Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Пхенян: дурус жана буруш кабар


АКШнын атайын өкүлү Стивен Босворт Пхеняндагы үч күндүк сапарын "өзгөчө пайдалуу" визит деп атады.
АКШнын атайын өкүлү Стивен Босворт Пхеняндагы үч күндүк сапарын "өзгөчө пайдалуу" визит деп атады.

Пхеняндан курал тартып келатып, Бангкокто кармалган учактын экипажы бүгүн Таиландда сотто суралат. Учкучтарга жекшемби күнү тергөө органдары иш козгоп, айып тагышты. Мунун алдында Түндүк Корея АКШ менен кызматташканга макул болгон эле.

Жүк ташуучу Ил-76 лайнери өткөн аптанын этегинде Бангкокто кармалган болчу. Анын бортунан 40 тоннага жакын курал-жарак, алардын ичинде ракеталар, реактивдүү снаряддар табылды. The Nation басылмасы жекшемби күнү учкучтардын бири, белорус жараны Михаил Петухов тергөөчүлөргө көрсөтмө берип, учактын бортундагы жүк Украинага арналганын ырастады деп кабарлады.

Учкучтун айтымында, алар Түндүк Кореядан жүк алып кеткени Украинадан учуп келишкен. Жолду ката Азербайжанда, Бириккен Арап эмиратында жана Таиландда конуп, учакка май куюшкан. Пхеняндан жүк алып, кайра ошол эле каттам аркылуу Украинага кайтып баратышкан. Бангкокто май куйганы токтошкондо, аларды кармап, камакка алышты. Пхенянда аларга жүк тууралуу эч кандай маалымат айтышкан эмес. Учкучтарды болгону жүктү өз адресатына – Украинага жеткирүү үчүн гана жалдап алышкан. Экипаж мүчөлөрүнөн Петуховдон башка төрт учкуч Казакстандын жарандары.

Таиланддын атайын кызматтары учактын бортундагы курал-жарактар Пхеняндан кандай максатта жана кимдерге арналып ташылып баратканын, алардын мандемдүү уюмдарга тиешеси бар-жогун териштирип жатышат. Учкучтар сотто иштин чоо-жайы тууралуу өздөрү билген бардык маалыматтарды айтып бермекчи болушту.

Бул окуядан бир күн мурда эле Пхенянга байланыштуу дурус маалымат пайда болгон эле. Атап айтканда, АКШнын атайын өкүлү Стивен Босворт түндүк кореялыктар менен үч күн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аларды америкалыктар менен кызматташканга макул кылды.

"Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн ролу жана 2005-жылдагы биргелешкен билдирүүнү жүзөгө ашыруунун мааниси жөнүндө биз өз ара орток түшүнүккө жетиштик",-деп билдирди өткөн бейшемби күнү Босворт өзү.

Ал жума күнү Кытайда болуп кетти, ушул аптада Японияда жана Россияда болот, алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөлөр менен консултацияларды өткөрөт. Пхеняндагы сапарын жана ал жердеги жолугушууларды Босворт "өзгөчө пайдалуу" болду деп эсептейт. Анын айтымында, тараптар "ачык-айкын жана иштиктүү маанайда" пикир алышты.

Муну түндүк кореялык маалымат каражаттары да ырасташып, Пхеняндагы сүйлөшүүлөр АКШ менен КЭДРдин ортосундагы пикир келишпестиктерди азайтканга жардамдашты деп көрсөтүштү.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон дипломат Босворттун сапарын эки тараптын "биринчи байланышы" маанисинде "дурус натыйжа" деп атады.

Дипломат түндүк кореялыктарды түздөн-түз сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтып келгенге көндүрө албаса да АКШнын Пхенянга байланыштуу "стратегиялык чыдамдуу" саясатын аларга жеткире алды. Калган маселелердин түйүнүн Вашингтон өнөктөштөрү менен чечкенге үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG