Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Орусия: кептин бардыгы жубайындабы?


Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков жубайы Елена Батурина менен.
Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков жубайы Елена Батурина менен.

Москва шаарынын башчылыгына талапкерлерди тандоо боюнча бийликчил партия кеңешин баштады. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын Москва бөлүмүнүн саясий катчысы Елена Панина мындай кеңешүү коомдун ар кайсы катмары менен жүрөрүн айтты.

Мыйзамга ылайык, шаар башчысы иштен кеткенден кийин 14 күндүн ичинде Орусиянын президенти бул орунга талапкер сунуштоого тийиш.

28-сентябрда “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жетекчилер тизмесинен Москванын мурдагы мэри Юрий Лужковдун ысымы ал партия катарынан чыгуу тууралуу арызды тапшырары менен чийилген.

Ошол эле күнү Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “ишенимден кеткендигине байланыштуу” деген негиз менен Юрий Лужковду кызматынан алган.

Дээрлик 18 жылдан бери кызматынан козголбой келген Москванын мэри Ю.Лужков 27-сентябрда кызматтан кетпей турганын айткандан кийин президент жогорудагыдай негиз менен аны кызматтан алды. Д.Медведев Лужковду иштен алуу тууралуу буйрукка Кытайда иш сапары менен жүрүп кол койду. “Москва шаарынын башчысы катары Юрий Михаилович Лужковго мен, Орусиянын президенти, ишеним жоготтум” деди Дмитрий Медведев.

Акыркы апталарда Кремль Юрий Лужковго тымызын кысым көрсөтүп, “иштен өз ыктыярың менен кет” деп ишара кылып келген. Ага себеп Ю.Лужковдун ачык эле өкмөт башчы В.Путин менен тилектеш болуп кеткени деп айтылууда. Ошондон улам Д.Медведевдин “ээнбаш мэрди” кызматтан алуусу 2012-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата жасалган алгачкы кадам катары бааланууда.

Москва шаарында болжол менен 11 миллион киши жашайт. Борбор калаага бюджеттен жыл сайын 36 миллиард доллар каражат бөлүнөт.

“Хельсинки” тобунун лидери, укук коргоочу Людмила Алексеева “балким бул жолу Лужковдун талабын талашкан бирөө дайындалбайт, бирок Путин тарабынан дайындалса деле ал менин ичимди жылытпайт” деп айтты.

25-сентябрда Москвада миңге чукул киши нааразылык акциясына чыкты. Алар өлкөнүн ири шаарларында мэрдин калк тарабынан шайланышын талап кылышты. Эртеси күнү Д.Медведев менен В.Путин Москванын башчысы Кремль тарабынан дайындаларын айтышты.

Ордо калааны башкарып турган үй-бүлө туурасында Мамлекеттик Думанын депутаты Николай Левичев буларды айтат:

- Лужков чыныгы турмуштан алыс калган. Балким чындыгында түшүнгөн эместир, бирок кийинки учурда анын жубайы Е.Батурина адилеттик жактан алганда Кремлге эле эмес, катардагы жарандардын кыжырына тие баштаганын сезбей калган.

29-сентябрда Мамлекеттик Думанын депутаты Иосиф Кобзон Ю.Лужков өзүнүн кызматтан алынуу себебин сот аркылуу териштире турганын айтты.

Юрий Лужковго маалымат чабуулу 10-сентябрда “Кептин баары кепкада” аттуу даректүү тасма менен башталган. Тасмада шаар башчысы Лужков жубайы, миллиарддер Е.Батуринанын таламын талашып, бир нече жаңжалга себепкер болуп келатканы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG