Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскер депутаттар кеңеши 1929-жылдын 5-ноябрында медициналык тез жардам машинасын жалган шылтоо менен чакыргандар үчүн жаза айыбын белгилеген. Шаардык Кеңештин чечимине ылайык амалкөй адамдар үчүн 25 рубль көлөмдөгү айып төлөө көрсөтүлгөн. Эгер жоопкер акчалай айып төлөй албаса ал 7 күндүк зордоп иштетүү жазасы менен алмаштырылган. Чыгарылган чечимде ары жугуштуу оорукчандарга, мас абалындагы жана психикасы жайында эмес адамдарга медициналык тез жардам машинасын чакырууга тыю салынган. Ошол убактагы байланыш абалына ылайык тез жардам машинасы телефон номерин терүү жолу эмес, жөнөкөй гана трубканы көтөрүү жолу аркылуу чакырылгандыктан «Тез жардам» кызматын колдонууну эңсегендердин санынын да арбын экендигинен кабар берет. Кыргыз АССР Башкы соту 1934-жылдын 5-ноябрында жылкы уурдоо менен алпурушкан жоон топ ууруларды сот жообуна тарткан. Жанкечтилер жалаң жылкыларды уурдап, бир канча жыл бою колхоз, совхоздордун малына тийип, жазасыз жашоого кынык алган уурулар кийин жеке чарбакерлердин жылкыларын айдап кетүүгө өтүшкөн. Башкы сот уурулардын анабашчысы Якуб Сопиевди атууга өкүм чыгарып, 8 ууру - 10 жылга, 2 адам - 5 жылга, дагы бирөө - 3 жылга эркинен ажыратылган. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкер депутаттар кеңешинин президиуму 1934-жылдын 5-ноябрында, Улуу октябрь социалисттик майрамы катары белгиленчү 7-8-ноябрь күндөрү шаардык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган чечим чыгарган. Шаардык Кеңештин чечиминде майрам күндөрү пиво ичимдигин сатууга гана уруксат берилип, бардык дүкөндөрдө нан сатууну таңкы саат 8ден баштап, кечки саат 10го чейин жүргүзүлүшү талап кылынган. Мындан тышкары, бардык мекемелерге мамлекеттик желектерди тагуу керектиги эскертилген. Боом капчыгайындагы темир жол курулушунун начальниги Демин 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине жол курулушунда жетишилген ийгиликтер туурасында рапорт жолдогон. Курулуш начальнигинин рапортунда аска ташты жардырууда жаңы ыкма ойлонуп табылгандыгы жана Естафьев менен Набоковдордун бригадалары жогорку өндүрүш ийгилигине жетишкендигин кабарланган. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалына караштуу Тил, адабият жана искусство институтунун археологиялык экспедициясынын жетекчиси А. Н. Бернштам 1944-жылдын 5-ноябрында Кыргызстандын түштүгүндө жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоо туурасында отчет берген. Алдын-ала жасалган илимий иликтөө жыйынтыгына ылайык, археологиялык казуулар Өзгөн аймагында жемиштүү жыйынтык бергендиги баса белгиленген.