Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Жаңы Конституция жана жаңы Президент


Роза Отунбаева - Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти
Роза Отунбаева - Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти

Борбордук Шайлоо Комиссиясы референдумдун жыйынтыгын расмий бекитип, Роза Отунбаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кылып расмий каттады. БШКнын дагы бир чечими менен мурда таркатылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары расмий түрдө токтотулду. Бул чечимдердин укуктук негиз жүйөөлөрүн "Азаттыкка" БШКнын төрагасы Акылбек Сариев түшүндүрдү.

“Азаттык”: Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин "Ак жол" партиясы көпчүлүк кылган парламенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу БШК токтом чыгарган экен. Мунун укуктук жактарына токтоло кетсеңиз, себеби буга чейин Убактылуу өкмөттүн декрети менен Жогорку Кеңеш таркатылбады беле?

Акылбек Сариев: Ооба, буга чейин декрет менен Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары, жалпы айтканда ишмерлиги токтотулган. Конституциядагы нормалар боюнча БШК 30 күндүн ичинде Жогорку Кеңеш таркатылгандан кийин депутаттардын ыйгарым укуктарын токтотуш керек эле. Бирок ал бул күнгө чейин аткарылган эмес, анткени биздин өзүбүздүн оюбуз боюнча муну Конституция күчүнө киргенден кийин кылсак, мыйзамдуулук жагы тагыраак болот деп ошол күндү күттүк.

Бүгүн буюрса Конституциянын жана референдумдун жыйынтыктары расмий жарыяланды “Эркин Тоо” гезитине, ошондуктан бүгүнкү күндөн баштап Жогорку Кеңештин таркатылышын юридикалык жагынан дагы бир жолу тастыктоо үчүн бүгүн биз чечим кабыл алдык. Мындан кийин эч кандай чыр болбойт, анткени Конституция күчүнө кирди. Жаңы Жогорку Кеңешти түзгөнгө шарт түзүлдү, мурдагы парламент таркатылды деп эсептелет жаңы Конституция киргенден кийин.

“Азаттык”: Ошентип кечээ БШК референдумдун жыйынтыгын чыгаргандан кийин Конституция күчүнө кирип, эми Кыргызстан толук кандуу укуктук жолго түштү деп таанылат десек болобу?

Акылбек Сариев: Бүгүнкү күндөн баштап расмий жарыяланды, демек бул күндөн баштап БШКнын чыгарган чечими күчүндө жана референдумдун жыйынтыгы бекилди деп айтсак болот.

“Азаттык”: Демек, анда бүгүнкү күндөн баштап Конституция күчүнө кирип, өткөөл мезгилдин президенти дагы кызматына толук кандуу киришүүгө укуктуу турбайбы?

Акылбек Сариев: Кечээки эле чечим менен Кыргыз Республикасынын президенти кылып Отунбаева Роза Исаковнаны каттадык, ошондуктан ал киши расмий түрдө ишке киргенге шарт түзүлдү.

“Азаттык”: Адилет министрлиги өткөөл мезгилдин президенти дебей эле, Кыргызстандын президенти деп аташ керек деген сунушту айтып жатат. Буга чейин убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өткөөл мезгилдин президенти болуп бир жарым жылга шайланат деп Роза Отунбаеванын талапкерлигин көрсөттү эле, муну тактап айта кетсеңиз?

Акылбек Сариев: Бул жерден туура эмес түшүнгөндүк болуп атат, анткени өткөөл мезгилдеги деген сөз мындайча айтканда мөөнөтү чектелген деген мааниде айтылат. Өзүңүздөр декрет менен, башка мыйзам менен таанышсаңыздар, ал жерде президент жөнүндө сөз болуп турат. Мурдагы конституция боюнча беш жыл деп белгиленсе, ал беш жылга президент деп айтылбайт, ошон үчүн бир жарым жылдык болгондуктан гана өткөөл мезгилдеги деген гана термин кошулган. Ал эч кандай президент деген сөз менен кошо жүрбөш керек, ал мөөнөттү тастыктоочу гана термин болуп эсептелет.

“Азаттык”: Демек, анда биз Роза Отунбаеваны өткөөл деген кошумча сөзүн кошпой эле Кыргызстандын президенти деп айтсак болот турбайбы?

Акылбек Сариев: Ооба, өткөөл деген жанагы эле мөөнөтүн көрсөтүп тактоочу термин. Ал көрсөтүлбөсө беш жылдык болуп кабыл алынып калмак, анткени биздин Конституция боюнча президент беш жылга шайланат.

“Азаттык”: Референдумдун жыйынтыгын чыгаргандан кийин эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден кандайдыр бир пикирлер айтылып атабы сиздердин дарегиңиздерге?

Акылбек Сариев: Расмий чечим бүгүн гана чыкты, ошондуктан андай ой-пикирлер, балким, эртең чыгар. Бүгүн ЕККУнун өкүлү менен жолугуштум, ал кишиден эч кандай пикир уккан жокмун туура эмес деп. Демек кийинки жолугушууда башка өкүлдөр менен жолугушсак, ал жерден дагы оюн угуп көрөбүз.

Р. Отунбаева: Референдум боюнча соңку сөз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00
XS
SM
MD
LG