Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

«Айтматов клубунун» сыйлыгы тапшырылды


Эл аралык “Айтматов клубунун” сыйлыктары 5 номинацияда театр жамааттарына жана айрым өнөр ишмерлерине ыйгарылды. Аталган салтанатта “Айтматов сыйлыгынын лауреаттары” аттуу китептин бетачары да болду.

Эл аралык “Айтматов клубунун” улуу жазуучунун 80 жылдык мааракеси белгиленип жаткан быйылкы жылдагы жаңы лауреаттарын сыйлоо салтанаты кыргыз илимдер академиясынын алдындагы Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунда өттү. Аталган салтанат борбордо жаңыдан уюшулуп жаткан “Айтматов бөлмөсүндө” өтүп, Айтматов клубунун президенти Абдылдажан Акматалиев борбордун Айтматов бөлмөсүнө негизинен жазуучунун чет тилдеринде жарыкка чыккан китептери чогултулуп жатканын маалымдады:

-Айтматов бөлмөсүнө азыр чет тилинде чыккан 200 китебин чогултуп койдук. Биз муну дагы улантабыз. Бул ишти мурда эле баштасак болмок экен.

Эл аралык Айтматов клубунун атайын төш белгиси жана диплому менен Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасын сахналаштырууга катышкан Улуттук драма театрынын артисттер жамааты жана “Саманчынын жолу” повести боюнча “Эсимде” спектаклин алып чыккан Арсен Умралиев атындагы театр жамааты сыйланды. Сыйлык ээси, “Эсимде” спектаклинде Толгонайдын ролун ойногон кыргыз Эл артисти Гүлаим Каниметова “Азаттыкка” төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Толкунданганыма сөз жетпейт. Чыңгыз аганын мен жети каарманын ойнодум. Бул кишинин атын алып жүрүш чоң сыймык.

“Чыңгызхандын ак булутунда” Алтун аттуу күңдүн ролун аткарган кыргыз республикасынын эл артисти Шайыргүл Касымалиеванын да кубанычы чоң:

- Мен жашыман эле Чыңгыз аганын чыгармаларына жакын болдум. Эң биринчи ойногон ролум “Бетме-беттеги”Сейденин ролу болду. Мен бул чыгармадагы кемпирди да ойнодум кийин.

Ошондой эле Айтматов клубунун сыйлыгы менен кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырууда жогорку чеберчиликтерин көрсөтүшкөндүктөрү үчүн белгилүү артисттер Сатыбалды Далбаев, Эгемберди Бекболиев, Марат Алышбаев, Чоро Думанаев, Жаныш Кулмамбетов, Темирлан Сманбековдор сыйланышты.

Айтматовдун чыгармаларын музыкалаштыруудагы эмгеги үчүн Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Кенжегазы Асанбаев сыйланды. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тасмага алынган фильмдерде балдардын ролдорун мыкты ойногондуктары үчүн “Айтматов клубунун” сыйлыгы – Сейиттин ролу үчүн Насирдин Дубашевге, Султанмураттын ролу үчүн Эмил Борончиевге жана Ак кемедеги баланын ролу үчүн Нургазы Сыдыгаливге ыйгарылды. Нургазы Сыдыгалиев "Ак кемедеги" баланын ролун алты жарым жашында ойногон:

- Мен “Ак кемеде” Баланы ойноп, кечинде чарчап калчу окшойм. Бир жолу бир чоң фестивалда уктап калган экем. Көрөлү дешкен го... Анда Чыкем: ал жумушун бүтүрүп койду, мейли уктасын дептир...Ушуну көп айтчу. Баары мени эркелете беришчү. А мен болсо Орозкул байкеден корко берчүмүн...

Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев, кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадралиевдер да Айтматов клубунун лауреаттары болуп калышты. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадралиев Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элинин багына бир келчү сейрек инсан болгондугун белгилешти.

- Айтматовдун кыргыздын маданиятына, рухуна өтөгөн ишин азыр баалагансып атабыз. Ушунун баарын Чыкемдин көзү тирүүсүндө айтсак, кандай сонун болор эле...Чыкемдин улуулугун, ыйыктыгын, пайгамбарлыгын эми айтып атабыз... Кыргыздар өзү көп нерсени кеч түшүнгөн эл экенбиз,-
деди Кеңеш Жусупов.

Салтанаттуу жыйында Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаттары аттуу китептин бетачары болду. Эл аралык “Айтматов клубу” 1991-жылы негизделип, Луи Арагон, Дайсаку Икеда, Мухтар Ауэзовдор клубдун алгачкы лауреаттары болушкан. Баары болуп Айтматов клубунун 64 лауреаты бар.

XS
SM
MD
LG