Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Мейер: "Чаушеску өзүн Сталин деп эсептеген"


Диктатор Николае Чаушеску "Newsweek" апталыгынын биринчи бетинде. Август, 1989-жыл.
Диктатор Николае Чаушеску "Newsweek" апталыгынын биринчи бетинде. Август, 1989-жыл.

Бу күндөрү Румынияда 1989-жылдагы элдик революциянын жыйырма жылдыгын белгилеп жатышат. Анын жүрүшүндө көчөлөрдө айыгышкан атышуулар болгон, он миңдеген адамдар кырылган. Акыры революция жеңип, диктатор Николае Чаушескуну аялы Еленага кошо атып салышкан.

Америкалык журналист Майкл Мейер ошо кезде Newsweek апталыгынын Германиядагы, Чыгыш Европадагы жана Балкандагы бюросун жетектеп турган. 1989-жылы августта Румынияны эки жума кыдырып, Чаушескудан интервью алган. Декабрда революция чыкканда да Бухарестте болуп, көп иштерди өз көзү менен көргөн.

Жакында "Азаттыктын" кабарчысы Еуген Томюктун суроолоруна жооп берип, Мейер жыйырма жыл мурда Румыниядагы сапары маалында өлкөдө ачарчылыктын каарын бардык жерде көргөнүн эске түшүрүп, бирок калктын шакардай жаалы кайнап баратканын байкаган эмесмин деп айтты. Болгону Карпаттагы чиркөөдө жергиликтүү поптордун бири дүкөндөр жылан сыйпап кеткендер бетер сыпсыйда калганын, ачарчылыктан кишилер өлүп жатканын, мындай режимге каршы калк көтөрүлүшү керектигин айтып, ушуну жазып, муну элге жеткир деп өтүнгөн экен.

Николае Чаушеску өз резиденциясында Мейер менен Newsweekтин башкы редактору Кен Эучинклоссту кабыл алат. Журналисттер өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы тууралуу кеп кылганда румын диктатору кайра алардан: "Кантип тамак-аш жетишпейт?!",-деп сураптыр.

Кабарчылар маек учурунда ошол жылдын жайында Кытайда Тянанмен аянтында бийликтер студенттерди танктар менен тебелетип таштаганын эске салып, бул окуя боюнча Чаушескунун оюн сурашат. Чаушеску муну толук колдоп, коомдук тартипти сактоодогу өкмөттүн милдети ушунда турат, кытай бийликтери ошол парзына ылайык иш кылышты деп айткан экен.

Мындан тышкары Чаушескудан: "Сизди Европадагы акыркы сталинист деп аташат. Бул сиздин кычыңызга тийбейби?"- деп сурашат. Румын диктатору буга: "Сталиндин үйрөнө турган, үлгү ала турган көп жактары бар. Эгер Сталин өз өлкөсүндө жасаган иштерди мен өз өлкөмдө жасай алсам, анда мен азыркы замандын Сталини деген ат менен тарыхта калганга абдан кубанат элем",- деп жооп берет.

"Биз андан жеке адамга сыйынуу тууралуу да сурадык",-деп эскерет Мейер. Чаушеску буга: "Мен өз элимдин өкүлүмүн, табынгыдай мен буркан эмесмин. Мен болгону өз элиме көп жакшылыктарды жасагым гана келет. Эгер ушул жеке адамга табынуу болсо,анда дүйнөгө ушундай сыйынуу көбүрөөк керек", - деп айтыптыр.

Андан соң Чаушеску журналисттерге сөз бербей, узун-сабак кепке түшүп, муштумун ары-бери булгап, буркулдап, үстөл үстүн койгулап, жинигип кетти деп эскерет Мейер.

Румынияда алиге чейин жыйырма жыл мурдагы ошол окуялар революция беле же төңкөрүш болгонбу деп талашып-тартышып жүрүшөт.

Мейер бул окуяга байланыштуу фактыларды, материалдарды топтогонго көп күчүн жумшады. Өзүнчө китеп жазып,чыгарды. "Бул элдик революция болгон, ал элетте башталып, Бухарестке жеткен",- дейт Мейер.

Аны жетектегендер элдик куралдуу көтөрүлүштүн лидерлери болгон эмес. Алар "эски гвардиянын" өкүлдөрү, кырдаалды өзгөртүп, баарын өз колуна алууну кездөгөн саясатчылар болгон. Чаушескунун эле өз кишилери ага каршы чыгышкан. Ушул мааниде Мейер бул окуяны "революцияны жамынчы кылып оронгон мамлекеттик төңкөрүш" тариздеги иш десе да болот дейт.

Кезинде француз революциясы террорго айлангандай эле Румынияда да революциядан көп кишилер жабыркады, ишеничи кетип, ичи сууду. "Румын революциясы Югославиядагы окуялардын тамызгысы болду. Бул жерде да бийликтеги адамдар өз максатына жетүү үчүн окуяларды бурмалап, өз пайдасына бурушту",-дейт Мейер.

Румын ыңкылабына 20 жыл толду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG