Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Орустар аракечтиктин айынан азайып баратат


Апрелде милициянын майору Денис Евсюков мас абалда 2 кишини атып өлтүрүп, жетөөнү жарадар кылган. Москва, 2009-ж.
Апрелде милициянын майору Денис Евсюков мас абалда 2 кишини атып өлтүрүп, жетөөнү жарадар кылган. Москва, 2009-ж.

Улуттар уюму Орусиянын калкы соңку 16 жылда жети миллиондой кишиге кыскарганын кабарлады. Башкы себеп – баягы эле кендирди кескен аракечтик.

Улуттар уюмунун 5-октябрда жарыяланган докладында Орусиянын калкы, минтип отурса, алдыдагы он беш жылда дагы 11 миллион адамга азаяры айтылат. 1991-жылдан бери жаш кеткен орус жарандарынын жарымынан көбү аракечтиктин айынан көз жумгандыктан, “жинди суу” улут келечегине балта чапкан башкы душманга айланды. Ушу тапта орустардын орточо өмүр узундугу эркектер арасында 59 жылды түзөт, бул көрсөткүч Батыш Европага салыштырмалуу кеминде 14-15 жылга аз.

Арак ичип алып, өз өмүрүн өзү кыйган, же мас абалда кырсыкка кабылгандардын саны Орусияда көбөйгөндүн үстүндө, жүрөк-кан тамыр оорулары, бөйрөк-боор дарттары кеңири жайылды.

Мындай шарттарда, Улуттар уюму орус өкмөтү чукул арада миграция саясатын өзгөртүп, демографиялык абалды чет элдик жумушчу күчүнүн аркасында оңдошу керек деп кеңеш берет.

Анткен менен, Москвадагы Регнум маалымат агенттигин башкы редактору, КМШ өлкөлөрү боюнча эксперт Модест Колеров Улуттар уюму Орусиядагы бардык мигранттардын санын эске алган эмес деп эсептейт:

- Биздеги эксперттердин эсеби боюнча, Орусияда туруктуу катталбаган, жарандыкты албаган 1 миллиондой армян, 700 миңдей азербайжан, 700-800 миңдей грузин, ушундай эле сандагы Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Молдова, Украиналык мигранттар жашайт. Аларды Улуттар уюму эске алган эмес. Экономикалык кризис башталганга дейре Орусияда бардыгы 15 миллиондун тегерегиндеги мигрант бар эле. Алардын баары мурдагы КМШ өлкөлөрүнөн келгендер. Азыр эми кризистин айынан өлкөдө 10 миллиондой мигрант калганы айтылууда.

Улуттар уюму 1990-жылдардан бери башка КМШ өлкөлөрүнөн Орусияга көчүп келип, туруктуу жашап калгандардын көбү этникалык орустар экенин, алардын агымы акырындап тыйылып баратканын эскертет. Ага кошумча мыкты адистер, илимпоз, иш билгилер коррупция, мыйзамсыздыктан качып, Батышка көчүп кетүүдө. Алардын ордун мурдагы советтик өлкөлөрдөн келген мигранттар толугу менен толтура алабы?

Ар башка улуттардын саны улам көбөйө берсе, келечекте Орусияда ар түрдүү чыр-чатактар күчөйт, ага алдын-ала даярданып, Кремль мигранттарды орусташтыруу, жергиликтүү калкты көп улуттуу, ар башка диндеги адамдар арасында жашоого көндүрүшү зарыл деп айтылат докладда. Москвалык эксперт Модест Колеров мигранттар агымын экономика өзү тууралайт деп кошумчалайт.

- Азыр эле Орусияда жок дегенде 9 миллион мигрант жашап атат дейли. Мигранттар агымын бир гана экономика тескей алат, анткени КМШ өлкөлөрү менен чек аралар ачык эле бойдон калган. Орусияда жумуш тапса, мигранттар келе берет, аларды токтото албайсың, Мына кризис жумуш орундарын кыскартты эле, мигранттардын саны 50%га кыскарды, анткени алар ишсиз калышты. Бирок баары бир Орусия – мурдагы советтик өлкөлөр үчүн миграциялай турган башкы мамлекет бойдон кала берет. Ошондуктан Улуттар уюмунун бул докладында айтылгандарга кошула албайм.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG