиянын элүүдөн ашуун шаарында азыркы бийлик жүргүзүп аткан социалдык саясатка каршы оппозициянын жана калайыктын ири нааразылык чаралары уюштурулду. Жыйындарда премьер Владимир Путинди кызматтан алуу талаптары да айтылды. Москвада Пушкин аянтына жыйылгандардын айрымдары полиция тарабынан кармалды.


Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарынан тартып Батыштагы Калининградга дейре элүүдөн ашуун шаарында ишембиде (20-мартта) оппозициянын ири нааразылык чаралары уюштурулду.

Митингдерде жергиликтүү жана федералдык жетекчилерди кызматтан кетирүү талаптары коюлду.

«Акимдерди шайлоону калыбына келтирип бересиң!» деген ураан, маселен, Владивосток шаарында өткөн митингде чакырылды.

Владивосток шаарында нааразылык чарага катышкан оппозициялык тараптын арасында Орусиялык өздүк машине ээлери, коммунисттер, «Яблоко», Элдик-демократиялык биримдик партиялары, ТИГР жана «Тилектештик» кыймылы болушту.
Деңиз жээгиндеги шаарда оппозициядагы партиялар менен кыймылдар бир коалиция түзүп, бир талап менен нааразылык жыйынын орток өткөрүшү алгач ирээт болуп атканын адис Дмитрий Климов баса айтты.

Митингде сөз сүйлөгөн КПРФ өкүлү Владимир Беспалов:

- Мен бүгүн олигархтардын тапшырмасын аткарып атышкан Медведевчилер менен Путинчилерди айыптаймын, Дарькинчилер менен Пушкаревчуларды айыптаймын! - деди.

Орусияда жарандардын тышка чыгуу күнү алкагындагы дагы бир акция «Каардануу» деп аталып Иркутск шаарында өттү. Бул чара Байкал көлүн коргоого арналган. Ага айтылуу саясатчы Борис Немцов да катышып, сөз сүйлөдү.

Нааразылык жыйыны өтүп аткан жерге чагым салыш үчүн эки киши кол салганда митинг уюштургандардын бири Максим Воронцов милицияны мындайча чакырды:

- Тартип сактоо органынын кызматкерлерин чогулуш ортосуна келүүсүн өтүнөм. Ээнбаштарды кармашын өтүнөм. Биз ыр-чыры жок чогулуш өткөрүү ниетиндебиз.

«Азаттыктын» кабарчысынын билдиргенине караганда, Иркутск шаарындагы нааразылык жыйыны маалында чагым чыгарышкан эки кишини кийин милиция кармап кеткен.

Эртеден кечке ар кайсы шаарларда өткөн митингдерде премьер Владимир Путин баш болгон өлкө жетекчилери менен аймактык аткаминерлерди кызматтан алуу, ошондой эле турак-жай акысынын кымбатташына бөгөт коюу талаптары коюлган.

Маселен, Санкт-Петербургда өткөн нааразылык жыйынынан берген репортажында «Азаттыктын» кабарчысы Татьяна Вольтская буларды айтты:

- Коюлган талаптар, негизинен, Путиндин өкмөтүн кызматтан кетирүү, Матвиенкону кызматтан кетирүү болду.

Архангельск менен Москвада көчөгө нааразылык жыйынга чыккандарды убактылуу камакка алуу учурлары катталды.

Москвалык митингди уюштургандардын бири Сергей Удальцов өзү кармалып атканда «Азаттыкка» буларды айтууга үлгүрдү:

- Менин курткамды айрып салышты, машиненин ичинде олтурганыбыз - отуздан ашуун киши, жанымда олтурган кишинин башы айрылган, дагы бирөөнүн бети жарылган, иши кылып, баягы эле бийлик – оюна келгенин жасап атат.

ИНТЕРФАКС маалымат агенттигинин кабардашынча, Орусиянын Ички иштер министрлиги 20-21-март күндөрү өлкө боюнча бардыгы болуп 162дей нааразылык жыйындары болоору күтүлгөнүн билдирген. Аларга бери дегенде 45 миң киши катышаары жоромол кылынган.


Видео тасма. Орусия – жыйындар кучагында

Орусия – жыйындар кучагында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00


Орусиянын Владивосток жана Иркутск шаарларындагы нааразылык жыйындарында калайыкты ийнинен ныгырган оор салыкты азайтууну жана премьер Владимир Путиндин кызматтан кетишин талап кылышты. Reuters. 2010-жылдын 20-марты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG