Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Шарият мыйзамы талиптерди "шердентти"


Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарынын калкы 30-апрелде өкмөттөн коопсуздукту камсыздоону талап кылып, түнкү демонстрацияга чыгышты.
Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарынын калкы 30-апрелде өкмөттөн коопсуздукту камсыздоону талап кылып, түнкү демонстрацияга чыгышты.

Пакистан армиясы өлкөнүн Түндүк батыш чек ара аймагында талиптерге катуу сокку урулганын маалымдады. Дүйшөмбү күнү талиптер Сват өрөөнүндө Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө кайра чабуул жасады. Уруш Пакистан өкмөтү аймакта апелляциялык ислам сотун түзүүсүнө талиптер каршы чыккандан соң күч алды.

Талиптер дүйшөмбү күнү Сват өрөөнүндө Пакистан аскерлеринин черүүсүнө кол салып, бир жоокерди катардан чыгарды, бир жоокер жараат алды. Өкмөт киргизген коменданттык саатка карабай, талип козголоңчулары өрөөндөгү эң чоң шаар Мангаранын көчөлөрүн кайра күзөтө баштады. Натыйжада, Сватта жана коңшулаш Малаканд аймагында шарият мыйзамдарын киргизүү боюнча Пакистан
Пакистан аскерлери Бунер аймагына чектеш Умар Абад районунда талиптер менен согушуп жаткан учур. 29-апрель 2009
өкмөтү менен талиптер арасында февралда жетишилген келишим бузулду.

Маалымат булактары өзүн талиптердин өкүлүмүн деген Муслим Ханга шилтешип, “тынчтык келишими ойрон болгонун” билдиришти. Пакистан өкмөтү талиптерди тынчтык келишимин “орой бузду” деп күнөөлөдү.

Келишимге арачылык кылган Малаканд аймагынын исламчыл-лидери Мавлана Суфи Мухаммад өкмөттүн Сват өрөөнүндө ислам аппеляциялык сотун орнотуу жөнүндөгү амирин жокко чыгарды. Тынчтык келишимине жараша, шарият мыйзамдарына өтүү аталган аймактарда аппеляциялык сотту түзүү менен аяктоого тийиш эле.

Мухаммад жана ал жетектеген Шарият үчүн кыймылы жергиликтүү талиптердин колбашчысы Мавлан Фазлулланын желдеттерин куралдарын тапшырууга ынандырат деп күтүлүп жаткан. Фазлулла Мухаммеддин күйөө баласы.

Пакистан армиясы 10-майдан калбай талиптерди талкалайбы?

Талиптер тынчтык келишиминин бузулушун пайдаланып, региондогу таасирин дагы бекемдеп алууга умтулат, деп боолгошот серепчилер. Өз ара макулдашууга карабай, талиптер апрелде Сват өрөөнүнө чектеш Малаканд регионундагы Дир жана Бунер
Генерал Фаяз Мехмуд Камар 3-майда бир апталык операция учурунда 80 согушчан, анын ичинде 28 жанкечти жок кылынганын билдирди.
райондорунда өз бийлигин орнотуп алган.

Бул эларалык коомчулукту катуу тынчсыздандырып, ошондон улам өткөн жума Пакистан армиясы талиптерге каршы жаңы операция баштаган болчу. Генерал Фаяз Мехмуд Камар 3-майда бир апталык операция учурунда 80 согушчан, анын ичинде 28 жанкечти жок кылынганын билдирди жана Бунер районундагы талиптер бир апта ичинде талкаланат деп сөз берди.

3-майда Түндүк Батыш чек ара провинциясынын аскерий күчтөрүнүн башчысы, генерал-майор Тарых Хан ага караштуу жоокерлер Бунер аймагынын борбору-Даггарга кетчү кан жол талиптерден тазаланганын маалымдады:

-Ушу тапта Даггардагы күчтөр менен байланышты координациялоого аракет кылуудабыз. Эки күндөй мурда Даггарда тик учарлар кончу аянт курганбыз. Биз Маландрайга кеткен жолдордун бирин ачтык. Амбелла ашуусуна кеткен чоң жолду ээледик. Бирок дагы сегиз чакырым жолду алышыбыз керек.

Пакистан аскерлери менен талиптер арасындагы согуштан карапайым калк азап чегүүдө. Соңку кабарларга караганда, уруштун кесепетинен Дир жана Бунер райондорунда эле 50 миңдей адам там жайын таштап кетти.

Сват өрөөнүндөгү кырдаал Пакистан президенти Асиф Али Зардари менен АКШ президенти Барак Обаманын апта соңунда Вашингтондо болчу кездешүүсүндө да талкууланат.

Зардари Пакистан экономикасыны жөлөө жана армияны куралдандыруу үчүн Вашингтондон кошумча да акча сурайт деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG